Каховка ГЭСинин плотинасынын талкаланышынын кесепети: Бүгүнкү күнгө чейин хронологиясы

Каховка ГЭСи жардырылгандан баштап эки жумадай убакыт өттү, бирок азыркыга чейин жайкын тургундар кырсык зоналарында калууда, жабыр тарткандарды дагы эле эвакуация кылып жатышат, кырсыктын себеби аныктала элек, ал эми анын кесепеттери дагы да такталып жатат. 

Factcheck.kg редакциясы бүгүнкү күнгө карата эмне белгилүү экенин аныктап чыкты. Материал жаңы фактылар түшөөрү менен жаңыланып турат.

Эмне болду?

6-июнда эртең менен эрте Telegram-каналдарда Каховка ГЭСи жардырылды деген маалыматтар таркатыла баштады. Суу алдында 80 калктуу пункт калды. Украин жана Орусия тарап экологиялык жана гуманитардык кырсык үчүн дароо бири бирин  айыптады.

Украин тарап бетон пайдубалы жардырылып, плотина толугу менен талкаланды деп билдирди. Херсон облусунун аскердик администрациясынын жетекчиси Александр Прокудин Днепрдин оң жээгиндеги (Украина көзөмөлдөгөн аймак, – ред. түшт.) суу капташы мүмкүн жерлерден калкты көчүрүү тууралуу жарыялады.

Ушул эле убакта Новая Каховканын (учурда орус тарап көзөмөлдөгөн аймак, – ред. түш.) мэри Владимир Леонтьев гидроэлектростанция жарым жартылай гана талкаланганын билдирген. Суунун деңгээли 2,5 метрге көтөрүлгөн, бирок дамба аман калган. Леонтьев шаарда “бардык жерде тынч болгондуктан” эвакуация жүргүзгөнгө зарылчылык жок деген. Кийин ал Каховка ГЭСи боюнча түнкү соккулар тээктин бузулушуна алып келген деп, Киевди “олуттуу террордук актыда” күнөөлөгөн:

“Түнкү саат 2 чамаларында Каховка ГЭСи боюнча бир катар катуу соккулар болуп, анын кесепетинен шандорлор, жалпак тилге салып айтканда – тээктер талкаланган. Анын жыйынтыгында Каховка суу сактагычынан суу көзөмөлсүз ага баштаган”.

Белгилей кетүүчу жагдай, ага чейин өкмөттүк орусиялык маалымат агенттиги ТАСС бийлик түзүмүндөгү булакка таянып: “Түн тынч өттү. Соккулар болгон жок. Плотина туруштук бере албай, бир тирөөчү кулап, суу каптай баштады”, – деп билдирген болчу.

Каховка ГЭСи – Днепр ГЭСтер каскадынын алтынчысы (төмөнкүсү жана акыркысы) болуп эсептелет, ал 2022-жылдын 30-сентябрынан баштап референдумдун жыйынтыгы боюнча Орусиянын курамына кирген Херсон облусундагы Новая Каховка шаарынан беш чакырым алыстыкта жайгашат.

Ким күнөөлүү?

Киев менен Москва Каховка ГЭСинин плотинасынын талкаланышына бири бирин күнөөлөштү. Ошол эле кезде азыркыга чейин плотинанын атайын талкалынышына далилдер жок. Негизги деп үч версия каралууда: Украинанын дамбаны аткылашы, орус аскерлери тарабынан дамбанын жардырылышы жана дамбанын өзүнөн өзү талкаланышы. Корутундулар, биринчи кезекте, Днепрдин ылдыйкы агымындагы суу ташкынынан ким көбүрөөк пайда көрөт деген суроого жоопко жараша чыгарылат. Бирок да кызыкчылыктын болушунун жалгыз өзү кимдир бирөөнү күнөөлөгөнгө толук негиз боло албайт.

Белгилей кетүүчү нерсе, эки тарап бир нече айдан бери эч бир далилдерди келтирбей эле ГЭСтин плотинасын талкалоого ниеттенип жатат деп бири бирин күнөөлөп келишкен – алар негизинен бүдөмүк айыптоолордон жана реалдуу да, ойдон чыгарылган да дооматтардан турган. Майдын аягында эле эки тарап тең плотинага чабуул сөзсүз болот деп билдиришкен.

Суу каптаган Новая Каховка

Украинанын президенти Владимир Зеленский плотинанын талкаланышына байланыштуу Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин (УККК) чукул жыйынынан кийин Орусияны “конструкция ичинен жардырган” деп күнөөлөп, аны террордук акт деп баалаган. Киевдин билдирүүсү боюнча, орус аскерлери Каховка ГЭСин украиндер чабуул жасап калса деп миналаган. Украина өкүлдөрүнүн айтымында, плотинанын долбоору аны сырттан талкалаганга мүмкүн болбогондой кылып иштелип чыккан, ошондуктан аны талкалаш үчүн ага ичинен гана таасир этиш керек болчу.

Кремль өз кезегинде плотинанын талкаланышын Киев тараптан “атайын жасалган диверсия” деп баалаган. Анын пикиринде, Киев Каховка ГЭСиндеги диверсияга барганынын себеби “украин аскерлеринин чабуулу жыйынтык бербегенине” жана Крымды суусуз калтырууну көздөгөнүнө байланыштуу болгон. Өкмөттүк ЖМКлардын билдирүүсү боюнча, плотина ок атуулардан талкаланган, анткени плотинанын үстүңкү жагы гана жабыр тарткан.

Кремлге ыктаган эксперттердин пикиринде, бул кырдаал Украинага бир нече себептерден пайдалуу:

Биринчиден, УАК Орусиянын куралдуу күчтөрүн плотинаны аягына чейин талкалайбыз деп шантаж кыла башташы мүмкүн – бул террористтердин көнүмүш практикасы. Экинчиден, Крымды суусуз калтыруу максатына дагы бир кадамга жакындашат. Үчүнчүдөн, Днепрдеги суунун көтөрүлүшү суу боюндагы Орусия аскер күчтөрүнүн коргонуу линияларына коркунуч жаратат. Төртүнчүдөн, анын жыйынтыгында административдик тирешүү жаралат – адистер, аскерлер жана аткаминерлер атайын аскердик операциянын алкагындагы күнүмдүк иштерин кылбай, өзгөчө кырдаалдын кесепттерин жоюу менен алек болушат. Бешинчиден, Киев Белгород облусундагы Шебекинодон баштап Херсон облусундагы Днепрдин төмөнкү агымына чейинки аймакта Москва үчүн ички терс фонду жараткысы келет.

Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү 6-июнга караган түнү плотинанын талкаланганы боюнча пикирлерин билдирип жатып, аны Орусия жардырган деп түз айтышпаса да бул кырсыкка Москва жоопкерчиликтүү дешкен – анткени так ушул Орусия өткөн жылы 24-февралда Украинага кол салып, Херсон облусунун айрым бөлүгүн (анын ичинде Каховка ГЭСин) басып алып, ал аймакты согуш талаасына айландырган.

The New York Times’тын иликтөөсү

Өткөн жумада The New York Times жарыялаган иликтөөдө журналисттер адисттерге таянып, Каховка ГЭСиндеги кырсыктын чындыкка эң жакын себеби – машина залындагы өткөөлдү жардыруу болушу мүмкүн дешет.

Плотинанын долбоору даярдалып жатканда, сырттан мүмкүн болгон бардык соккуларга туруштук бере алгандай кылып эсептелген. Украиналык жана америкалык инженерлер басылмага пикирлерин айтып жатып, плотинанын талуу жери дамбанын ичинде болгон дешет. Алар дамба советтик заманда курулганын эскертишет, ошондуктан ГЭСтин чертеждорунун бардыгы Москвагын колунда болгон жана алар анын талуу жерин билишкен.

The New York Times келтирген оригиналдуу инженердик пландардан тартып дамбанын талкаланышын изилдеген инженерлер менен интервьюга чейинки көптөгөн далилдердин бардыгы дамба атайын талкаланганын көрсөтөт. Бетон пайдубалы өзүнөн өзү талкаланбайт эле.

ГЭСтин талкаланышынын кесепеттери

Каховка ГЭСи талкаланганына бир нече күн болгондо эле кесепети өтө чоң боло турган кырсык болгону билинди. Дамбанын талкаланышы ылдыйда бир топ аймакты суу капташына, ал эми жогоруда суу сактагычынын тайыздашына алып келди. Алардын кесепеттери жакынкы жылдары байкалып турат.

Гуманитардык кырсык

Орусиялык жана украиналык тараптардын билдирүүсү боюнча, Херсон облусунда беш миңге жакын турак жай суу алдында калган. 7-июнда эртең менен Днепрдин оң жээгинде 1872 үй суу астында калган, 1457 адам эвакуацияланган деп билдирген облустук администрациянын башчысы Александр Прокудин. Орусия анексиялаган Херсон облусунун аймагында 2.7 миң үй суу астында калып, 1.3 миң адам эвакуацияланганын ТАССка өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирген.

Каховка ГЭСинин плотинасы талкаланганына байланыштуу суу астында калган калктуу конуш

19-июнга карата маалыматтар боюнча, Украина көзөмөлдөгөн аймактарда 17 адам каза болгон. Алардын 13ү чөгүп кеткен, дагы 4өөнө эвакуация учурунда ок жанган. 31 адамдын тагдыры белгисиз бойдон калууда.

Херсон облусунун Орусия анексиялаган аймактарынын губернаторунун милдетин аткаруучу Владимир Сальдо билдиргендей, Каховка ГЭСинин талкаланышына байланыштуу курмандыктардын саны 18ге жеткен, 90дон ашык адам ооруканаларга жаткырылган.

Украина көзөмөлдөгөн кырсык болгон аймактарда Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) гуманитардык жардамдарды көрсөтүп келет, биринчи кезекте, таза суу менен, ал эми Орусиянын өкмөтү ага караштуу жабыр тарткан райондорго БУУнун кирүүсүнө уруксат бербей койгон.

Суу астында калган калктуу пункттардан жана айыл чарба талааларынан сырткары кырсыктан көптөгөн маданий-тарыхый эстеликтер жана туристтик объектилер жабыр тарткан.

Экономий жоготуулар

БУУнун Генералдык катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун барасы Мартин Гриффитс экономий жоготуулар жана кесепеттери тууралуу билдирүү кылган. Анын айтымында, плотинанын жардырылышы сөзсүз “буудайдын экспортунун азайышына, дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк баасынын өсүшүнө жана миллиондогон муктаж адамдар үчүн тамак-аштын азайышына” алып келет.

Каховка ГЭСинин плотинасынын талкаланышы суу сактагычтагы суу деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет. А бул, өз кезегинде, Днепропетровск, Херсон жана Запорожье облустарындагы 30дан ашык талааларды сугаруу тутумдарынын токтоосуна алып келет деп билдирет Украинанын Агрардык саясат жана азык-түлүк министрлиги. Ал белгилегендей, “Украинанын түштүгүндөгү талаалар эмки жылы чөлгө айланып калышы мүмкүн”.

Каховка ГЭСинин дамбасы жардырылганына байланыштуу Украинанын түштүгүндөгү талаалар эмки жылы чөлгө айланып калышы мүмкүн

Адистердин пикиринде, айрым облустардагы айыл чарба жерлерин жарым-жартылай калыбына келтирүү үчүн 4.5 млрд евро керек болот. Бул тууралуу Украина агрардык конфедерациясынын директору Павел Коваль билдирди.

“Бир гана Херсон облусунда 550-600 миң гектар сугат жерин жоготтук. Ага дагы Днепропетровск жана Запорожье облустарын кошсок, бул сан 1.5 млн гектарга чейин жетет. Башкача айтканда, дамбаны, помпа станцияларын, суу алган жерлерди жана тамчылатып сугаруу тармагын калыбына келтирүү үчүн жүздөгөн миллион евро – 4.5 млрд евродой каражат керек болот”.

Херсон облусунун Орусия анексиялаган аймактарынын губернаторунун милдетин аткаруучу Владимир Сальдо өз божомолдорунда азыраак сандарды келтирет. Анын эсептөөсүндө, талкаланган ГЭСти калыбына келтирип, анын кесепеттерин жоюш үчүн 200 млрд рублдун (2.2 млрд евро) айланасындагы каражат керек болуп, ага бир жарым-эки жыл кетет.

Ал эми Харьков облусунун Орусия көзөмөлдөгөн аймактарынын администрация башчысынын орун басары Андрей Алексеенко болсо, суунун каптоосуна байланыштуу Херсон облусундагы чыгымдарды болгону 40 млрд рублга (436 млн евро) баалаган.

Экологиялык кесепеттери

Каховка ГЭСинин жардырылышы гуманитардык жана экономий жоготуларга гана алып келбестен, чоң экологиялык коркунучтарды да жараткан. Белгилей кетсек, Киев да, Москва да кырсыкты экоцид деп атап келишет.

Greenpeace’тин баасы боюнча, Каховка ГЭСинин жардырылышынан кийин мунай, химикат жана бензин сактаган 32 объект суу астында калган. Ал эми Украинанын Коопсуздук кеңеши берген маалыматка ылайык, 6-июнда эле Днепрге 150 тонна күйүүчү жана майлоочу материалдар (КММ) агып түшкөн, дагы 300 тоннасы сууга түшүшү мүмкүн.

Украинанын саламаттык сактоо министрлиги эскерткендей, Каховка ГЭСинин плотинасы талкаланганына байланыштуу коркунучтуу химиялык заттар, көрүстөндөрдөн, туалеттерден жана таштандылардан жугуштуу оорулардын козгогучтары ачык суу объектилерине жана кудуктарга түшүшү мүмкүн.

“Плотинанын талкаланышынан улам, күйүүчү май сакталган жайларды, химиялык заттар жана жер семирткичтер сакталган кампаларды, мал көмүлгөн жайларды, алардын жок дегенде экөөсү күйдүргү (сибир жарасы) менен, экөө тең убактылуу басып алынган аймакта, суу каптаган. Алар менен азыр эмне болгонун, биз билбейбиз”, – деди эл аралык экологиялык уюмдардын активисттери жана эксперттер менен видеожыйын учурунда Украинанын президенти Зеленский.

Каховка ГЭСинин талкаланышынан улам суу каптаган Украинанын түштүк аймактарында инфекциялык оорулардын кескин өсүшү күтүлүүдө жана оор металлдар менен уулануу коркунучу бар

Украина кызыл китепке киргизилген, так ушул түштүк аймактарда гана кезиккен өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрүнөн кол жууп калышы мүмкүн. Бул тууралуу Украина президентинин офисинин жетекчиси Ендрей Ермак билдирди. Анын айтымында, аларды кийин такыр калыбына келтирүү мүмкүн болбой калышы толук ыктымал.

Херсонщинанын экосистемасы үчүн коркунучту экологдор да тастыктайт. Мисалы, Украинанын Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары Александр Краснолуцкий белгилегендей, жүз миңдеген канаттуулар жана он миңдеген жаныбарлар жок болуу коркунучунда турат.

Төмөнкүднепр улуттук паркы суу астында калып, Херсон, Николаев, Запорожье жана Днепропетровск облустарында балыктардын массалык өлүмү байкалууда.

Каховка ГЭСинин талкаланышынан кийин өлгөн балык, 2023-ж. 7-июнь

Учурда Орусия Федерациясы убактылуу басып алган Новая Каховка шаары суунун каптоосунан баарынан көп жабыр тарткан, андагы жергиликтүү “Казкова Дiброва” (“Жомоктогу бак”, – ред. түш.) зоопаркы суу астында калган. Ага байланыштуу 220га жакын жаныбар өлгөн. Күздөн бери зоопарктагы бир кызматкер айымдын багуусунда болгон 60 майда жандык жана сууда сүзө алган канаттуулар – ак куулар менен өрдөктөр – гана аман калышкан.

Кара деңиздин суусунун туздуулугун азайышы көк балырлардын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн, а бул балырлар табигый деңиз флорасына залакасын тийгизери менен белгилүү. Учурда Кара деңиз суусунун туздуулугу кескин азайганы катталды. Мисалы, Одессанын жанындагы деңиз суусунун туздуулугу дээрлик үч эсе азайган. Ошондой эле тузсуз сууда жашаган балыктын Кара деңиздин туздуу суусунда өлүшү да чоң маселеге айланат. Өз кезегинде кара деңиздин фаунасы менен флорасы да чоң көлөмдөгү тузсуз суудан өлүп калышы ыктымал. Дагы Кара деңиз катуу кирдеши мүмкүн, анткени ага суу менен кошо миңдеген тонна топурак агып келет. Адистер суудагы темирдин үлүшү тогуз эсе өскөнүн катташкан. Одессанын жээгине толкундар таштандыларды, өсүмдүктөрдү, жаныбарлардын өлүктөрүн алып чыгууда.

Чирип аткан көк балырлар

Плотина бузулуп, Каховка суу сактагычы тайыздаганынан улам анын жээгинде жайгашкан Запорожье АЭСинин муздаткыч көлмөлөрүн суу менен толтуруп туруу мүмкүн болбой калды. Бирок, адистердин айтымында, орусиялык күчтөр басып алынган жана токтотулган АЭСке азырынча түздөн түз коркунуч жок.

ГЭСке кошуна райондорду каптаган сууларда көптөгөн миналар калкып жүрөт деп эскертишет эл аралык эксперттер. Плотинанын айланасын орусиялык аскерлер катуу миналашканын эл аралык эксперттер жакшы билишет. Эми бул миналар сууда калкып жүрүшөт, демек аларды табуу жана зыянсыздырдандыруу иштери кыйла татаалданат деп билдиришти Кызыл Крест жана Care International уюмдары. Орус аскерлери Херсон облусунда миналаган жерлер суу астында калганын Владимир Сальдо дагы тастыктады.

Украин ЖМКлары 13-июнда суу астында калган аймактарда холера жана ичеги таякчалары катталганын билдиришти. ЖМКлар Украинанын Мамлекеттик экологиялык инспекциясынын Жер ресурстарын мамлекеттик экологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Олег Павленконун билдирүүсүнө шилтеме жасашкан. Бирок ошол эле күнү таркатылган башка маалыматта ЖМКлар аткаминердин маалыматын туура эмес түшүнүшкөнү айтылат. Инспекция Украинанын түштүгүндөгү сууларда холера жана ичеги таякчалары катталгандыгы тууралуу маалымат Мамэкоинспекцияда, анын аймактык, аймак аралык бөлүмдөрүндө жок экенин билдирип, инспекция мындай изилдөөлөрдү жүргүзбөй турганын кошумчалаган. 13-июнда Украинанын Башкы врачы Игорь Кузин Николаев, Херсон жана Одесса облустарындагы мониторинг учурунда холера патогендери табылбаганын билдирген.

Жыйынтыктар

Ошентип учурда эле Каховка ГЭСинин плотинасынын талкаланышы чоң кесепеттерге алып келээри түшүнүктүү болду. Аскердик согуш аракеттер болуп жатканда жеткиликтүү изилдөөлөрдү жүргүзүү, плотинанын бузулушуна ким күнөөлү экенин аныктоо жана анын кесепеттеринин так эсептеп чыгуу мүмкүн эмес. Бир катар адистер белгилегендей, ал эмес кыска мөөнөттү келечектен алганда ГЭСтин плотинасынын бузулушунан кесепеттер 2022-жылдын февраль айынан бери уланып келе жаткан согуштук аракеттердин кесепетинен да кыйла катаалыраак болот.

Дамбаны калыбына келтирүүгө канча каражат кетиши мүмкүн деген сөздөр болуп жаткан учурда эле адистер, биринчи кезекте экологдор, узак мөөнөттү келечектен алганда климаттык жана дагы башка себептерден Днепрдин табигый агымын калыбына келтирип, Украинанын түштүгүндөгү экономиканы жерди иштетүүдөн мал чарбачылыгына которуу туура болушу мүмкүн дешүүдө.