Талкаланды делген тажик айылы чынында кыргыз жериби? Текшеребиз

29-майда тажикстандык «Спутник» агенттиги «Талкаланган Хистеварз: кыргыз-тажик жаңжалынын кесепети аттуу» фотобаян жарыялаган

Материалдан фотограф Амир Исаевдин чек ара чырынын кесепетин чагылдырган 15 сүрөтүн көрсө болот.

Фотобаян Кыргызстанда резонанс жаратты: социалдык тармактын колдонуучулары маалыматттын бурмаланышына нааразычылыгын билдирди.

Factcheck.kg бул сүрөттөрдү текшерип көрдү.

«Талкаланган Хистеварз»

Автор баштемада Тажикстандын курамындагы Хистеварз шаарынын жапа чеккенин белгилеген. Алгачкы сүрөт «кыргыз-тажик жаңжалынан эң көп жабыркаган регион» деп мүнөздөлөт.

Биз бул сүрөттү кылдат текшерип, андагы имаратты Google-картадан издесек, ал тажикстандык Хистеварз шаарында эмес, кыргызстандык Борбордук айылында табылды.

 

«Талкаланган Хистеварз» деп мүнөздөлгөн дагы бир сүрөттөгү имарат да Кыргызстандын аймагынан табылды.

Жыйынтык: жалган.

«Талкаланган Хистеварз» фотобаянында кыргыз жери тартылып, окурмандарга тажикстандык шаар катары таңууланган.

«Кыргыздар көзөмөлдөгөн аймак»

Автор кыргыз айылдарын атабаганы аз келгенсип, «кыргыз жери», «Кыргызстандын аймагы» деген сөздөрдү да колдонбоону туура көргөн. Анын ордуна  «талаштуу жердин тегерегиндеги кыргыздар көзөмөлдөгөн аймак» деп маалыматты бурмалаган.

Мындан тышкары, материалда Баткен облусу да Тажикстанга таандык деп атайлап, же байкабай жазылган.

Жыйынтык: манипуляция. Автор Кыргызстанга таандык жерлердин атын атабай, “конфликт”, “талаштуу аймак”, “кыргыздар көзөмөлдөгөн жер” деп белгилеп, маалыматтын бурмаланышына жол берген.