Цитата-чек: Садыр Жапаров Черчиллден цитата келтирди, бирок Черчилль антип айткан эмес

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Facebook тармагындагы жазууларынын биринде белгилүү саясатчы Уинстон Черчиллдин: “Чындык шымын кийгиче, калп жарым дүйнөнү кыдырып чыгат”, – деп айтканы келтирилген сүрөттү жайгаштырган.

Fatcheck.kg сайтынын редакциясы буга чейин бул англиялык саясатчыга таандык делген бир нече цитатаны текшерип көрүп, алардын баары калп экенин аныктаган. Ошондуктан президентибиз келтирген сөздөр чын эле Черчиллге таандыкпы, ушуну текшерип көрүүнү чечтик.

Уинстон Черчиллби же Марк Твенби?

Цитаталар сайттарында белгилүү адамдардын айткандары, адатынча, эч бир булакка таянуусуз эле келтирилет. Аларды текшерип көрүүнү да ойлонуп коюшпайт.

Ушуга байланыштуу Черчиллдин авторлугун тастыктай албадык. Бирок биздин байкообуз боюнча, аталган цитата англиялык саясатчыга таандык деп негизинен интернеттин орус тилдүү бөлүгүндө гана эсептелет. Англис тилиндеги сайттардын көбүндө ушуга окшош цитатанын “автору” катары Марк Твен аталат.

Бирок аларда да бул сөздөр белгилүү жазуучуга таандык экенин тастыктаган эч бир далилдер келтирилбейт. Бул тууралуу The New York Times гезити 2017-жылы эле жазып чыккан.

Ким анын автору?

Бул сөздөр Черчиллге таандык деп биринчилерден болуп Эрнест Лефевер 1981-жылдын 7-июнунда Нью-Йорк Таймс гезитинде жазган. Бирок да автор бул сөздөр качан, кайсы шарттарда айтылганын баяндаган эмес.

2009-жылы “Churchill by himself” китебинин түзүүчүсү Ричард Лэнгворт бул цитатаны жаңылышып Уинстон Черчиллге таандык деп эсептелип жүргөн цитаталардын тизмегине кошкон.

Ушуга окшош фразалар Черчилл (1874 г.), ал эмес Марк Твен (1835 г.) төрөлгөнгө чейин айтылып келингени аныкталды.

Цитаталарды текшерүү боюнча эң абройлуу булак Quote Investigator 2014-жылы аталган цитата кимге таандык экенин аныктаганга аракет кылып көргөн. Айрым өзгөчөлүктөр менен бул фраза илгертен бери колдонулуп келинген экен.

Атактуу жазуучу Джонатан Свифт 1710-жылы “The Examiner” деген журналда мындай фразаны жазган: “Калп учуп баратса, чындык аркасынан аксап баратат“.

Бир кылымдан кийин, 1821-жылы “Түндүкамерикалык сереп” аталышындагы биринчи америкалык адабий журналдын редактору жана негиздөөчүлөрүнүн бири Уильям Тюдор өзүнүн макаласында мамлекеттик ишмер Фишер Эймстин айткандарын эскерет: “…Эймс мырзанын «Чындык өтүгүн кийип жатканда, Калп Мэнден Джорджиого кеткен жолдо бараткан болот» деп айткандарын эстеп…“.

1831-жылы Мэриленд штаты Балтимор шаарында чыккан “Найлздын жумалык реестри” гезитинде жарыяланган макалада Фишер Эймс дагы бир жолу эскерилет: “Фишер Эймс айткандай, «Калп Мэн штатынан Джорджиого баратат, ал эми Чындык ага өтүк кыйгизип жатат»”.

1835-жылы Калп баскан аралыкты лиг менен эсептей башташкан: “Бизге “чындык өтүк кийгиче, калп көп лиг басып өтөт!”, – деп айтышууда”.

1846-жылы “Браунсондун кварталдык сереби” бул фразаны кытай макалы катары келтирет: “Чындык, – деп айтылат кытай макал-лакабында, – өтүгүн кийгиче, жаңылуу жарым дүйнөнү кыдырган болот”.

Ал эми 1840-жылы бул фразаны Томасу Джефферсонго таандык кылып салышат: “Ишиңер жакшы максатта экендигине көп деле таяна бербегиле, анткени Джефферсон айткандай, чындык өтүгүн кийип жаткан кезде, калп өлкөнү кыдырып жүргөн болот”.

1919-жылдан тарта бул фразанын автору катары Марк Твен көбүрөөк атала баштайт: “Марк Твен бир жолу: чындык өтүгүн кийгиче, калп бүт дүйнөнү кыдырып чыгат деп айткан; калыс сөз”.

Quote Investigator сайтынын жогоруда көрсөтүлгөн изилдөөсү боюнча, аталган фраза авторлорун гана алмаштырып турбастан, өзү да бир аз өзгөрүп турган: өтүк ботинке болот, ботинке туфли, анан “туфли кийүү”, “боосун байлоо” башталат, андан кийин галифе жана шым пайда болот.

Черчилль бул сөздү айтпаганына дагы бир далилди белгилүү британ тарыхчысы доктор Джозеф Кухилл келтирет. Анын пикиринде, «штаны» британдык англис тилинде шым эмес «трусы» болуп эсептелет. Изилдөөчүнүн айтымында, Черчилль элдин көзүнчө ички кийим тууралуу сөз кылбайт эле.

Тыянак: калп. Биз тапкан изилдөөлөр боюнча, сөз болгон цитата бир азы айырмачылыктар менен көп кылымдан бери белгилүү жана ал Уинстон Черчиллге таандык эмес.