“РФ жарандары үчүн эң жакшы экинчи паспорт” – кыргызстандыкы. КР жарандыгын кантип жана канчага сатышат

Орусиялык компания Open The World кыргыз паспортун 350 миң рублга жасап берүүнү сунуштайт. Ошол эле кезде фирма билдиргендей, жарандык алыш үчүн сөзсүз эле Кыргызстанда жашоонун, мамлекеттик тилди билүүнүн кереги жок, болгону 6-8 ай күтүп туруу керек. Бул кызматы тууралуу маалыматты “сатуучу” коомдук тармактарда жайылтып келет.
Factcheck.kg редакциясы Орусиянын жарандары кыргыз паспортун кантип алса болоорун аныктап чыгууну туура көрдү.
Эмне үчүн Кыргызстан?
Open The World компаниясы Кыргызстандын жарандыгын гана эмес, Болгариянын жана Аргентинанын да жарандыгын алганга көмөктөшөт. Бирок алардын ичинен эң жеткиликтүүсү болуп Кыргызстандын жарандыгы эсептелет.
Open The World компаниясынын маалыматы боюнча, Орусия менен Кыргызстандын ортосунда жарандарына бири-биринин паспортун алууга мүмкүнчүлүктү караштырган келишим бар болгондуктан, жарандыкты расмий программанын алкагында алса болот. Ошентип, орусиялыктар кош жарандыкта боло алышат.
“СССР аймагында төрөлгөн жана жашаган Орусия Федерациясынын каалаган жараны Кыргызстандын жарандыгын алалат. Башкача айтканда, эгер сиз өзүңүз, же ата-энеңиз СССРдин же Кыргызстандын аймагында төрөлгөн болсо, Кыргызстандын жарандыгын алууга документтерди бере аласыз. Ошол эле кезде бул документтердин тизмеги кыска”, – дейт компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Нелли Романченко Youtube-каналдагы тааныштыруу ролигинде.
Анын айтымында, паспортту алуу процедурасы үч баскычтан турат:
● Тизмеге ылайык документтерди чогултуу (туугандары тууралуу маалыматтар, РФ паспорту, соттолбогондугу тууралуу билдирме, жарандык абалы тууралуу актылар).
● Кыргызстанга 2-3 күнгө барып жарандык алууга арыз берүү.
● 6-9 айдан кийин паспортту алуу.
Ошондой эле тездетилген шартта паспортту 1-2 ай ичинде алса болот.
“Боз схемаларсыз”
Кыргыз паспортун эч кыйынчылыксыз бат алуу жолун билиш үчүн биз кардар катары бул компаниянын адиси менен байланыштык. Менеджер Кирилл бизди шарттары менен тааныштырды.
Эч кандай “боз схемалар” жоктугун, бардыгы мыйзамдуу экенин айтты. Паспорт албай калуу да жок экендигин, ал эми анын баасы 350 миң рубль турарын билдирди. Кыргызстандын жарандыгын бербей коюу мүмкүндүгү өтө төмөн, бирок кичинекей тобокелдиктер бар.
“Теория жактан алганда Кыргызстандын президенти орустар мени “тажатты” деп коюшу мүмкүн. Мындай учурда, айтпаса да түшүнүктүү, биз эч нерсе кыла албайбыз. Теория жактан алганда ушунда тобокелдиктер болушу ыктымал”, – деди Кирилл.
Кирилл компаниянын сайтында айтылгандай бардык процесс 6-9 ай эмес, бир аз көбүрөөк убакытты – 9-18 ай аларын тактады. Ошондой эле ал процедураны тездетсе болорун, бирок анда паспорттун баасы эки эсе кымбат болуп, 700 миң рублду түзөрүн айтты.
Кыргыз паспортун алыш үчүн жалгыз гана талап бар – кардар 1991-жылдын аягына чейин, б.а. Советтер Союзу ураганга чейин төрөлүшү керек. Ошону менен катар өлкөнүн аймагында жашагандыгы талап эмес.
Сүйлөшүү учурунда таанышып чыгуу үчүн бизге келишимди жиберүүнү өтүндүк, бирок компания алар “рыноктун лидерлери” экенин жана ага байланыштуу атаандаштар аларга чабуул жасап жаткандарына шылтоолоп бизге кайсы бир кенен маалыматтарды бергенден баш тартышты.
“Биз келишимге кол коюлмайынча кайсы бир юридикалык маалыматтарды бербей турууну чечтик”, – деп, келшимди түзүш үчүн Кирилл бизден паспортторду сурады.Документтер чогултулуп жаткан учурда $200 төлөө керек болот, ал эми калган сумма, б.а. $4.4 миң документтер тапшырылып жатканда төлөнөт.
Мыйзамда эмне деп жазылган?
Чынында эле “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамга ылайык, Кыргыз ССРде төрөлгөндөргө, ошондой эле жок дегенде ата-энесинин бирөөсү Кыргызстандын жарандыгында болуп, КР аймагында жашагандарга Кыргыз Республикасынын жарандыгына ээ болуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби каралган. Бирок жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык алгысы келгендер Кыргызстандын аймагында бир жылга чейин жашашы керек.
Башка учурларда жарандар жалпы негизде арыз бере алышат. Аны үчүн акыркы беш жылдын ичинде Кыргызстанда туруктуу, үзгүлтүксүз жашап, пикир алышуу үчүн жетиштүү көлөмдө мамлекеттик же расмий тилде сүйлөй алып, жашоо үчүн каражат булагы болушу керек. Эгерде илим, техника, маданият жаатында жогорку ийгиликтерге жетишсе, ошондой эле Кыргыз Республикасы кызыкдар болгон кесипке, болбосо адистикке жетишсе, же экономиканын артыкчылыктуу тармагына инвестиция чегерсе чет элдик жарандардын жашоо мөөнөтү үч жылга чейин кыскартылат.
Кыргызстандын паспортуна суроо-талаптын күчөшү
Украинадагы согуштун башталышы жана Орусияда мобилизациянын жарыяланышы менен кыргыз жарандыгын алгысы келген орусиялыктардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты катто департаментинин директору Нурсултан Садырбеков билдирген.
Анын маалыматы боюнча, 2022-жылы январдан сентябрга чейин кыргызстандык болгусу келген орусиялыктардын саны былтыркы жылдын ушул эле мөөнөтүнө салыштырмалуу төрт эсе өскөн.
“Өткөн жылдын 9 айында 385 орусиялык Кыргызстандын жарандыгын алганга документтерди тапшырган, ал эми 2022-жылы – 1631 орусиялык. Алардын ичинен: 2021-жылы 226 адам жарандык алган, ал эми 2022-жылы – 603 орусиялык”, – деген Садырбеков.
Мекеменин маалыматы боюнча, жалпысынан 2022-жылдын 9 айында Кыргызстанда жаңы келген 192 миң орусиялык каттоого турган, ал эми 2021-жылы ушул эле мөөнөттө – 160 миң.
Кыргызстандын паспорту кылмышкерлер үчүн жеткиликтүү
Чет өлкөлөрдөгү кылмыштарды жасаган кылмышкерлерде Кыргызстандын паспорту болгондугу бир нече жолу айтылган. Мисалы, Түркияда атылып өлгөн кытай ишкери Айеркен Саймаитинин жана аны өлтүрүүгө шектелген эки адамдын кыргыз документи болгону аныкталган.
Ошондон кийин Кыргызстандын ИИМи Саймаити Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганын билдирген.
Кийинчирээк «Медиахабдын» журналисттери аныктагандай, Айеркен Саймаити үчүн жасалма паспортту алып берген деп кине коюлган Амирбек Абдыкалыков Сузак районунун Кыз-Көл айылдык кеңешине депутат болуп шайланган.
2019-жылы Киевдин көчөлөрүнүн биринде жардыруу болгон. Украинанын прокуратурасы аны теракт аракети деп баалаган. Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Игорь Мосийчуктун айтымында, бомбаны машинеге Кыргызстандын жараны орноткон, ал жардыруу учурунда каза болгон.
Кийин КР Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, терактты уюштурууга шектелгендерде табылган Кыргызстандын паспорттору жасалма болуп чыккан.
Түркияда Кыргызстандын жасалма паспорттору менен Кытайдын 98 жараны кармалган. Урумчиде турган кытай уйгурлары Сауд Аравиясына учуп кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен Ататүрк атындагы Стамбул аэропортунда кармалганы белгилүү. Алардын ар бири жасалма паспорт үчүн 2.5 миң евродон төлөгөн, ал эми авиабилеттери үчүн алар 300 доллардан гана төлөшкөн.
Тыянак: “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамга ылайык, Кыргызтанда бир жылга чейин жашашы керек. Ошондуктан бул паспорттор мыйзамсыз берилүүдө, ошол эле кезде, фирманын кепилдигине караганда, бул паспорттор жасалма эмес.