“Спутник V” вакцинасынын жаратуучусу Билл Гейтс менен байланыштабы?

“Спутник V” вакцинасын чыгарган борбордун жетекчиси Александр Гинцбургдун Билл Гейтс менен байланышы бар. Мындай маалымат “Красная звезда” басылмасына таянуу менен социалдык тармактарда тарады.
Бул тууралуу алгач “аскер эксперти” Игорь Викторович Никулин жар салып, Гинцбургдун “россиялык штамм пайда болушу ыктымал” деген сөзүн баса белгилеген. Дал ошол таптан тарта кезектеги конспирологиялык теория пайда болду.
Factcheck.kg бул окуянын чоо-жайын териштирди.
Алгач “Красная весна” басылмасына жарыяланган макала менен таанышып чыктык. Макалада Никулиндин “Мен Гинцбургдун Гейтс менен кандай байланышы бар экендигин билбейм, бирок байланыш бар. Кызматташуу коронавируска каршы вакциналарды түзүү алкагында жүрүп жатат. Бул эмне деген кызматташуу экенин билбейм жана абдан тынчсызданам” деген сөзү көңүлүбүздү бурду. Демек, Никулин эч кандай фактыга таянбай туруп, конспирологиялык теория жөнүндө кеп кылып атат. Никулин деген өзү ким? Эмне үчүн ал мындай билдирүүлөрдү жасап атат? Аныктап көрөлү.
Ачык булактардагы маалыматка таянсак, Никулин көптөгөн титулдардын ээси экен: микробиолог, аскер эксперти, химиялык жана биологиялык курал боюнча эксперт, Иракты куралсыздандыруучу комиссиянын мүчөсү, БУУнун экс-катчысы Кофи Аннандын мурдагы кеңешчиси, БУУнун биологиялык курал боюнча комиссиясынын мүчөсү деп айтылат. Бирок бул маалыматтар канчалык деңгээлде чындыкка дал келерин текшерип көрөлү.
БУУнун сайтына баш багып, “Никулин” деп издеп көрсөк, англис тилинде да, орус тилинде да маалымат чыккан жок. Google аркылуу издөө салсак да, анын БУУ менен байланышы тууралуу маалымат текст түрүндө да, сүрөт түрүндө да табылган жок.
Биз Никулиндин жеке сайтын издеп таптык. Көрсө, ал өзүн Игорь IV Мосальский (Pюрикович) деп атайт экен дагы, Россиянын монархиялык башкаруусуна кайтып келүүсүн талап кылат экен. Мындан тышкары, ал монархияны өзү башкарайын деген ниети бар экен.
Ошол эле сайтта Никулиндин атасынын каты жарыяланган. Анда анын уулу Никулин россиялык чакан коммерциялык компанияны башкарып жүргөнү тууралуу жана Иракка дары-дармек жеткирип жүргөнү тууралуу маалымдалат. Демек, Никулин Иракта биологиялык курал боюнча БУУнун мүчөсү эмес, бул өлкөгө дары-дармек жеткирип жүргөн ишкер болгон (1998-2003жж).
Иракта 1998-жылдан 2003-жылга чейин БУУнун биологиялык курал боюнча Комиссиясынын иши жөнүндө маалымат дагы табылган жок. Тескерисинче, биз ушул сыяктуу комиссия 1998-жылы жаңы эле ишин аяктагандыгынын далилин таптык.
Экинчиден, Никулин бир нече жолу компетентсиздиги жана маалыматты бурмалоо аракети үчүн айыпталган. Мисалы, ал Covid-19 жасалма жол менен келип чыккандыгын жарыялап, далил катары 2015-жылы химера вирусун түзүү боюнча ишти мисал келтирген жана аны COVID-19 дун пайда болушу менен байланыштырган.
Чынында эле, химера вирусун түзүү боюнча иш ийгиликтүү жүргүзүлгөн жана анын жыйынтыгы Nature Medicine илимий журналына жарыяланган. Бирок, Никулин бул тууралуу билген эмес, же 2018-жылы жасалма вируска каршы вакцина жасалганын жашырган. Ал ошондой эле жасалма химералык SL-SHC014-MA15 жана SARS-CoV-2 вирусунун айырмачылыктарын айткан эмес.
Атактуу жасалма коронавирустар, анын ичинде 2015-жылы иштелип чыккан химера SL-SHC014-MA15 SARS-CoV-2 вирусунан кескин айырмаланарын биздин изилдөөлөр тастыктады. Андыктан, SARS-CoV-2 вирусу жасалма жол менен чыгарылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Жыйынтык: далилденген жок. Игорь Никулиндин Билл Гейтс менен Александр Гинцсбургдун ортосунда байланышы бар деген маалымат далилденген жок. Ал Никулиндин жеке пикири. Мындан тышкары, Никулин буга чейин компетентсиз, жалганчы жана манипулятор деп айыталган.