(Русский) По следам Матраимовых. Часть 1

(Русский) В редакцию factcheck.kg поступила информация, что торговый центр “Эльдорадо” принадлежит семье Матраимовых. Мы проверили сообщение по открытым данным.

Factcheck.kg редакциясына “Эльдорадо” соода борбору Матраимовдорго таандык деген маалымат келип түштү. Биз аны ачык булактардан тактап көрдүк.

Окуянын башаты

Буга чейин «”Супер инфо” гезитинин жаңы ээлери ким?» аттуу макалабыз чыгып, анда атактуу гезиттин журналисттери Бишкек шаарындагы Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Эльдорадо” соода борборуна көчкөндүгү тууралуу маалымдаганбыз.

Макала астында окурмандар аталган имарат Матраимовдорго таандык деген комментарийлерди калтырышкан. Мындан тышкары гезит, сайт жана басманын жаңы  юридикалык ээлери Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдордун жердеши экенин белгилегенбиз.

МКК астындагы кадастр кызматынын маалыматы

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу кадастр кызматынын маалыматына ылайык, аталган соода борбору жайгашкан жер тилкеси үч кыймылсыз мүлк бирдиктерине бөлүнгөн. Анын тегерегиндеги жер Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине таандык, бирок “АвтоСТОлица” ЖЧКга ижарага берилген.

 

Жер тилкеси жана имарат “АвтоСТОлица” ЖЧКсына таандык.

Соода борбору жайгашкан жер тилкесинин жалпы аянты 25 сотка (2533 чарчы метр). Ал эми 5 кабаттуу имараттын жалпы аянты 4000 чарчы метр.

 

Юстиция министрлигинин маалыматы

Юстиция министрлигинин ачык маалымат базасында “АвтоСТОлица” ЖЧКсынын негиздөөчүсү деп  Маматов Канатбек Мурзаевич жана Жумаева Минавар Шабыевна көрсөтүлгөн.

Оsoo.kg ресурсу бул маалыматты тастыктайт. Мындан тышкары, 2017-жылдын 15-декабрында компаниянын жана соода борборунун ээлери алмашкан. Ага чейин жер тилке жана имарат германиялык AKA Immobilien GmbH (АКА Иммобилиен ГмбХ) компаниясына таандык болгон.

Маматов Канатбек Мурзаевич

Канатбек Маматов учурда Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясынын (КРФФ) президенти. Ал 2019-жылдын башында федерацияны жетектеп баштаган. Ага чейин Маматов КРФФнын вице-президенти болгон жана көптөгөн жылдар бою футзалды (мини-футболду) өнүктүрүүнүн үстүндө иштеп келген.

КРФФнын жетекчиси катары Маматов алгач жаңы спонсор менен келишим түзгөн. Мындан ары оюнчулардын футболкаларында «Ихлас» деген жазуу болот.

Салтанаттуу аземде курулуш компаниянын атынан анын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов өкүлчүлүк кылган. Бул кызыктуу жагдай. Себебин материалдын соңунда биле аласыз.

Чынында Канатбек Маматов соода бизнесинде чочун адам эмес. Буга чейин ал Кыргызстанга россиялык “SELA” соода тармагын алып келип, бир нече жылдар бою башкарган. 2016-жылы «Эльдорадо» алгачкы соода түйүнүнүн лентасын да дал Канатбек Маматов кескени маалым. Бирок ал кезде жогоруда айтылгандай,  Мюнхендик немец компаниясы менен кызматташуу болгон.

Ал эми учурда компаниянын ээси катары сырдуу Жумаева Минавар Шабыевнанын ысымы айтылат.

Жумаева Минавар Шабыевна

Бул айымды интернеттен издей турган болсок, аты-жөнү тууралуу да, сүрөт, видео да чыкпайт. Маалымат өтө аз. Ошого карабай биз анын ким экендигин жана анын артында кимдер турганын аныктадык.

Минавар Жумаева «Эльдорадо» соода түйүнүнөн тышкары дагы кандай компанияларга ээлик кылат? Анын наамына катталган экинчи фирма – бул  “Ош-Плаза” ЖЧКсы.

Негизи курулуш бизнесинде ар бир курулуш объектисине өзүнчө фирма түзүлөт. Бул демейдегидей көрүнүш. “Ош-Плаза” деп издөө салганыбызда “Ихлас” компаниясынын сайтына туш келебиз.

Аталган комплекс бир гектардан ашуун жерде курулуп жатат. Батирлердин жалпы аянты  284 665 чарчы метрди түзөт. Жер тилкеси Ош шаарынын «Төлөйкон» кичирайонунда, шаардыктар арасында барктуу делген, Осмонов жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде берилген. Учурда бул жерде тосулган жана тазаланган аймакты көрсө болот.

Кадастр кызматынын маалыматына ылайык, жер тилкесинин ээси Матраимова Чынара Ысмайыловна. Ал Жогорку Кенештин депутаты Искендер Матраимовдун жана Бажы кызматынын мурдагы орун басары Раим Матраимовдун бир тууганы.

Ал “Кыргыз каганат” ЖЧКсы менен үлүштүк келишим түзгөн. “Кыргыз Каганаттын” жетекчиси – Ош облусунун мурдагы губернатору Мамасадык Бакиров, ал эми негиздөөчүсү  “Каганат Инвест” аттуу ЖЧК.

“Каганат Инвест” тууралуу эмне маалым? Анын жетекчиси жана ээси (дагы бир негиздөөчү менен бирге) жогоруда айтылган “Ихлас” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов.

Иликтөөнүн экинчи бөлүмүндө Миновар ЖумаеваМатраимовдор менен кандай байланышы бар экени жөнүндө жана Матраимовдун буга чейин ЖМКда айтылбаган мүлкү тууралуу кеп кылабыз.