Жеңиш күнүнө арналган концерт учурунда атактуу америкалык кылмышкерлердин сүрөтү көрсөтүлдү

“Биринчи каналдын” Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу концертинде “Согуш болбогондо” (“Если б не было войны”) ыры аткарылган учурда арткы фондо белгилүү америкалык кылмышкерлер Бонни жана Клайддын сүрөтү көрсөтүлгөнү тууралуу маалымат Facebook социалдык тармагында пайда болду. 

 

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Биз “Биринчи каналдын” сайтынан аталган ырдын аткарылышын карап көрүп, тиешелүү сүрөттү таба алган жокпуз. Ал эми концерт жарыяланган Yotube хостингинен карап чыгып, 1.05.39 убактысынан 1.05.44 убактысына чейинки үзүндүдө Зара аттуу ырчынын аткаруусу учурунда чын эле Бонни жана Клайддын сүрөттөрүн көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, “Биринчи каналдын” сайтында Бонни жана Клайддын сүрөтүнүн ордуна согуш ардагеринин сүрөтү көрсөтүлгөн. Ырдын жүрүшүндө бул кадр эки ирет көрсөтүлөт.

 

Эске салсак, Бонни Паркер жана Клайд Барроу (англ. Bonnie Parker and Clyde Barrow) Улуу Депрессия маалында 1932-1934-жылдары операция жасаган атактуу америкалык каракчылар. “Бонни менен Клайд” деген сөз айкашы кылмыштуу иш менен алектенген сүйүшкөндөр үчүн кеңири тараган сөз болуп калган.

1934-жылдын 23-майында Бонни менен Клайддын машинесин алты полициячы буктурмага алышкан. Машинада 167 ок болгон, анын ичинен 50дөн ашыгы ар бир кылмышкерге тийген.

Жыйынтык: “Биринчи каналдын” Жеңиш күнүнө арналган концертинде Бонни менен Клайддын сүрөтү көрсөтүлгөнү чын.