Кытайда “ГМО-балдарды” өстүрүштүбү? Текшеребиз

Кытай окумуштуусу Хэ Цзянькуй геному өзгөртүлгөн дүйнөдөгү биринчи балдар кадимкидей эле жашап жатышканын билдирди. Бул тууралуу билдирүүлөр South China Morning Post гонконг гезитине шилтеме кылуу менен коомдук тармактарда таркатылып жатат.

“Алар кадимкидей эле, бейпил жашоода өмүр сүрүп жатышат. Бул алардын каалоосу, биз аны урматташыбыз керек”, – дейт окумуштуу Хэ Цзянькуй. Окумуштуу илимий максатта балдардын көп тынчсыздандырылышын каалабайт.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын аныктыгын текшерди.

Генетикалык модификация деген эмне?

Бул технология сейрек кездешүүчү генетикалык оорулардын алдын алууга жана аларды дарыялоого багытталган. Ошондой эле бул технологияны ата-энесинин катышуусу менен баланы жаралышына чейин эле генетикалык деңгээлде программалоого колдонсо болот.

Геному модификацияланган балдар барбы?

Окумуштуу Хэ Цзянькуй геному модификацияланган балдарды жаратканын 2018-жылы BBC жана The Guardian жазып чыккан. Материалда баяндалгандай, окумуштуу эгиз кыздардын эмбрионунун ДНКсынан тийиштүү бир белокту алып салган, бул кийин балдарда ВИЧке иммунитеттин пайда болушуна алып келген.

Окумуштуунун айтымында, бул экспериментке атасында ВИЧ бар, энесинде ВИЧ жок жети түгөй катышкан. Алардын ичинен бир гана түгөйдө түйүлдүк жаралып, Лулу жана Нуну ысымындагы эгиз туулган. Өзү билдиргендей, бул ишти ал ошол кезде иштеп жаткан Шэньжендеги Илимдин жана технологиялардын түштүк университетинен жашырып жасаган. Кийин ал бул университеттен куулган болчу.

Тобокелдүү медициналык экспериментти жүргүзгөндүгү үчүн Хэ Цзянькуй үч жылдык камакка кесилген.

South China Morning Post гонконг гезити 2023-жылдын 7-февралында окумуштуунун балдар аман экендиги жана алар кадимки балдардай өсүп жатканы тууралуу билдирүүсүн жарыялаган. Бирок окумуштуу балдар илимий изилдөөлөрдүн максатында тынчсыздандырылышын каалабаганын билдирген.

Белгилей кетүүчу жагдай, геному модификацияланган балдардын төрөлүшү тууралуу башка илимий билдирүүлөр жок. Бирок кытай окумуштуусунун 2018-жылдагы геному модификация кылынган балдар тууралуу билдирүүсүнөн кийин Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ДНКны редакторлоо боюнча сунуштаманы иштеп чыккан.

Тыянак: Далилденген эмес. Геному модификация кылынган балдардын төрөлүшү жана алардын жашап жаткандыгы тууралуу маалыматты бир гана окумуштуу айтып келет.