Кыргызстандагы кытайлык күзөттү чагылдырган макалаларга МЕДИАСЫН

 

Өткөн аптада кытайлык жеке коргоо компаниялары Кыргызстанда иштээри тууралуу маалымат жайылып, коомчулукта кызуу талкууга алынды.

Кыргызстанда эмгектенген инвесторлор кытайлык жеке коргоо компанияларын жалдоо аркылуу ишканаларын коргоо мүмкүнчүлүгүн алары тууралуу маалымат тараган.

Макала 25-августта Сentralasia.news сайтында пайда болуп, көпчүлүктүн нааразычылыгын туудурду. Анда Кыргызстандагы кытайлык инвесторлорду коргоо максатында Кытай бийлиги тиешелүү мыйзам долбоорунун кабыл алынышына лобби жүргүзүшү мүмкүн деп айтылат. Маалымат булагы катары Медербек Корганбаев аттуу эксперттин комментарийи жарыяланган.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/9b2453b17daeb6364bf01f49d673132a99c6a423.png?resize=640%2C365&ssl=1

Ошол эле булакка таянуу менен KNews маалымат агенттигинин макаласы жарык көргөн.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/f0f0a11fa8ac85ecc11b572051ae78412d430e89.png?resize=640%2C363&ssl=1

Анда «Келечекте кытайлык инвесторлор ишканаларына, кендерге, мекендештери байырлаган айылдарга Кытайдан жеке күзөт компанияларын тартуусу ыктымал. Ал үчүн Кытай тиешелүү мыйзам долбоорун парламент аркылуу лобби жүргүзүшү мүмкүн», – деген пикир айтылат.

Сentralasia.news сайтынын макаласынын аталышы: «Кытай күзөтү Кыргызстандагы инвесторлордун кызыкчылыгын коргойт» («Китайские «спецы» займутся охраной интересов инвесторов КНР в Киргизии»).

Ал эми KNews агенттигинин макаласы «ЖМКлардын айтымында кытайлык чакан армия кыргызстандык кытайларды коргойт. Бул ишке ашышы мүмкүнбү?»(«СМИ: Маленькие «армии» бойцов из КНР будут охранять китайцев в Кыргызстане. Возможно ли это?»)

Маалымат булагы болгон эксперт өз оюнда жөн гана “мүмкүн” деген божомолун айтканына карабай, эки макалада тең ал факт катары берилген.

Өкмөт маалыматты четке кагып, мыйзамда өзгөртүүлөрдү киргизүү аракети жок экенин тастыктады.

Маалымат чындыкка дал келбейт жана аны тараткандарга карата тиешелүү чара көрүлөт, -деп билдирген өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгул уулу.

Эксперт катары пикирин билдирген автор өзү да баракчасына “жеке ою менен” гана бөлүшкөнүн жазган.

Жыйынтык: 

– Сentralasia.news жана KNews агенттиктери Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 9-10 беренелерин одоно бузган.

9-берене. Тартылган сүрөттөрдү жана аларга коюлган колдорду, тексттерди, баштемаларын редакциялоодо материалдарды бурмалоого, маанисин өзгөртүүгө жана кыскартууга жол берилбейт.

10-берене. Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл.

Маалымат булактары тууралуу 

Сentralasia.news ресурсу күн сайын Орто Азиядагы: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда болгон окуялар тууралуу кабарлоосу сайттын өзүндө айтылат.

Биз  федералдык жаңылыктар, глобалдык өзгөрүүлөр менен бирге жергиликтүү окуяларды да чагылдырабыз. Эң негизгиси— окурманга маанилүү маалыматты жеткиребиз. Биз кимдир-бирөөнүн камчысын чаппастан, болгонду болгондой, жеткиликтүү тилде кабарлайбыз.

Сайт россиялык Domain names registrar REG.RU, Ltd серверинде жайгашкан. Редакциянын дареги катары Москва, Косыгин көч, 15, 38-офис. Редакциянын башкы редактору деп Андони Александр Анатольевичтин ысымы көрсөтүлгөн. Аталган сайт ЖМК катары Россия Федерациясынын каттоосунан өткөн.

Медиасынга кабылган макалага шайкеш жаңылыкты SNG.Today аттуу сайт дагы жарыялаганын Kaktus.media баяндаган. Аталган ресурстун дареги Сentralasia.news сайтынын редакциясы жайгашкан дарек боюнча, жана анын башкы редактору Ледаков Михаил Евгеньевич экенин Kaktus.media журналисттери кабарлаган.

Ал эми эксперт Медербек Корганбаев тууралуу маалымат купулга толорлук эмес. Ал  Facebook баракчасында өзүн чингизиддердин жашыруун орденинин аналитикалык башкаруусунда эмгектенген аналитик деп тааныштырат. Аталган «башкаруу» тууралуу маалымат ачык булактарда жок. Медербек Корганбаев Ошто жашары маалым.

Kaktus.media агенттигинин маалыматына ылайык, макаладагы «эксперт» – Ошто эмгектенген банк кызматкери.

Жыйынтык: Медербек Корганбаев кыргыз-кытай ымаласын терең изилдебегендиктен, макалага ишенимдүү булак болуп бере албайт.