Төрөт үйүндө ымыркайлар алмашылганбы?

(Русский) Фактчек информации, распространяемой в группах WhatsApp.

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде №2-төрөт үйүндө балдар алмаштырылган деген маалымат жайылды. Ага ылайык, Эльнура Куттубаева аттуу акушер төрөт үйүндө 10 жылдай иштеп, зериккенинен балдарды алмаштырып койчу экен. 

Билдирүү төмөнкү сүрөт менен коштолуп жүрөт.

Эльнура Куттубаева аттуу аял барбы жана ал чын эле төрөт үйүндө иштегенби? Factcheck.kg  текшерип көрдү.

Алгач shailoo.srs.kg сайтынан  «Элнура Куттубаева» жана «ЭлЬнура Куттубаева» деп терип, издөө салабыз. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу бир адам тууралуу маалымат чыкты. Бирок,  биз тапкан Эльнура Куттубаева  1964-жылы эмес, 1991 – жылы төрөлгөн. Демек, ал аталган жылдары (1980-1990) иштемей турмак, төрөлө элек болчу. Ал эми 1964- жылкы Куттубаева тууралуу маалымат shailoo.srs.kg сайтында табылган эмес.

Андан соң №2-төрөт үйүнө жөнөдүк. Анын башкы дарыгери Азамат Алымбаев  кадр бөлүмүнүн архивдерин карап чыкты.  Эльнура Куттубаева аттуу акушер  1980-жылдары иштебегени маалым болду. Маалымат  1983 -жылдан тарта  1997- жылга чейин текшерилди.

«Мен төрөт үйүндө 45 жылдан бери эмгектенип келем. Бир да жолу сиз айткандай ымыркай алмаштыруу болгон эмес. Бул оорулуу адамдын сөзү. Ар бир эне төрөгөн соң өз баласын көрүп, эстеп калат. Бир гана жолу баланы алмаштырып жибере жаздашкан. Бирок ал атайын жасалган эмес, капыстан болгон окуя», – деди дарыгер.

 

Жыйынтык:

– Эльнура Куттубаева аттуу акушер 1980-1990-жылдары № 2- төрөт үйүндө иштеген эмес. Соцтармактарда тараган билдирүү – фейк.