Үгүт жүргүзүү эрежелерин бузган төрага

Биздин редакция ЖК спикери Дастан Жумабековдун социалдык тармактагы расмий баракчасын карап чыкты. Жумабеков күнүнө өз иши тууралуу 1-2 пост жарыялап турат.  Депутат катары мындай маалыматты жарыялоо мыйзамга дал келет, бирок, кезектеги шайлоого аттанган кандидат катары өз ишин жарыялоо агитация болуп саналат. 

19-августта өткөн съездде Жумабеков «Кыргызстан” партиясынын талапкери катары бекитилген. 

20-авгуcттан 4-сентябрга чейинки аралыкта соцтармакта жарыяланган маалыматтырга көз чаптырдык.

Мисалы, төмөндөгү пост 20-август күнү «Кыргызстан» партиясынын съездинен кийин жарыяланган. Мында Кара-Буура районундагы Аманбаев айылына Дастанбек Жумабековдун жана Мирлан Жээнчороевдин жардамы менен инвесторлор тартылып, мечит салынгандыгы тууралуу айтылат.

Factcheck.kg редакциясы жарыяланган маалыматтын мыйзамдуулугун тастыктоо ирээтинде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова менен байланышты. Абдрахматованын айтымында эл өкүлдөрү жасаган иштери тууралуу маалыматтарды жарыялоого укугу бар, бирок съезд өткөн соң, талапкерлердин тизмеси такталып, мындай кадам мыйзамдын бузулушуна жол берет. 

«19-августта “Кыргызстан” партиясынын съезди өтүп, анда Дастан Жумабеков талапкер катары көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамга ылайык, эл өкүлү талапкер катары көрсөтүлгөн соң жасаган иши жөнүндө маалыматты отчёт деп атап, шайлоочуларга таратууга тыюу салат» — деп билдирди, — «мыйзамдын 21-1 беренесинин 8,2- бөлүгүнө ылайык, шайлоо кампаниясы учурунда партиянын шайлоо фонду тарабынан расмий каржыланбаган массалык маалымдоо каражаттарында, агитациялоочу басма материалдарда кылган иши боюнча отчётторду, кандидат тарабынан куттуктоолор админстративдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу катары каралат. Андыктан, учурдагы төрага өзүнүн кылган иштерин агитацияга колдонуусуна тыюу салынат. Азыр Жумабеков шайлоо мыйзамын кабыл алган төрага катары биринчи кезекте мыйзамды сактоосу керек. Мен”Фейсбукка” үгүт материалдарын жайгаштыргандыгы үчүн партиянын төлөмдөрүн тастыктаган тиешелүү документтерди талап кылам».

Съезддин жыйынтыгы жарыяланган күндөн баштап төрага үгүт маанайында 9 пост жарыялаган:

1)   https://www.facebook.com/dastanbek.djumabekov/videos/2998208793634237/

2) https://www.facebook.com/dastanbek.djumabekov/videos/224855172254383/

3) https://www.facebook.com/dastanтbek.djumabekov/videos/310417836732611/

 

4) https://www.facebook.com/dastanbek.djumabekov/videos/597580444463923/

5) https://www.facebook.com/dastanbek.djumabekov/videos/310961593522331/

6) https://www.facebook.com/dastanbek.djumabekov/videos/319638585818997/

7) https://www.facebook.com/dastanbek.djumabekov/videos/632407334081337/

8) https://www.facebook.com/dastanbek.djumabekov/videos/741604176631980/

9)  https://www.facebook.com/dastanbek.djumabekov/videos/946223782543794/

Жыйынтык: “Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Дастан Жумабеков шайлоо мыйзамынын 21-1 беренесин бузган. Өзүнүн депутаттык жана төрагалык  ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы деп атап, административдик ресурсту колдонуп, шайлоо фондунан төлөнбөгөн үгүт материалдарын жарыялаган.