Медициналык мекемелер бахила сатканга укугу барбы?

Медициналык мекемелер кайсы мыйзамдарга жана кимдин буйругуна баш ийет жана бахила сата берсе болобу? Бур суроолорго фактчекерлер жооп издеп көрүштү.

Медициналык мекемелер бахила сатканга укугу барбы? 

Медициналык мекемелер кайсы мыйзамдарга, кимдин буйругуна баш ийет жана бахила сата берсе болобу? Бур суроолорго фактчекерлер жооп издешти. 

Кыргызстанда соцтүйүндөрдүн биринде бахила саткан аппараттын сүрөтү илинген. Интернет-колдонуучуларынын комментарийлерине караганда, бейтапкана же ооруканаларга барганда аларды медицина кызматкерлери бахила сатып алууга мажбурлашат. Бир бахиланын баасы жок эле дегенде 5 сом турат.  Төмөндөгү фотосүрөт КР Президентинин иштери боюнча башкармалыктын бейтапканасында тартылып алынган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнөн factcheck.kg сайтынын журналисттерине билдиришкендей, министрликтин ички буйругу бахилаларды сатууга тыюу салат. Бирок жогоруда айтылган бейтапкана министрликтин карамагына кирбейт. А негизи медициналык мекемелер бахилаларды акысыз таратышы керек жана бейтаптарды бахила кийүүгө мажбурлоо туура эмес.

Бейтапкананын кызматкерлери алар чындыгында эле саламаттыкты сактоо министрлигинин буйруктарына баш ийбей тургандыктарын билдиришти. Ошондой эле мекеме бахила сатпай тургандыгын, ал эми бахила сатуучу аппарат жеке ишкерге ижарага берилген аймакта жайгашканын айтышты. Аппаратта көрсөтүлгөн номур боюнча маалымат издеп, ал  “Элим барсыңбы” Коомдук Фонду менен байланышы бар Ринат аттуу адамга тийешелүү экени аныкталды.

Бахила саткан мындай аппараттар бир гана атайын бейтапканада эмес, саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагындагы башка медициналык жайларда дагы бар экендигин көпчүлүк жакшы билет. Демек, алар дагы министрликтин буйругуна баш ийбейт. Мисалы, Токмок аймактык оорукананын аймагында дагы ошондой эле бахила сатуучу аппарат турат.

Өз кезегинде Токмок ооруканасындагы аппаратта көрсөтүлгөн номур “Айбек Поле” деген ат менен табылды (Eyecon иенен издегенде).

Ал эми мамлекеттик сатып алуулар боюнча сайттан биз бахилаларды сатып алган медициналык мекемелердин тизмесине күбө болдук. Алардын арасында Ала-Бука борбордук райондук ооруканасы, Шаардык №5 тиш дарылоо бейтапканасы, Манас районунун жалпы дарыгерлер практикасы Борбору дагы бар.

Ала-Бука ооруканасында өткөрүлгөн тендер суроолорду жаратпай койгон жок. Анткени 4 талапкердин ичинен, эң кымбат бааны сунуштаганы тандалып алынган.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча сайтта илинген маалымат боюнча бир жуп бахиланын баасы 50 тыйын турат. Ал эми автоматтарда анын баасы 5 сом.  Ошондо айырма 4 сом 50 тыйынды түзүүдө.

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Мыйзамы

4 статья. Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери:

 – социалдык адилеттүүлүк, теңчилик, медициналык-санитардык жана санитардык-профилактикалык жардамдын жеткиликтүүлүгү;социальная справедливость, равенство, доступность медико-санитарной и санитарно-профилактической помощи(2);

 – мамлекеттик кепилдиктердин программасынын алкагында саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин жаатынан жарандардын акысыз пайдаланышы (5);. 

– жарандардын саламаттыгын сактоодо жана чыңдоодо мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылбагандык үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын жоопкерчилиги (10).

Тыянак:

  • мамлекеттик жана менчик медициналык мекемелерине кирүү үчүн бахилаларды сатып алууга мажбурлоо “Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Мыйзамынын 4-статьясына каршы келет.