Мээ көзгө караганда дипфейктерди жакшырак аныктай алабы? Текшеребиз

Жасалма интеллектин жардамы менен чындыкка окшош кылып жасалган дипфейктерди мээ жакшыраак аныктай алат. ЖМКлардын жазгандары боюнча, Сидней университетинин нейробиологдору ушундай жыйынтыкка келишкен.

Factchek.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Бул маалыматты жарыялаган ЖМКлар Vision Research журналындагы макалага шилтеме кылышууда. Бул басылмада көздүн көрүүсү, көрүү функциясына тиешелүү клиникалык изилдөөлөр, көрүү дисфункциясына байланыштуу фундаменталдык изилдөөлөр жарыяланып турат.

Журналдын сайтында мээнин дипфейктерди аныктоосу боюнча макаланы таптык.

Изилдөө тууралуу

Изилдөөгө эки топ катышкан. Бир топтун катышуучуларына жасалма интеллектин жардамы менен жасалган жана чыныгы 50 сүрөт көрсөтүшкөн. Алар ушул сүрөттөрдүн кайсынысы чыныгы сүрөттөр, кайсынысы жалган сүрөттөр экенин аныкташы керек болчу.

Башка топтогу катышуучуларга дагы ушул эле сүрөттөрдү көрсөтүшкөн, бирок ошол эле кезде алардын мээлеринин активдүүлүгүн электроэнцефалографтын (ЭЭГ) жардамы менен жаздырып алышкан.

Окумуштуулар эки топтун жыйынтыктарын салыштырып, адамдын мээси көзгө караганда дипфейктарди жакшыраак аныктай тургандыгын аныкташкан.

Мээ 54% учурда дипфейктерди туура аныктаган, ал эми көздүн көргөнүнө таянганда бул сан 37%ты түзгөн.

“Бул иликтөөдө мээнин туура жыйынтык чыгарышы төмөн болгону менен – болгону 54% – статистика жактан алганда ал ишенимдүү”, – дейт Сидней университетине караштуу Психология мектебинин улук илимий кызматкери, доцент Томас Карлсон.

Тыянак: чындык. Сидней университетинин нейробиологдору мээ көзгө караганда дипфейктерди 17%га жакшыраак аныктай алалат дешет. Бирок да бул изилдөө Австралияда гана, 200 адамдан турган чакан топто гана жүргүзүлгөнүн эске алышыбыз керек. Башка өлкөлөрдө ушуга окшош изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес.