“Эл Үмүтү” партиясынын президент менен кандай байланышы бар? Текшеребиз

Социалдык тармактарда “Эл Үмүтү” партиясы Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапаровага таандык деген маалымат тарады. Ал эми президенттин басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөдү.

Эске салсак, сентябрь айынын башында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Садыр Жапаровдун уулу Рустам парламенттик шайлоого даярдык көргөнүн жана “Эл Үмүтү” партиясына колдоо көрсөтүп атканын айтып чыккан.

Белгилей кетсек, партия талапкери Канышай Рысбекова белгисиз адамдардын финансы жактан колдогонун айтып, социалдык тармактагы баракчасына беш миң сомдук купюралардын сүрөтүн жарыялаган. Ал эми мыйзамга ылайык, шайлоо фонддоруна белгисиз адамдардын ыктыярдуу кайрымдуулук кылуусуна жол берилбейт.

Коомдук резонанстан кийин Рысбекова акча каражатын атын атабаган, бирок өзү тааныган адам бергенин, ал эми дагы бир бөлүгүн өзүнүн капчыгынан чыгарганын айтып чыккан.

Factcheck.kg “Эл Үмүтү” тизмегин текшерип, анын өлкө башчысы менен болгон байланышын аныктады.

Тизмекте мурдагы “Биздин эл” партиясынын өкүлдөрүн көрүүгө болот. Аталган партия апрель айында Бишкек шаардык кеңешине аттанып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган соң, кайра шайлоого баруудан баш тарткан.

Тизмектин сап башында жарандык активист Болот Ибрагимов. Ал МАИ кызматкерлеринин мыйзам бузууларын видеого тартып, алар менен күрөшүп келген блогер катары коомчулукка таанымал.

Ал мурда “Биздин эл” партиясы менен шаардык кеңешке аттанган. Ушул эле партиядан “Эл Үмүтү” партиясына ооп кеткендердин арасында Айдай Досалиева, Алибек Ташматов жана Аскар уулу Алмаз аттуу талапкерлерди көрө алабыз.

Тизмекте №4 – Канышай Рысбекова. Ал “Тян-Шанды сактайбыз” коомдук бирикмесин жетектейт.

Үстүбүздөгү жылдын август айында Рысбекова активисттер менен бирге АКШ элчилигинин алдында болуп өткөн митингге катышкан. Митингчилер Кыргызстандын бийлиги менен канадалык Centerra Gold Inc компаниясынын ортосундагы соттук териштирүүдө акыйкат чечим чыгарууну талап кылышкан. 

Спортчу Алибек Ташматов партия тизмегинде номер жетинчи орунда.  Январь айында болуп өткөн президенттик шайлоодо ал талапкер Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамы катары катталган.

Шаякматов Ниязбек Дүйшөнбекович  2020-жылкы парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясынын курамында аттанган. Эске салсак, Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров да дал ушул партиянын курамында депутаттыкка талапкер болгон.

Данияр Бөлтүрүков pk.kg маалыматына ылайык, “Кумтор Голд Компанинин” тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүктүн иниси. Ал “Ысык-Көл жаштар ордосу” коомдук бирикмесин жетектейт.

Наристе Калчаев тизмекте №19 – орунда. 2012-жылы Калчаев мамлекеттик комиссиянын жыйынына катышып, анда “Кумтөр Оперейтинг Компани” жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча талаптарды аткарып атканын текшергенАл эми 2013-жылы Каракол шаарындагы митингде ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевдин барымтага алынганы үчүн соттолгон. 2018-жылдын май айында Калчаев укук коргоо органдарын Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алдыруу үчүн башына баштык кийгизип, кыйнашканын айтып чыккан. 

Наристе Калчаев “Жети-Өгүз Жаштары” бирикмесин жетектейт.

Тизмекте №42-талапкер Нишанбай уулу Таалайбек №18-кесиптик лицейде окутуучу болуп эмгектенет. 2020-жылкы парламенттик шайлоого ал “Мекенчил” партиясынын курамында аттанган.

Тизмекте №46 талапкер  Баяманов Акылбек Мусалиевич 2020-жылкы шайлоого “Мекенчил” партиясы менен депутаттыкка талапкерлигин койгон Баяманов Эркинбек Мусалиевичтин бир тууганы болушу ыктымал. Эркинбек Баяманов Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна 1 млн сом каражат которгон.  Tizme.kg порталынын маалыматына ылайык, Эркинбек жана Акылбек бир  шайлоо участкасында каттоодон өткөн.

Иманбек кызы Бактыгүл –  президенттин аппаратына эксперт болуп эмгектенет. Тизмекте 49-орунда. Бактыгүл социалдык тармактагы баракчасында президентти активдүу колдоп келет жана мамлекеттик эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы пикирин билдирет.

Жыйынтык: “Эл Үмүтү” партиясынын курамында мурдагы “Мекенчилдер”, өлкө башчынын президенттик шайлоодогу ишенимдүү адамы жана Жапаровдун иши боюнча жоопко тартылган талапкер бар.