Мальдив аралдарынан Аманда Тургунова учуп келген жок. Анда ким?

22-июнда Мальдив аралдарынан жеке самолет учуп келгенин твиттер колдонуучусу  flightradar24.com сервисине таянып, жазып чыккан.

Ага жооп катары колдонуучулардын бири Райымбек Матраимовдун жубайы Аманда Тургунова кайтып келди деп божомолдогон. 

Flightradar24.com сервиси учактын номерин жана тиешелүү авиакомпанияны билүүгө мүмкүнчүлүк бергендиктен,  Gulfstream III үлгүсүндөгү  N163PA номерлүү учак Phoenix Air авиакомпаниясына таандык экенин аныктайбыз. 

Дал ушул учак  Душанбеге учуп келгени тууралуу биз буга чейин жазган элек.  Ал кезде тажикстандык соц. тармактардын колдонуучулары президент Эмомали Рахмон Германияга дарылануу максатында учуп кетти деп божомолдошкон. Учак медициналык жабдуулар менен камсыз болгонун жана март айында Бутандан АКШ жаранын алып келгенин аныктаган элек. 

 

 

 

 

 

22-июнда учактын Бишкекке конуу себебин билүү үчүн Американын Кыргызстандагы элчилигине кайрылганыбызда төмөндөгүдөй жооп алдык: 

“22-июнда АКШ элчилиги Америкадагы медициналык жардамга муктаж болгон дипломат үчүн авиарейс уюштурду.  Элчилик “Манас” Эл аралык аэропортунун жетекчилигине жана КРнын Жарандык авиациясына кызматташуу үчүн жана учууга уруксат бергени үчүн терең ыраазычылык билдирет”.

АКШнын элчилигинин пресс-борбору.

Учак Бишкектен Омандагы Мускат шаарына, Абу-Дабиге багыт алды. 

Жыйынтык: АКШнын элчилигинин маалыматына ылайык, учак америкалык дипломатты алып кетүү максатында Бишкекке токтолгон.