Бюджетти миллиард сомго чейин толтуруу: Кыргызстанда “кара алтынды” ким өндүрөт?

Казакстан жана Орусия сыяктуу кошуна өлкөлөрдө мунай өндүрүшү кирешенин чоң булагы болуп эсептелет, ал эми Кыргызстанда мунайдын запастары өтө эле аз. Бирок мындай болгон күндө да, Улуттук статкомдун маалыматына ишенсек, 2022-жылы өлкөбүздө 10.6 млрд сомго мунай өндүрүлгөн экен.

Factcheck.kg’нин журналисттери 2021-жылга карата жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын тизмегин таба алышты. Ал боюнча ал кезде мунай кендери бар жерлерди пайдалануу үчүн 17 компанияга 43 лицензия берилген экен. Бул материалда ошол компаниялардын эң ирилери кимге таандык экенин, алар мамлекетке кандай пайда алып келгендерин жана алып келип жаткандарын айтып беребиз.

“Кыргызнефтегаз” ААК

Мунай өндүрүүчү “Кыргызнефтегаз” компаниясы Кыргызстанда мунай өндүргөн эң ири ишкана болуп эсептелет. Анын негизги акционери – мамлекет.

“Кыргызнефтегаздын” сайтындагы маалымат боюнча, компания 2022-жылы 178 миң тонна мунай өндүрүп, анын таза кирешеси 3 млрд сомду түзгөн. “Ачык бюджеттин” сайтында “Кыргызнефтегаз” 2023-жылдын январынан баштап июлуна чейин 1 млрд сом өлчөмүндө салык жана башка төлөмдөрдү жүргүзгөнү келтирилет.

2023-жылдын 14-июлуна карата budget.okmot.kg сайтындагы маалыматтардын скриншоту

Компаниянын учурда 12 кенди иштеткенге лицензиясы бар, алардын катарына Кыргызстандагы эң ири мунай кени – Майлуу-Суу 4 — Чыгыш Избаскент да кирет.

Open.geology.kg сайтынан скриншот

Быйыл мартта жемкорлук схемаларга тийиштиги бар деген шекте “Кыргызнефтегаз” ААКтын мурдагы жетекчиси Рашит Бостонов кармалган болчу. УКМКнын билдирүүсүндө Бостонов жетекчилик кылган төрт жылда компаниянын кирешеси 977 млн сом болсо, жетекчилик алмашкандан кийин жемкорлук схеманы жоюунун жыйынтыгында эле компаниянын таза кирешеси 5.8 млрд сомдон ашканы айтылат.

Factcheck.kg’нин журналисттери аныктагандай, Рашит Бостонов фермерлик чарбанын негиздөөчүсү болуп эсептелет, аны уулу жетектейт. Чарбанын негизги ишмердүүлүгү – “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүүнүн жана консервациялоонун башка ыкмалары”, бирок ал кенди иштетүүгө лицензиялары бар компаниялардын катарына кирет. Жогоруда айтылган тизмек боюнча, “«Абдималик-Ата» үрөнчүлүк чарбасы» дыйкан (ферма) чарбасы” лицензияны 2020-жылы 20 жылга алган.

Ачык бюджеттин маалыматы боюнча, 2020-жылы дыйкан чарбасы “Чарбак” участогу боюнча аукционго катышуу кепилдиги катары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине 6.5 млн сом төлөгөн.

2023-жылдын 14-июлуна карата budget.okmot.kg сайтындагы маалыматтардын скриншоту

2022-жылы дыйкан чарба мамлекеттик бюджетке 584 миң сом которгон.

2023-жылдын 14-июлуна карата budget.okmot.kg сайтындагы маалыматтардын скриншоту

 

“Суй Де” ЖЧК

“Суй Де” ЖЧК жөнүндө маалыматтар аз. Компаниянын негиздөөчүсү жана директору Хуанг Яинг имиш, бирок ал тууралуу маалыматтар ачык булактарда жок. Компаниянын жалпы аянты 326 миң га түзгөн сегиз кенде чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана кенди иштетүүгө лицензиялары бар. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында компания мамлекетке 14.9 млн сом каражат төккөн.

2023-жылдын 14-июлуна карата budget.okmot.kg сайтындагы маалыматтардын скриншоту

 

“Вектор Гео” ЖЧК

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайтында бул ЖЧКнын ошол кездеги директору катары Аркадий Рогульский деп көрсөтүлгөн. Ал 2022-жылдын апрелинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп дайындалган.

Open.geology.kg сайтынан скриншот

Бирок депутаттар Рогальский кыргыз тилин билбегенине, анын мамлекеттик кызматта иштөө тажрыйбасы жок болгонуна нааразычылыктарын билдиришип, Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин жыйынында телефондо оюн ойноп отургандарын айтып чыгышкан. Кийин Рогальскийди кызмат ордунан бошотулган.

Компания 2023-жылдын январь-июнь айларында бюджетке дээрлик 3 млн сом которгон.

2023-жылдын 14-июлуна карата budget.okmot.kg сайтындагы маалыматтардын скриншоту

2023-жылдын 1-майына карата компаниянын салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы 325.8 миң сомду түзгөн.

Учурда Юстиция министрлигинин сайтында компаниянын директору катары Гонг Цуньцюань, ал эми негиздөөчүсү катары Чиан Феньцзинь көрсөтүлгөн.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Гонг Цуньцюань ошондой эле “Энергоресурсы Средней Азии” ЖЧКнын жетекчиси болуп эсептелет, ал эми бул компаниянын дагы бир негиздөөчүсү катары Чиан Феньцзинь көрсөтүлгөн. Компания 2013-жылы негизделип, ишмердүүлүгү катары чийки мунайды өндүрүү көрсөтүлгөн. Ачык бюджеттин сайтында бул компаниянын акыркы төрт жылдагы төлөмдөрү тууралуу маалымат жок. Бул компания учурда мунайды өнүдрүү менен алектенбейт болушу керек деп божомолдосок болот.

“Вектор Гео” ЖЧК “Чжуо Юэ” ЖЧКнын незидөөчүсү болуп саналат, акыркы компания адистештирилбеген дүң соода менен шугулданат. Анын жетекчиси баягы эле Гонг Цуньцюань.

“Алай КейДжи” ЖЧК

Компаниянын 2017-22-жылдары кенди иштетүүгө лицензиясы болгон. Ал иштеткен кендердин аянты 96 820 гектарды түзгөн болчу. Ачык бюджеттин маалыматы боюнча, “Алай КейДжи” 2021-жылы бюджетке таштандыны алып чыгуу үчүн болгону 100 сом төлөгөн, ал эми 2022-жылы төлөмдөрдүн суммасы 488 миң сомго чейин өскөн, бирок алар негизинен кенди колдонууга лицензияны узартуу үчүн төлөмдөр болгон.

2023-жылдын 14-июлуна карата budget.okmot.kg сайтындагы маалыматтардын скриншоту

Компаниянын негиздөөчүсү жана директору Салиева Назира Белековна. Ал “Грин Кыргызстан” коомдук бирикмесинин директору жана 2017-жылдагы шайлоодо президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун ыйгарым өкүлү болгонун гана билебиз.

“«Синьбао» Кыргыз энергия өндүрүүчү компаниясы» ЖЧКсы

Компаниянын негиздөөчүсү жана жетекчиси Хуо Сиань, ал тууралуу ачык булактарда маалыматтар жок. Компаниянын иш алып барган тармагы – чийки мунайды өндүрүү. Лицензия 2015-жылдан 2022-жылга чейин берилген, бирок компания азыр да бар. Мунайды издөө иштери жүргүзүлгөн жердин аянты 85 миң га түздү.

2020-жылы компания бюджетке 510 миң сом төлөгөн, ал эми 2021-жылы 788 миң сом.

Тыянактар:

  1. Кыргызстандагы мунайдын көлөмү аз болгону менен мунай өндүргөн компаниялардан түшкөн төлөмдөрдүн суммасы жүз миңдеген сомдон миллиард сомго чейин болгон.
  2. Мунай өндүргөн беш ири компаниянын төртөөсүндө чет элдиктердин катыштыгы бар.
  3. Жогоруда аталган компаниялардын ээлери тууралуу ачык булактагы маалыматтар өтө аз көлөмдө Юстиция министрлигин сайтында гана бар.