Фактчек: Нааразылык марштарына чыккан француздар Украинага курал-жаракты берүүгө каршыбы?

ВКонтакте коомдук тармагындагы орусиялык “Новости” маалымат агенттигинин верификациядан өткөн барагында 31-январда нааразылык марштын видеосу жарыяланган. Агенттиктин маалыматы боюнча, марш Францияда болгон, ал эми Франциянын Украинага курал-жарак берүүсү ага себепчи болгон. “Парижде француз өкмөтүнүн саясатына каршы нааразычылык билдирүүлөр болду. Анын катышуучулары Украинага курал-жарак берүүнү токтотуп, өлкөнүн ички маселелерине көңүл бурууну талап кылышты”, – деп айтылат. Бул постту көрүүлөрдүн саны 103 миңден ашкан.

Factcheck.kg редакциясы январда Францияда пенсиялык реформага байланыштуу пландаштырылып жаткан нааразычылык акциялар тууралуу маалымдаган болчу. Ошондуктан бул видеодогу француздар чынында эле эмнеге каршы чыгып жатышканын аныктап көрөлү дедик.

Биз байкаган биринчи жагдай: марштын кадрлары өтө тыкандык менен тандалган, анткени видеодо көрсөтүлгөн бир дагы плакаттан француздар эмнега каршы чыгып жатышканын аныктоо эч мүмкүн эмес. Жазуулар салыштырмалуу нейтралдуу маанайда. Украина же курал-жарак берүү тууралуу эч нерсе айтылбайт. Бир гана акыркы секундад көрсөтүлгөн бир плакатты албаганда.

Плакатта пенсия тууралуу айтылат.

Видеонун сол-жогору тарабына көңүл бурсак, Ruptly деген жазууну байкайбыз.

Ruptly – жаңылык видеоконтентти таркатууга адистешкен орусиялык мамлекеттик видеоагенттик. Германияда, Берлин шаарында жайгашкан. Орусиялык мамлекеттик RT телекомпанияга таандык туунду фирма болуп эсептелет.

Бул булактан видеону толугу менен таба алдык. Андан нааразылык акцияны “сары күрмөлөр” уюштурганын билсек болот. Ал эми ролик 29-январда жарыяланган.

Эскерте кетсек, сары күрмөлөрдүн кыймылы – 2018-жылдын соңунда пайда болгон, бирдиктүү жетекчилиги жок нааразычылык кыймыл болуп эсептелет. Бул кыймылдын мындай аталышы анын катышуучулары бири-бирин айырмалай билиш үчүн сары күрмөлөрдү кийишкенинен чыккан. Президент Макрондун көмүртек отунуна салыктарды көтөрүү демилгеси биринчи манифестациялардын себепчиси болгон. Кийин анын катышуучуларынын талаптары башка социалдык жана экономикалык  талаптарга чейин кеңейген. Кыймыл тез өсүп бүт өлкөнү камтыган.

Аталган видеодогу түшүндүрмөдө нааразычылык акция пенсия реформасына каршы жүрүп жатканы айтылат.

Бул күндөрү Францияда так ушул пенсия реформасына каршы массалык акциялар жүрүп жатканын дүйнөлүк медиалар билдирген, бирок ушул эле убакта Франциянын Украинага курал-жарак берүүсүнө каршы чыгуулар болгону тууралуу эч бир жаңылык болгон эмес.

Тыянак: көз жазгыруу. Видео Франциядагы пенсия реформасына каршы нааразылык билдирүүлөр учурунда тартылган. Нааразылык акциялардын РИА Новости билдиргиси келгендей Украинага курал-жарак берүү менен эч кандай байланышы жок.