Ислам кызматташуу уюму жардамга муктаждарга акча берип жатабы? Текшеребиз

Интернет мессенжерлер аркылуу Ислам кызматташуу уюму жардамга муктаж мусулмандарга $1,7 млрд каражатты таратып жаткандыгы тууралуу маалыматтар таркатылып жатат. Акчаны алыш үчүн шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп коюу жетиштүү экен.

Factcheck.kg бул акция тууралуу маалыматты тактап көрүүнү чечти.

Ушундай уюм барбы?

Ислам кызматташуу уюму, мынданы ары ИКУ (The Organisation of Islamic Cooperation, мурда Ислам Конференция уюму деп аталчу) – мусулман мамлекеттерин бириктирген эң байыркы эл аралык уюмдардын бири болуп саналат, ал 1969-жылы түзүлгөн болчу.

ИКУ акча береби?

ИКУ, эл аралык уюм катары, акча таратпастан, тескерисинче, акча алат.

Анткени буга окшош уюмдардын бюджети аларга мүчө болгондордун мүчөлүк төлөмдөрүнөн куралат. Кыргызстан дагы ага мүчө болгон 1992-жылдан тартып мүчөлүк акы төлөп келет.

Мисалы, өкмөттүн токтому менен Кыргызстан ИКУга 2018-жылы 34 млн сом, ал эми 2019-жылы 16 млн сом төлөшү керек болчу.

ИКУнун иш алып баруу багыттары Уставында көрсөтүлгөн жана ал 18 приоритеттүү багытта 107 максатка жетүүнү көздөйт. Андай багыттарга Палестина менен Иерусалимдеги тынчтык жана коопсуздук маселелери, жакырлыкты жоюу, терроризм менен күрөшүү, инвестициялар менен каржылоо, тамак аш коопсуздугу, илим жана техника, климаттын өзгөрүшү жана туруктуулук, маданият жана конфессиалар аралык гармония, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, биргелешкен исламдык гуманитардык аракеттер, адам укуктары жана башкаруунун натыйжалуулугу кирет. Кайрымдуулук бул тизмекте жок.

ИКУнун сайтында акча ойнотуу барбы, же жокпу?

ИКУнун сайтында акчанын ойнотулушу тууралуу эч кандай маалымат жок. Мессенжерлердеги шилтеме башка доменге алып барат. Whois.com кызматынын маалыматы боюнча, сайт Cloudfare булут кызматы менен корголгон, ошону үчүн сайттын ээси тууралуу эч нерсе айтууга мүмкүн эмес. Домендин катталган датасы гана белгилүү – 2022-жылдын 7-июлу.

Шилтеме аркылуу өтө турган болсок, телефон номуруңарды жазгыла деген билдирүү чыгат. Номурду көрсөткөндө, ага билдирүү келет, анда маалыматты мессенжердеги 5 башка топко жиберүү керектиги айтылат.

Иш жүзүндө колдонуучу маалыматты 32 топко жиберүүсү керек болот, ошондон кийин белек катары сунушталган Android же Iphone смартфондорунун бирин тандоо зарыл.

Белекти тандап басканда колдонуучу ушуга окшош белек ойнотулган башка сайтка түшөт.

Тыянак: алдамчылык. Интернет-шылуундардын кезектеги акциясы. Ислам кызматташуу уюмунун атынан WhatsApp аркылуу таркатылган маалыматтардын аталган уюмга эч кандай тиешеси жок.

Таркатма интернет-алдамчылык/фишингдин бир түрү. Башкача айтканда колдонуучу смартфондо же компьютерде ага сунушталган кайсы бир аракеттерди кылуу менен шылуундарга жеке маалыматтарына, анын ичинде кредит карталарынын маалыматтарына жетүүгө жол ачып берет. Ал эми акцияга катышуу тууралуу каттарды башкаларга жиберүү менен алардын коопсуздугуна да коркунуч жаратат.