Соттоо жеңил: Эмне үчүн чынында аялдар ымыркайларды көчөдө калтырышат жана бул маселени чечүүнүн кандай жолдору бар

Ноябрдын башында Түштүк-2 кичи районунда таштанды челектерден жаңы төрөлгөн ымыркай табылган болчу. Бул окуя коомдук тармактарда катуу талкууга алынды. Көп өтпөй эле ушуга окшош, ыргытылган ымыркайлар тууралуу дагы эки жаңылык жарыяланды – бири Бишкекетин Арча-Бешик конушунда, экинчиси Жалал-Абад шаарынын таштандылар төгүлүүчү жеринен табылган. Үч ымыркай тең аман калган.  

Болгону эки жуманын аралыгындагы үч окшош окуя Кыргызстанды дендароо кылды, ошондон кийин бала-боксторду орнотуу маселеси көтөрүлдү. Эмне үчүн энелери жаңы төрөлгөн ымыркайларын таштап кетип жатышат, бала-бокстор (беби-бокстор) балдардын өмүрүн сактап кала алабы? Балким, бул маселени чечүүнүн башка жолу бардыр? Ушул тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Бул айдагы биринчи окуя 9-ноябрда болгон, анда пакистандык төрт студент Түштүк-2 кичи районундагы таштандылар челегинен жаңы төрөлгөн ымыркайды таап алышкан. Ал №1 төрөт үйүнө жеткирилип, ага тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн. Эки күндөн кийин, 11-ноябрда, ымыркайдын 21 жаштагы энеси кармалып, кийин ден соолугуна байланыштуу эч жакка чыгып кетпөө тил каты менен ооруканага жаткырылган.

Кылмышка шектелген эне коркконун жана стресстик абалда баланы таштандылар челегинде калтырганын айткан. Ал баладан баш тартпай тургандыгын жана ата-энеси балага камкорчу болууга даяр экенин кошумчалаган. Баланын атасы ким экенин айтуудан баш тарткан.

Ымыркайдын энесине КРдин Кылмыш-жаза кодексинин «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүгө аракеттенүүсү» 37-125-беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ал беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Аялдарды мындай кадамга барууга эмне түртөт?

Ташталган балдардын маселеси Кыргызстанда көп жылдан бери курч бойдон калууда. Таштандылардын челегине же коомдук ажатканаларда ташталган ымыркайлар тууралуу жаңылыктар маал-маалы менен ЖМКларда жарыяланып келет. Айрым учурда ташталган балага жардам берүү кеч болуп калат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы төрөлгөн жана ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн жетекчиси Айгүл Жайлообаеванын айтымында, «ташталган» балдар адатынча никеде эмес төрөлгөн балдар болушат. Мындайда аял туугандарынын жана коомдун жамандоосунан коркот.

«Алар – тарбиялап, багып өстүргөнгө эч кандай мүмкүнчүлүгү жок энелердин балдары», – дейт Жайлообаева.

Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоонун адистештирилген борборунун директору Чолпон Арыкпаева да айтылганды тастыктайт: «Балдардан баш тартуунун негизги себептеринин бири – баланын ден соолугунда маселелердин болушу. Анан да, жана айтылгандай, алар баланы төрөөнү пландаштырбаган жалгыз бой энелер. Алар кош бойлуулук жөнүндө билбеген, ата-энесине көз каранды болгон өспүрүм же андан бир аз улуураак кыздар. Улуттук менталитетибиз боюнча «никесиз балалуу болуу» уят эмеспи».

Коомдук тармактын колдонуучулары ташталган ымыркай боюнча нааразычылыктарын айтып жатышты. Посттун алдында эмне үчүн баланы төрөт үйүндө же бала үйүндө калтырса болбойт эле деген пикирлерин жазып жатышты:

Үй-бүлөгө жана балдарга кызматтарды өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Төрөгелдиев Kaktus Media басылмасына берген маалымат боюнча, эгер эне төрөлгөн баласынан баш тартып жатса, баланы камкордукка алууну сунушташ үчүн атайын кызматтар, биринчи кезекте, ымыркайдын туугандарын табышы керек болот.

Башкача айтканда, энеси купуялуулукту сактоону суранган учурда да, мыйзам боюнча, туугандарына билдириш керек болот. Бирок аялдардын көбү так ушул туугандарынын алдында «уят» болгондон качып балдарынан баш тартып жатышат да. Бул жагдай балага камкорчуну табууда эске алынбай келет.

Белгилей кетүүчү нерсе, ЖМКлардын маалыматы боюнча Түштүк-2де баласын таштаган эне 21 жашта, Арча-Бешикте – 20 жашта, Жалал-Абадда – 18 жашта болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги жана бала-бокстор

Ташталган бала тууралуу жаңылык сайын: балдарды калтырып кетүүгө ылайыкталган бала-боксторду эмне үчүн коюуга болбойт деген суроо жаралат. Көчөдө таштаганга караганда мындай бала-боксто балдар коопсузураак болот эмеспи.

Саламаттык сактоо министрлиги мындай беби-боксторду орнотуу өтө кымбат дейт, бирок канчалык кымбат болоорун тактабады.

«Эң башкысы – каржы маселеси. Бул жөн эле себетти коюп коюу эмес да. Бул аялга да, ымыркайга да коопсуз болушу үчүн 24 саат бою иштеген өзүнчө имарат болушу керек», – дейт Медициналык жардам жана дары-дермек саясаты боюнча башкармалыктын улук адиси Раиса Асылбашева.

Ошол эл кезде, Ачык бюджет сайтындагы маалымат боюнча, 2022-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги бюджеттик 3.8 млрд сом жана атайын каражаттардан 2.3 млрд сом сарптаган.

budget.okmot.kg сайттан скриншот

Эгер министрликтин чыгымдарына назар салсак, өлкө боюнча жана чет элдик иш сапарларга аткаминерлер бюджеттик 11.4 млн сом коротушкан. Мобилдик жана телефон байланышка – 3 млн сомдон көбүрөөк. Транспорт чыгымдарына – 13.5 млн сомдон ашык каражат колдонулган, алардын 10 млн сомдон көбүрөөгү «башка» транспорт чыгымдары, б.а. эмне чыгымдар экенин (бул бензин эмес, транспортту тейлөө же оңдоо эмес, анткени аларга калган 3 млн сом жумшалган) так айтуу мүмкүн эмес. Эмнеге колдонулганы белгисиз.

Ошондой эле 20-ноябрда белгилүү болгондой, Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева бала-боксторду ачуу боюнча сунушун дагы бир жолу айткан. Анын айтымында, өткөн жолу ал бул сунушун айтканда өкмөт бул үй-бүлө институтуна туура келбейт жана кайра эле буга көп каражат кетет деп жооп берген.

Бала-бокс же кароолчунун кароолканасы

Бала-боксту орнотуу, министрлик билдиргендей, чын эле ушунчалык кымбатпы, жок дегенде бирин орнотсо болбойбу?

Бала-бокс деген эмне – бул өзүнчө, элита турак-жай комплексинин кароолчусунун кароолканасынын өлчөмүндөй болгон бөлмө же жай. Анда кышында жылуу, ал эми жай мезгилинде салкын болушу керек. Бокстун ымыркай баткандай кичинекей терезеси жана электр-коңгуроосу болот, аны басканда медайым келип калтырылып кеткен баланы алып кетет.

Мындай айтканда, бала-бокстун өлчөмү, жабдылышы, максаты деле элита турак-жай комплексинин кароолчусунун кароолканасынын көп айырмаланбайт – жылуулатылган, кондиционери бар, терезе, коңгуроо. Купуялуулукту сакташ үчүн бала-бокстор эл көп жүрбөгөн, видеокамералар жок жерге орнотулат.

Бокс чын эле кымбатпы? Биз аны аныктап көрдүк.

Дүйнөлүк практика жана бала-бокстордун баасы

Бала-бокстор башка өлкөлөрдө көптөн бери иштеп келет. Орусиялык «Известие» басылмасы билдиргендей, мындай себеттер Орусияда 2013-жылдан бери бар.

2013-жылдан 2021-жылга чейин 200дөн ашык ымыркайдын өмүрү сактап калынган. Ал эми 2021-жылы Ставрополдук жергиликтүү думанын депутаты Николай Новопашин билдиргендей, бир бала-боксту орнотуу 300 миң рублду түзөт экен (кароолканага окшоштугун эскертебиз). Бул сумма былтыр Саламаттык сактоо министрлиги короткон каражаттардын жанында тыйын эле болуп калат.

Бала-бокстор ошондой эле Германия, Түштүк Корея, Швейцария өлкөлөрүндө орнотулган.

Кошуна Казакстанда «Алем Асар» коомдук фондусунун колдоосу менен эки бала-бокс орнотулган. Ага акчаны бул маселеге көңүл кош карай албаган эл өзү чогултуп берген. Долбоор  «Үміт бесігі» («Үмүт бешиги») деп аталат.

Эң кызыктуусу, ишеним телефондору бар маалыматтык плакаттар кеңири таркатылгандактан бала-бокско азырынча эч ким кайрыла элек. Кыйын абалга тушуккан аялдар ишеним телефондоруна чалышып, аларга андан ары жардам көрсөтүлүшү үчүн кризистик борборлорго жайгаштырылып турушкан. Балдарын эч кимиси таштаган эмес.

Башка жол

Бала-бокстун кереги жок деген пикирдегилер да бар. Мисалы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун оюнда, боксту орноткондун ордуна энелердин купуялуулугун камсыздоо үчүн мыйзамдарды өзгөртүү керек. Ал ансыз да бактысыз аялдарды жазалаганды, туугандарына кайрылганды токтотуу зарыл дейт.

Котормо: “Мен 10 жыл мурда эле бэби бокстор тууралуу сөз кылгам. Бизге алардын кереги жок. Баш тарткысы келген байкуш энелерди жазалаганды токтотушубуз керек. Бул дүйнөлүк практика. Биз анын үстүндө иштеп жатабыз”

 

 

 

 

 

 

 

Бул чын эле маселени чечүүнүн башка жолу болушу мүмкүн. Мындайда аял башкалардын, туугандарынын билип калуусунан, алардын алдында «уят» болуудан коркпой калат.

Учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча, энеси төрөтканада баласынан расмий түрдө баш тарткандан кийин социалдык же мамлекеттик кызматкерлер аялдын туугандарына билдирип, ымыркайдын мыйзамдуу өкүлүн, биринчи кезекте, туугандарынын арасынан андан кийин гана үчүнчү тараптарды издеп-тапканга милдеттүү.

Бирок бийлик бул маселени талкуулап, аны жаңы мыйзамдар аркылуу чечүүнү ойлонуштуруп жаткан учурда ымыркайларды көчөлөрдө таштап кетип жатышат. Бул материал жазылып жатканда ташталган бала тууралуу дагы эки жаңылык жарык көрдү.

Тыянак: мындай кырдаалда эң маанилүү нерсе – ымыркайдын өмүрүн сактап калуу. Таштанды челектерде жана арыктарда ташталган балдардын өмүрүн адатынча сактап калууга болбой калат. Мындай кырдаалда эмне кылса болот:

  • Бала-боксторду орнотуу, аларга баланын өмүрүнө жана да Саламаттык сактоо министрлиги былтыр командировкаларга короткон 11.4 млн сомго жана кайсы бир белгисиз транспорттук чыгымдарга жумшалган 10 млн сомго салыштырмалуу болбогон акча сарпталат.
  • Аялдар өзү жана бала үчүн коопсуз шартта төрөтканада төрөп, туугандары жана медициналык кызматкерлер тараптан эч кысымыз жана айыптоосуз баладан баш тартуу арызын жаза алышы үчүн алардын купуялуулугун сактап, мыйзамдарды өзгөртүү.