Матраимовдордун изи менен. 2-бөлүм

(Русский) Продолжение расследования, начинавшегося с выяснения владельцев торгового центра “Эльдорадо”

Макалабыздын биринчи бөлүмүндө “Эльдорадо” соода борборунун артында  Минавар Жумаева турганы маалым болгон. Ал Матраимовдордун үй-бүлөсү менен бирге Ош шаарындагы  “Ош-Плаза” турак-жайына байланыштуу курулуш иштерин алып барат. Мындан башка Жумаеваны Матраимовдор менен эмне бириктирет? factcheck.kg иликтейт.

Минавар Жумаева жана Матраимовдор

Сүрөт социалдык тармактардан алынды

Минавар Жумаеванын “Фейсбуктагы” аккаунтун текшергенибизде, анын Гулира Сыдыкова аттуу колдонуучуну куттуктаганына күбө болдук. Жумаева Сыдыковага “кызым” деп кайрылган. Ал эми Гулира Сыдыкова Жумаеваны жеңе деген жайы бар. Мындан тышкары, ошол эле куттуктоо алдында Чынара Матраимова (Матраимодордун бир тууганы) Жумаевага “жеңе” деп кайрылат.

Гулира Сыдыкова – Чынара Матраимованын кызы. Ал эми Минавар Жумаева ким?

Салык кызматынын маалымат базасында Минавар Жумаеванын аты аркылуу ал катталган даректи таба алабыз: Ош шаары, Ленин көчөсү 176.

Ал эми үй ээси – Исмаилов Мирланбек Искендерович, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун уулу.

Салык кызматынын базасына ылайык, Искендер Матраимов төмөнкү дарек боюнча жашайт: Бишкек шаары, Асанбай кичирайону, 23/2-31. Бул жаңы курулган үйдө 176,9 чарчы метр батир.

Ал эми турак-жай ээси – Жумаева Минавар Шабыевна.

Демек, “Эльдорадо” соода борборунун жаңы ээси – бул  Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун жубайы. Жубайлардын никеси тууралуу маалыматты текшерсек, экөөнүн тең никеси бар экени аныкталат.

Иликтөөчү журналисттердин изи менен

Матраимовдордун мүлкү тууралуу буга чейин журналисттер иликтөө жүргүзгөн. Алар Ош шаарындагы бир нече хансарайлар жана Бишкектеги Эркиндик бульварында жайгашкан, УКМКга коңшулаш 250 чарчы метр батир Апиза Матраимованын наамында экенин аныктаган.

 

Мындан тышкары  журналисттер Орто-Сай айылындагы,  VIP аймакта Искендер Матраимовго таандык хансарай табышкан. 2019-жылдын 13-майында  Искендер Матраимов бул хансарайды бизге белгилүү болгон  “Ихлас” компаниясынын ээси жана “Ош-Плаза” комплексинин өнөктөшү Нурбек Осмоновго саткан.

Спорт жана Матраимовдор

Матраимовдор спорттун өнүгүшүнө салым кошуп келет. Ошто Ленин көчөсү, 234 дарегинде “Эрем” (РМ?) спорткомплекси жайгашкан. Ал эми имарат  Жиянбековдордун үй-булөсүнө таандык.

Бирок ошол эле компания Матраимовдордун кичүү инисине, Русланбек Матраимовдун наамына катталган.

“Эрем” фитнес-борбор тармактары бир гана Ошто эмес, Бишкекте да жайгашкан.

Ал эми «Эрем» аттуу волейбол жана футзал командалары эң жогорку деңгээлдеги мелдештерге чыгып келет.

Волейбол клубу 3 жыл катары менен  Кыргызстандын чемпиону болуп келген.  “Эрем” футзал командасы да алардан кем калган жок- акыркы үч жылда алар алдына эч кимди салган эмес.

Быйылкы алтынды ал ызы-чуу менен алган. Финалдын экинчи оюнунда “Алга-Дордой” матчтан оюн аяктай электе чыгып кеткен. Алар оюндун уюштуруучуларына, коопсуздукка жана калыстыкка доомат койгон.

 

“Алганын” оюндан чыгып кетиши техникалык утулуу деп эсептелинген. Атаандаштар үчүнчү оюнга катышпаган соң, Матраимовдордун футбол клубу чемпион деп табылган.  Мына ошентип “Эрем” Кыргызстандын үчүнчү ирет чемпиону болгон.

Эскерте кетсек, иликтөөбүздүн биринчи бөлүмүндө «Эльдорадо» соода борборунун  негиздөөчүлөрү Искендер Матраимовдун жубайы Минавар Жумаева жана Канатбек Маматов экенин аныктаганбыз. Ал Кыргызстандын футбол федерациясын учурда жетектейт жана 2019-жылга чейин федерациянын вице-президенти болуп, өлкөдө футзалды өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды жетектеп келген.

Матраимовдордун бизнеси

Жогоруда маалыматты жыйынтыктасак, Матраимовдор курулуш бизнесине, чет элдик соода бинеске киргенин айтсак болот. Мындан тышкары үй-бүлө кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө, спортко жана кайрымдуулукка каражат жумшайт.

Чынара Матраимова жетектеген “Сый дасторкон” компаниясын кайсы тармакка кошуу керек экендиги белгисиз. Юстиция министрлигинде компаниянын негизги багыты катары «кеңири ассортименттеги товарларды дүңүнөн сатуу» (оптовая продажа товарами широкого ассортимента) деп белгиленген.

Матраимовдордун изи күйүүчү май бизнесинде да калган. “Ай-Петролиум” ЖЧКсы 2012-жылы ачылып, эки жылдан соң ишин токтоткон.

Ал эми «Ай-Петролиум Компани» компаниясынын кош негиздөөчүсү Арстанбаев Азамат Мураталиевич Матраимовдорго таандык делген башка бизнес менен да байланышы бар. Маселен, анын бир тууганы Арстанбаева Гулшат Мураталыевна “Budda bar” кафесин ижарага алуу укугуна 2016-жылдан тарта ээ болгон.

Курманбека Бакиевдин бийлигинин башында Исламбек жана Русланбек Матраимовдор юридикалык жакты каттаган. Ал 2005-жылдан тарта 6 жыл иштеген жана 2011- жылы өз ишин токтоткон.

Ошол кездеги Матраимовдордун бизнесинин ийгилиги тууралуу такттоо мүмкүн болгон жок. “Таза коомдун” алкагында иштеген  “Ачык бюджет” порталында болгону жарым-жартылай гана маалымат бар. Ага ылайык, 2011-жылы 6 ай ичинде “Исмаил-5 Лтд и Ко” ЖЧК бюджетке бир тыйын да төлөгөн эмес. Андан соң, негиздөөчүлөрдүн бири бизнести финансы полициясындагы кызматка алмаштырган.

Мамлекеттик кызматтарда Матраимовдор кандай киреше табышкан?

Чиновниктердин акыркы кирешелерин 2017-жылы тапшырган декларациясынан гана биле алабыз. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун эмгеги жыл ичинде 747 миң сомго бааланган. Ал эми анын жакын туугандарыныкы кыйла көбүрөөк – 2 млн. 155 миң сом.

Искендер Матраимов декларацияда “Браво” VIP шаарчасындагы 5,8 миң чарчы метрлик хансарайын көрсөткөн эмес.  Ал 2017-жылы дал Матраимовдун наамына катталган эле.

2017-жылдын соңунда депутаттын жубайы Минавар Жумаева “АвтоСТОлица” ЖЧКнын

(“Эльдорадо” соода борбору) үлүшүн алган эле, бирок ал тууралуу да декларацияда сөз жок.

Мамлекеттик салык кызматынын сайтында Райымбек Матраимовдун 2017-жылкы кирешеси илинген эмес.  Декларациялоо жөнүндө мыйзамдын 6-беренесине ылайык, киреше жарыяланыш керек, бирок ага карабай мамлекеттик органдардын орун басарларынын кирешелери ачык жарыяланбай калган.

Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында 2016-жылкы маалымат бар. Ага ылайык, Райымбек Матраимов 56 чарчы метр үйгө ээлик кылып, жыл ичинде 852 миң сом киреше тапкан.  Мындан тышкары бодо малын сатып, 3 млн. 200 миң сом тапкан. Ал эми анын жакын туугандарынын кирешеси 11 млн. сомду түзүп, 7 млн. сомго чыгым болушкан. Алар коттедж, батир жана «Лексус» үлгүсүндөгү жолтандабаска ээлик кылат.

Ал эми Исламбек Матраимовдун кирешелери жана чыгашалары тууралуу ачык булактарга маалымат жок.