Бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзам долбоору Орусия Федерациясынын мыйзамынын көчүрмөсү болуп чыкты

Бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзам долбоору Орусия Федерациясынын мыйзамынын көчүрмөсү болуп чыкты. Эскерте кетсек, өткөн айда биздин редакция “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору дээрлик толугу менен орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алганын аныктаган болчу. Беренелеринин окшоштугу 60-99%ды түзгөн (ред. түш. 15-ноябрда өткөн тегерек столдо мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Мурат Укушов бул долбоор орусиялык мыйзамдан көчүрүлүп алганын моюнга алган).

2-ноябрда Министрлер кабинетинин сайтына коомдук талкуу үчүн “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору илинген. Factcheck.kg редакциясы анын текстин карап чыгып, плагиатка орун берилгенин аныктады.

Сөзмө сөз

Антиплагиат кызматынын жардамы менен талдап чыгып, кыргызстандык “БӨУ жөнүндө” мыйзам долбоорунун көбү орусиялык “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктадык.

Мисалы, жаңы долбоордун авторлору 2-беренеде БӨУнун аныктамасын беришет. Берененин экинчи бөлүгүндө “коммерциялык эмес” деген жерлер “бей өкмөт” дегенге алмаштырылганы жана Кыргыз Республикасы деген кошулганы байкалып турат. Калгандары үтүрүнө чейин окшош.

Көп беренелердеги айырмачылык өлкөнүн гана аталышында – б.а. авторлор “Орусия Федерациясы” дегенди “Кыргыз Республикасына” алмаштырып эле коюшкан. Дагы бир айырмачылык орусиялык документте “Коомерциялык эмес уюмдар” (КЭУ) деген аталыш колдонулса, кыргызстандык документте “Бейөкмөттүк уюм” (БӨУ) деген аталыш колдонулат.

Жарандык коом жана юристтер “чет элдик БӨУ” деген Кыргызстан үчүн жаңы түшүнүктү сынга алышты. Колдонуудагы мыйзамдарда буга чейин мындай түшүнүк жок болчу. Мындай аталыш Орусияда бейөкмөттүк уюмдарды жаманатты кылуу максатында колдонуларын белгилей кетишибиз керек – “чет элдик БӨУ” уюмдарын жана алардын кызматкерлерин көп учурда “чет элдик агенттер” деп аташат. Эми жергиликтүү авторлор бул түшүнүктү Кыргыз Республикасында да киргизүүгө далалат кылышууда.

Ошентип, 3-берене мааниси боюнча толугу менен орусиялык документти кайталайт.

Текстти толугу менен талдап чыгып биз графикти түздүк, анда мыйзам долбоорундагы ар бир берене орусиялык документке канчалык окшош экендиги бааланат:

Эмне үчүн жаңы мыйзам долбоору сунушталууда?

Мыйзам долбооруна негиздемеде коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарды ачууга жана анын ишмердүүлүгүнө саясий-укуктук талаптар жогорулап жатканы айтылат.

“Учурда жарандардын биригүү укугун ишке ашыруусуна байланыштуу келип чыккан коомдук мамилелерди жөнгө салуучу, коммерциялык эмес бейөкмөттүк уюмдарды түзүү, иштетүү, кайра уюштуруу жана жоюунун өзгөчөлүктөрүн белгилеген мыйзамдык актыны мамлекеттик кызыкчылыктарды жана коомдук коопсуздукту, адеп-ахлакты, калктын саламаттыгын, жарандардын улуттук жана диний сезимдерин коргоону камсыз кылууну эске алуу менен иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарылчылыгы келип чыгууда”.

БӨУлардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл күчөтүлөт:

Мыйзам долбооруна ылайык, көзөмөлдү негизинен прокуратура органдары жана КР Юстиция министрлиги жүргүзөт.

Документте алардын ыйгарым укуктары белгиленген. Мисалы, алар төмөндө көрсөтүлгөндөргө укуктуу:

  • Бейөкмөт уюмдардан алардын административдик жана каржылык документтерин талап кылууга
  • БӨУлардын каржылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты мамлекеттик статистика органдарынан, салык органдарынан жана башка мамлекеттик көзөмөл органдарынан, ошондой эле банк мекемелеринен жана башка каржы уюмдарынан сураганга жана алганга
  • Бейөкмөт уюм өткөргөн иш-чараларга катышуу үчүн өкүлдөрдү жөнөтүүгө
  • БӨУлардын ишин, анын ичинде каражаттарды чыгымдоонун жана башка мүлктү пайдалануунун уюмдун уставында каралган максаттарга шайкештигин текшерүүгө.

Мыйзамдагы мындай өзгөртүүлөр жарандык коомдун сынына кабылды. Эксперттер “чет элдик” бейөкмөт уюмдар деген түшүнүк коомдо ажырымды жаратат деп кооптонушат.

“Адилет” укуктук клиниканын юристтери белгилегендей, мыйзам долбоордун бир катар жоболору мыйзам менен бекитилген мыйзам жазуу техникасына дал келбейт жана бул жагдай анын мындай түрдө Жогорку Кеңешке жиберилишине жол бербейт.

Юристтер ошондой эле ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо институту адамдын мамлекеттик башкарууга катышуунун фундаменталдык укугун ишке ашыруунун механизмдеринин бири экенин эске салышат. Бул Конституция менен кепилдендирилет. Бирок мыйзам долбоорун иштеп чыккандар аны четке кагышууда.

Тиркелген документтер:

Тыянак: Президенттин администрациясы коомдук талкууга алып чыккан “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунун 30 жобосунун орусиялык мыйзамга окшоштугу 67%-97% түзөт, 2 жободогу окшоштук 46-48%. Беш гана жобо такыр окшош эмес. Жалпысынан алганда тексттердеги окшоштук 69.2%га барабар.