Сауд Арабиясында кумаркана ачылганы чынбы? Текшеребиз

Instagram социалдык тармагынын Kyrgyznews аттуу баракчасында Сауд Арабиясында алгачкы кумаркана пайда болгону тууралуу маалымат жарыяланды.
Factcheck.kg окуянын чоо-жайын териштирди.
Кумаркана тууралуу маалымат алгач 2018-жылы пайда болуп, айрым ислам жаңылыктар сайтында жарыяланган. Бирок маалымат канчалык деңгээлде чындыкка дал келерин аныктап көрөлү.
Яндекс системасынын жардамы менен сүрөт аркылуу издөө салабыз.
Жыйынтыгында Сауд Арабиясы алгачкы жолу эки жумалык балут карта оюнунун чемпионатын 2018-жылдын 4-апрелинде өткөргөнү маалым болду.
Балут оюну покер оюнуна түспөлдөш. Бирок, ислам дининде кумар оюндарына тыюу салынгандыктан, балутта акча ойнотулбайт.
Иш-чарага карата сын-пикирлер айтылбайш үчүн оюндун ачылыш аземине жогорку даражадагы мусулман динаятчысы шейх Адель аль-Калбани да катышкан.
Оюнга айымдардын катышкандыгы да өзгөчө жаңылык болгон.
Аталган чемпионат 2018-жыл менен гана чектелбестен, 2020-жылдын 13-февралынан 22-февралына чейин Рияд Фронт соода борборунда өткөрүлгөн.
Жыйынтык: жалган.
Сауд Арабиясында кумаркана ачылганы тууралуу маалымат — фейк.