“Россия 1” каналы “украин жоочулардын” Донбассты аткылагандагы көрүнүш деп, орус ракеталары талкалаган Умандагы үйдү көрсөткөн

“Россия 1” телеканалы 29-апрелде жаңылыктар түрмөгүндө “Украин жоочулары Донбассты аткылагандыгы” жөнүндө билдирген. Алып баруучу “украин жоочулары” Донбассты 28-апрелге караган түнү аткылашкан деген. Анын айтымында, Никольское, Яковлевка жана Ясиноватая калктуу конуштары аткылоого учураган, бардыгы болуп алардын багытында 20дан ашык снаряд атылган имиш.

Ушул кезде алып баруучу Денис Полунчуковдун жанындагы чоң экранда талкаланган көп кабаттуу үйдүн кадрлары көрсөтүлүп жатты. “Настоящее время” редакциясынын журналисттери бул кадрлардын украин шаары Умандагы тогуз кабаттуу үйгө орус ракетасы тийген жерде тартылган кадрларга окшоштугун айтып чыгышты.

Чынында, орусиялык телеканалдын жана Украинанын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрларын салыштырганда, экөөндө тең бир эле жер – Умандагы талкаланган үй тартылганы көрүнүп турат.

Өйдө жагында “Россия 1” телеканалында көрсөтүлгөн кадр, алдында Украинанын ӨКМи Умандагы көп кабаттуу үйгө орус ракетасы тийген жерде тарткан сүрөт

Уманда саат 4:30да көп кабаттуу үйгө Х-101 ракетасы тийген. Биринчи подъезд дээрлик толугу менен жок болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул подъездде 109 адам жашаган, 46 батирдин 27си толугу менен талкаланган.

Көп кабаттуу үйдүн талкаланган бөлүгүндөгү издөө-куткаруу иштери бир суткадан ашык жүргүзүлдү. Акыркы маалыматтар боюнча, 23 адам набыт болгон, алардын алтоосу балдар. 17 адам урандылардын астынан куткарылган, 19 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Бирок Умандагы трагедиянын кадрларын Донбасстын аткыланышы деп билдиргендерден орусиялык канал жалгыз болгон жок. Белгилүү пропагандачы Владимир Соловьев өзүнүн телеграм-каналында “Донбассты ырайымсыз аткылоо” жөнүндө пост жарыялап, аткылоодон жабыр тарткан аял тууралуу видеону колдонгон. Видеодо аял аткылоодон кийинки биринчи мүнөттөрдөгү батирин көрсөткөн.

Чындыгында видеодо Умандын тургуну Юлия орусиялык ракета тийгенден кийинки үйдүн кейиштүү абалын көрсөткөн. Аял катуу стрессте экенин байкалып турат. Видеодогу кадрлардан полго тамчылаган кандарды, талкаланган айнектерди, эмеректерди көрсө болот. Балдары уктаган бөлмөдө да баары чачылып, сынган. Видеонун соңунда Юлия жашын тыя албай орусиялыктарды жек көрөрүн айтат, бирок анын бул сөздөрүн Соловьевдун каналындагы видеодон кесип салышкан.

“Бул аял менен эмне болгонун билгиң келеби, телеграм-каналга жазыл”, – деп Соловьев, “болгон чындыкты” айтып бергенге убада берет.

Аткылоо болгон күнү 28-апрелде орусиялык Коргоо министрлигинин Telegram-каналында “Бутага таамай” деген жазуусу бар жаңыдан учуп чыгып бараткан ракетанын сүрөтү жарыяланган. Бирок Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсү боюнча, Украинанын аймагы багытында атылган 23 Х-101/Х-555 канаттуу ракеталардын 21и жана оперативдик-тактикалык 2 учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлгөн.

Тыянак: калп, көз жазгыруу, пропаганда. Көз жазгыруунун жана пропаганданын максатында, Орусия Федерациясынын өкмөтүнө көз каранды ЖМКларда маалыматтар толугу менен бурмаланган. Украинанын Уманындагы талкаланган үйдүн кадрлары жана жабыр тарткандардын видеолору ДЭР жикчил түзүмүнүн калкутуу конуштарын Украина аткылагандан кийинки көрүнүш деп берилген.