Маргарет Тэтчер балмуздактын 30%ын салык катары төлөтүп, балдарды окутууну сунуштадыбы?

Factcheck.kg редакциясына Маргарет Тэтчер тууралуу маалыматты текшерип көрүү өтүнүчү менен Facebook колдонуучусу кайрылды. Анда “балаңыз алгачкы балмуздагын иштеп тапкан соң, анын 20%ын өзүңүз жеңиз. Андан соң дагы 30%ын жеңиз дагы, калганын балаңызга кайтарып берип, мамлекет сиз тапкан акчаларды да ушундай жол менен алып коерун түшүндүрүңүз” деп айтылат. 

Издөө системасынын жардамы менен Маргарет Тэтчер салык төлөөчүлөр тууралуу ушуга окшош билдирүүнү 1983-жылы Консервативдик партиянын конференциясында чыгып сүйлөгөн сөзүндө айтканы аныкталды

“Бүгүнкү күндө сиз тапкан акчанын канчасын мамлекет коротуп, канчасы сиздин үй-бүлөңүзгө калары тууралуу маалымат курч турат. Ошол эң негизги түшүнүктү эске алсак: эл тапкан гана акча бар, мамлекет андан башка киреше таба албайт. Эгер мамлекет көбүрөөк каражат коротууну кааласа, салыкты гана көбөйтө алат. Башка бирөө төлөйт деп ойлобогула. Себеби башка бирөө деген — бул сиз. Мамлекеттин өзүнүн акчасы жок, ал салык төлөөчүлөрдүн акчасы“. 

Демек, буга чейинки айтылган 120 сөздүн ичинен болгону сегизи Маргарет Тэтчерге таандык. 

Салык, балмуздак жана балдар 

Мындан тышкары, салык, балмуздак жана балдар тууралуу билдирүүнү америкалыктар комик жана актер Билл Мюррейге таандык деп айтканы тууралуу маалымдалат.

“Teach your kids about taxes. Eat 30% of their ice cream”. 

“Балдарга салык тууралуу маалымдагыла, балмуздагынын 30%ын жегиле”. 

 2014-жылдын март айында бул билдирүү @BillMurray аттуу Twitter колдонуучусунун баракчасына жайгаштырылган, бирок бул аккаунт чыныгы актерго таандык эмес.

Эмне үчүн билдирүү Маргарет Тэтчерге таандык делет?

Маргарет Тэтчерге таандык делген билдирүүнүн эң алгачкысы орус тилдүү сегментке 2015-жылдын сентябрь айында Вельф аттуу Facebook колдонуучусу тарабынан жайгаштырылган.

балаңыз алгачкы балмуздагын иштеп тапкан соң, анын 20%ын өзүңүз жеңиз. …”. 

Башында бул текст аталган авторго шилтеме берүү менен жайылып келсе, кийин шилтеме кылынбай калган. 

2017-жылдын сентябрь айында бул билдирүү Clutch.ua  аттуу айымдардын журналына “Маргарет Тетчердин жашоо сабактары” деген аталышта, ал эми 2018-жылдын февраль айында “Күчтүү айымдардын окуялары” деген блогдо жарык көргөн

Жыйынтык: жартылай чындык. Маргарет Тэтчерге таандык делген билдирүүнүн аз гана бөлүгү чынында ага таандык.