Сүрөт монтажбы же америкалыктардын катасыбы? Текшеребиз

Өзүнүн мавзолейиндеги трибунадан чыгып сүйлөгөн Владимир Ильич Лениндин сүрөтү социалдык тармактарда желдей тарады. Бул кадр америкалык сериалдан алынды деп мүнөздөлөт. Бул маалыматка ынандыруу үчүн Netflix булагынан алынган “Последние цари” сериалынын скриншоту да көрсөтүлгөн.

Эпизоддордун биринде 1095-жылкы Москва көрсөтүлгөн, ал эми Лениндин жанында 1930-жылы курулган таш мавзолейин көрсө болот.

 Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

Сүрөт аркылуу интернеттен издөө салып, анын алгачкы булагын табабыз. Анда Ленин кызыл армиянын жоокерлеринин алдында Москвадагы Свердлов аянтында чыгып сүйлөгөн кезде тартылган.

Сүрөт 1920-жылдын 5-майында тартылганын аныктайбыз. 

Сүрөт аркылуу издөө салып, Яндекс.Дзендин сатира бөлүмүнө туш болобуз. Көрсө, бул сүрөт 1-апрель тамаша күнүнө карата жасалган экен жана ал “Ленин мавзолейде, Николай II коммунисттердин парадында: 1-апрелге карата Россиянын альтернативдик тарыхы” деп мүнөздөлөт.

 

Жыйынтык: фотомонтаж. Лениндин өз мавзолейинин жанында туруп эл алдында сүйлөгөн сөзү — фейк. Ал 1-апрель тамаша күнүнө карата жасалган.