Шахматтагы расизм эмес, чынында манипуляция

Социалдык тармактарда австралиялык радиоберүүчү корпорация шахмат оюнун расисттик деп атагандыгы тууралуу маалымат тараган. Анын себеби —ак фигуралардын ар дайым биринчи болуп  жүрүшү айтылат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мындай маалымат алгач россиялык Newsru.com  сайтында жарыяланган.

Factcheck.kg окуянын чоо-жайын териштирип көрдү.

Тиешелүү макала россиялык сайтта 2020-жылдын 26-июнунда жарыяланган. Анда австралиялык радиоберүүчү коропорациянын (ABC Radio Sydney) Сиднейдеги филилалына  шилтеме берилет да,  Джон Адамс аттуу шахматист 23-июнда өзүнүн Twitter баракчасына мындай деп жазганы айтылат:

“Мага азыр эле ABC Sydney продюсери чалып, шахмат оюнунун эрежелерин айтып берүүнү өтүндү. Алар оюн дайыма ак фигуралардын жүрүшү менен башталганы үчүн аны расисттик мүнөздө деп эсептешет жана башка шахматтисттердин да пикирин күтүп атышат”.

Андан соң шахматист дүйнөдө Covid-19 сыяктуу орчундуу көйгөй турса, радиостанция ойго келгис темаларды чагылдырып атканына нааразы болгон твит жазган.

Factcheck.kg россиялык Newsru.com сайтынан тиешелүү маалымат таба алган жок. Ошол себептен улам, маалыматты башка булактардан издеп көрүүнү чечти.

Анлис тилинде  «chess + racist» (шахмат + расист) деп издөө салып, дүйнөлүк, анын ичинде австралиялык сайттарга туш болуп, андага макалаларды окуган соң, россиялык сайттагы маалыматты тастыктай алдык.

Маселен, The Daily Telegraph сайтынын 25-июнда жарыяланган макаласында радиоберүүнүн жарык көргөн датасы жана продюсер тууралуу маалымат камтылган. Мындай маалымат ар дайым эфирге чыгып турчу Afternoon  берүүсүндө айтылган делет, ал эми берүүнүн автору Джеймс Валентин экен. Ал эми резонанс жараткан берүү 30-июнда жарык көрмөк экен.

Белгилей кетчү нерсе, ошол эле The Daily Telegraph маалыматына ылайык, Джеймс Валентин Джон Адамстын интервьюсун берүүнү пландаштырганын четке каккан.

Антсе да, Адамстын сөзүнө таянып, анын кесиптештери, анын ичинде белгилүү Гарри Каспаров  Twitter баракчасына бул тууралуу пикирин айткан:

Chess.com сайтынын маалыматына ылайык, 2019-жылдын март айында дүйнөлүк чемпион Магнус Карлсен жана анын голландиялык атаандашы Аниш Гири шахмат ойногон жана анда алгач кара фигуралар жүргөн.  Оюнчулардын айтымында мындай оюн 21-марттагы Бириккен Улуттар Уюмунун Расизмге каршы эл аралык күнүнө карата “символикалык жаңсоосу” болгон.

Жыйынтык: Макалада АКШдагы расалык теңсиздик менен байланышкан көйгөйдү дагы көбөйтүү максатын көздөгөн манипуляция ыкмасы колдонулган.