Темирбек Асанбеков: “Конституциянын 84-беренесинде премьер-министрдин жеке жоопкерчилиги каралган”
Жалган
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинде көпчүлүк коалициянын премьер-министрди тандашы боюнча процедура жазылган, бирок өкмөт башчынын жеке жоопкерчилиги тууралуу айтылган эмес. Ошол эле берененин акыркы пунктунда көпчүлүк коалиция тараган учурда өкмөт отставкага кетери белгиленген.