“Жашоом жомоктогудай”: «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси жана 25 миң долларлык унаа

Фото: Azattyk

Фото: Azattyk

“Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыповдун кызы кымбат баалуу унаага ээ болгону үчүн социалдык тармактарда ата-энесине ыраазычылык билдирди. 

Factcheck.kg аталган мамлекеттик кызматкер жана анын үй-бүлөсү тууралуу маалыматты текшерди. 

Мирлан Жакыповдун кызы 22 жаштагы Алия Twitter социалдык тармагында активдүү. Февраль айынын башында ал төмөндөгүдөй билдирүү калтырган: 

Кыялдануу пайдалуу. Кызыл салонуна чейин кыялданчу элем, баары мен ойлогондой болду. Ата-энем бар үчүн жашоом жомоктогудай”. 

Алия Lexus IS 250 үлгүсундөгү унаанын сүрөтүн жүктөгөн. Бул унаанын баасы өлкөдө 24-25 миң доллар турат. Бир нече убактан соң, чиновниктин кызы жазган постун өчүрүп, аккаунтун жабык кылып койгон. 

Twitter соцтармагынан алынды

Алия 2020-жылдын сентябрь айында үй-бүлөсүнүн сүрөтүн да жүктөгөн:

Twitter соцтармагынан алынды

“Кыргызкөмүр” ишканасынын директору тууралуу эмне белгилүү?

Мирлан Жакыпов “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору болуп, 2021-жылдын сентябрь айында дайындалган. Ал 2015 жылы дагы бул кызматты аркалап келген. Бирок 2016-жылдын 17-январында премьер-министрдин буйругу менен ага карата кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу ээлеген кызматынан убактылуу бошотулган. 2016-жылы Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Меербек Мискенбаев коррупцияга шектелип кармалгандар дагы эле иштеп жүргөнүн айтып чыккан.

Мискенбаев “Кыргызкөмүрдүн” жетекчилигине 35 миллион сомдук зыян үчүн кылмыш иши козголгонуна карабай, башкы директор эркиндикте жүргөнүн, атүгүл ал ишин улантып, финансылык документтерге кол коюп атканын кошумчалаган.

Андан соң, Мирлан Жакыповдун адвокаттары парламентарий республиканын жогорку өкүлчүлүктүү органынын ыйгарым укуктарын адаштырып, жаманатты кылганы үчүн депутатка каршы доо арыз менен кайрылган. Ал эми Жакыпов былтыр сентябрда кайрадан жетекчи болуп дайындалганда “Кыргызкөмүр” ишканасынын басма сөз катчысы “Мирлан Жакыповдун коррупция боюнча күнөөсү сотто далилденбегендиктен, кылмыш иши жабылган”, –  деп түшүндүргөн.

Мирлан Жакыпов 2020-жылы парламенттик шайлоого “Кыргызстан” партиясынын курамында аттанып, тизмекте №46 болгон.

Бүгүнкү күндө “Кыргызкөмүрдүн” жетекчиси 2006-жылы Бишкекте негизделген “Азамат Компани” көмүр казуучу компаниянын негиздөөчүсү. Ал эми Нурлан Мотуев менен Нурдин Мотуев – Жакыповдун бизнес өнөктөштөрү. Нурлан Мотуев “Кыргызстандын көмүр королу” каймана аты менен белгилүү. Анын иниси Нурдин Мотуев Свердлов районунан кайра шайлоого ат салышкан.

2020-жылга чейин Мирлан Жакыпов көмүр казуучу дагы “Берекет Кен” жана “Берекепром” компанияларына ээлик кылган

Osoo.kg маалыматына ылайык, “Берекет -Кен” 2020-жылы 3.1 млн сом, ал эми “Берекепром” – 12.9 млн сом салык төлөгөн.  

Белгилей кетсек, мамлекеттик ишкананын жетекчилерине карата кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуу боюнча тыюу салуулар, чектөөлөр жана башка жоболор колдонулат. Мындан тышкары, мамлекеттик ишкананын башкаруучу курамына кирген адамдар кызмат ордунда турганда жеке же ыйгарым укуктуу адамдар аркылуу бир эле убакта ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына жана түрүнө карабастан, коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.