Google’ду өзүнүн жасалма интеллектисин окутуш үчүн миллиондогон колдонуучуларынын маалыматтарын уурдады деп айыптап жатышабы? Текшеребиз

Интернетте өзүнүн жасалма интеллектисин окутуш үчүн колдонуучуларынын маалыматтарын алардын уруксаты жок колдонгондугу үчүн Google компаниясын сотко беришти деген маалымат таркатыла баштады. АКШнын Калифорниядагы Федералдык сотуна маалыматтарды уурдагандыгы жана автордук укуктарды бузгандыгы үчүн Google’ду айыптаган доо арыз келип түшкөн имиш.

Доогерлер Google компаниясын жасалма интеллект продуктуларын коммерциялык өнүктүрүүнү жана колдонууну убактылуу токтотууга чакырышат.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын чын-калпын аныктап чыкты.

Чынында эле Clarkson юридикалык фирмасы 11-июлда Калифорниядагы федералдык сотко Google’га, анын ээси Alphabet компанисына жана жасалма интеллект боюнча иш алып барган Google’дун DeepMind туунду компаниясына каршы коллективдик доо арыз берген.

Clarkson’дун сайтында кайрылуу жарыяланган: “Биз ЖИнин күчүнө ишенбиз. Ошондой эле бардыгыбыз анын коркунучун сезебиз. Бул иденттүүлүгүбүздү жана идеяларыбызды коргоо үчүн, коопсуздук чараларын иштеп чыгып, ЖИ менен келечекке даярдык көрүү үчүн чогулганга мүмкүнчулүк болуп саналат. Кларксон Open AI жана Google’дан бардык AI продуктыларын коммерциялык колдонууну убактылуу токтотууну жана бул кубаттуу технологияны жоопкерчиликтүү жайылтууну координациялоону суранат”.

Соттук доо арыз 2023-жылдын 1-июлунда Google’дун купуялуулук саясаты жаңылангандан кийин берилди. Эми анда компаниянын Bard, Cloud AI жана Google Translate сыяктуу жасалма интеллектилеринин негизинде иштеген кызматтары компания интернеттен чогулткан ачык маалыматтардын негизинде окуп үйрөнө алышат.

Юридикалык фирманын арызында Google “жүздөгөн миллион америкалыктар жараткан жана интернетке жайгаштырган маалыматтарды тымызын уурдап жатат” жана өзүнүн Bard чат-боту сыяктуу жасалма интеллект продуктыларын үйрөтүүдө колдонуп келет деп айтылат. Ошондой эле арызда Google “биздин дээрлик бардык санариптик издерибизди”, анын ичинде “чыгармачыл, автордук иштерибизди” өзүнүн ЖИ продуктыларын жаратыш үчүн колдонду деп айтылат.

Бул маселе жалгыз Google’га гана эмес, ЖИнин үстүндө иш алып барган бардык компанияларга тийиштүү. Өткөн айда Clarkson ушуга окшош доо арызын ChatGPT’ни иштеп чыккан OpenAI’га каршы берген. Ушуга окшош компаниялар колдонгон маалыматтардын автордук укугуна жана ошондой эле колдонуучулардын, анын ичинде балдардын жеке жана да, балким, жашыруун маалыматтарын колдонууга байланыштуу юристтер бул маселелерге катуу көңүл бура башташты.

Google’дун башкы юрист кеңешчиси Халима Делейн Прадо доо арызда келтирилген айыптоолор жөнсүз дейт.

“Биз ачык булактардан алган маалыматтарды, мисалы, интернетте жарыяланган маалыматты, жана бардыгына жеткиликтүү маалыматтардын топтомун Google Translate сыяктуу кызматтын өзөгүн түзгөн ЖИни окутуш үчүн жоопкерчиликтүү, ЖИге байланыштуу принциптерибиздин алкагында колдонуп жатканыбыз бардыгына көп жылдан бери эле белгилүү болчу, – дейт ал. – Американын мыйзамдары бардыгына жеткиликтүү маалыматты жаңы пайдалуу максаттарда колдонууга жол берет, ошондуктан бул айыптоолордон баш тартууларын чыдамсыз күтөбүз”.

Юрфирманын доо арызы Google’дун Bard сыяктуу генеративдик жасалма интеллект аспаптарын коммерциялык колдонууну жана иштетүүнү убактылуу токтото турууну талап кылат. Ошондой эле арызда Google мыйзамсыз колдонгон маалыматтын ээлеринин көрсөтүлбөгөн суммадагы чыгымдарын жабуу талап кылынат. Фирма билдиргендей, доо арызды сегиз доогер, анын ичинде бир жашы жете элек бала колдогон.

Тыянак: чындык. Google’га  каршы чын эле коллективдик доо арыз берилген. Анда компания миллиондогон колдонуучулардын маалыматтарын мыйзамсыз колдонгон жана Google’дун купуялуулук саясаты жаңылангандан кийин автордук укуктарды бузган деп айыпталат.