Көнүмүш көрүнүш. Президент Садыр Жапаров кайра жеке менчик учак менен 2.59 млн сомго учуп кетти

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 15-16-мартта Анкара шаарында (Түрк Республикасы) иш сапары менен болот. Бул тууралуу Кыргыз Ресубликасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Тараптар табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелерин талкуулашат.

Factcheck.kg редакциясы президент кайсы учак менен учуп кеткенин жана аны ижарага алуу канча турганын аныктап чыкты.

Flightradar24 кызматынын маалыматы боюнча, “Манас” аэропортунда Бишкек-Анкара (Түркия) рейси пландаштырылган, учак 15-мартта саат 16:00дө (Бишкек убактысы боюнча) учат. Учак Air X Chapter авиакомпаниясына таандык, борттун модели – Embraer Lineage 1000. Эки сааттык учуу болжолуу $29-30 миң же 2.58 млн сом (КРУБдун курсу боюнча) турат.

Белгилей кетсек, президент бул авиакомпаниянын кызматын буга чейин да колдонгон. 2021-жылдын октябрында Садыр Жапаров Шотландиядагы конференцияга учуп барган.

Кымбат баалуу бизнес-джеттер менен учууну “№1 борт” Ту-154М учагынын техникалык жактан эскиргени менен жана аны Европага учууга тыю салынганы менен түшүндүрүп келишет. Андан сырткары Кыргызстан Евробиримдиктин кара тизмегине киргизилген.

Президенттин бул жолку Түркияга иш сапары үчүн чартердик учактын колдонулушун кантип түшүндүрүлөрү азырынча белгисиз, анткени андан мурдараак Садыр Жапаров жубайы менен бул өлкөгө президенттик учак менен эле учуп барып келишкен болчу.

Air X Charter авиакомпаниясы тууралуу эмне белгилүү?

Air X Charter – жеке менчик чартердик авиакомпания. Анын бардык эл аралык талаптарга жооп берген жогорку деңгээлдеги сертификаты бар. Компания бир канча заманбап бизнес-джеттерге ээлик кылат. Башкы кеңсеси Мальтада жайгашкан, экинчи штаб-квартирасы Лондондо.

Учак тууралуу

Embraer Lineage 1000 (E190) – бизнес-класстагы реактивдүү учак. Ал Embraer авиакурулуш компаниясы тарабынан Бразилияда чыгарылат. Жогорку ылдамдыгы 890 км/саатына, учуу алыстыгы 8344 км түзөт жана ичине 19 адамды батыра алат.

Учактын баасы болжолу менен $43.7 млн түзөт. Ал эми анын ижарасы – саатына $14.8 миң.

Embraer Lineage 1000 учагынын салону:

Мамлекеттин биринчи адамдары VIP-учактарды ижарага алууга канча коротушту?

Аткаминерлер ыңгайлуу шарттарда учуу үчүн канча короткондорун так эсептеп чыгуу өтө татаал. Бул тууралуу маалыматтарды табуу кыйын. Өткөн жылы ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Садыр Жапаровдун жеке менчик учактар менен учканы үчүн 140 млн сом жумшалганын билдирген.