БШК “Ынтымак” партиясын каттоодон баш тартышы керек (жаңыланды)

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңешке аттанган кандидаттардын тизмегин жарыялады.

Factcheck.kg тизмектерди текшерип, айрым кандидаттар эки ирет жазылганын аныктады. 

Алсак, “Ынтымак” саясий партиясы 71 кандидат тууралуу маалымат берген. Алардын ичинен жети кандидат тууралуу маалымат кайталанат. Бул техникалык катабы, же атайлап жасалганбы, белгисиз.

  1. Эрнст кызы Асем (№61, 71)

2. Бейшеналиев Кубанычбек Сейитбекович (№57, 67)

      3. Казакбаев Максатбек Дайырбекович (№55, 65)

      4. Жамангулов Адилет Бактыбекович (№60,70)

       5. Осмонова Чолпон (№56, 66)

     6. Исаева Жамийла (№59,69)

      7. Таалайбеков Канат Таалайбекович (№58,68)

Мындан тышкары, бир эле кандидат тууралуу маалымат эки башка нукта берилгенин байкадык.

Мисалы, тизмекте 60-болуп катталган Жамангулов Адилет Бактыбекович иштебейт, бирок ошол эле кандидат 70-номерде «Прод Импекс» ЖЧКсында эмгектенери жазылган. 

Осмонова Чолпон аттуу айым 56 жана 66-номерде көрсөтүлгөн. Ал бир эле учурда жумушсуз жана Улуттук университетте окутуучу.

Ал эми Исаева Жамийла “Микстон” ЖЧКсында да,  “Айыл Банкта” да эмгектенет экен.

Узакбаев Чынгыз аттуу кандидат  “Камчыбековна” деп көрсөтүлүп калган.

Биз  Tizme потралынан Узакбаев Чынгыз  “Камчыбекович” аттуу жаранды таптык. 

Эске салсак, шаардык кеңеште 45 мандат каралган. Мыйзамга ылайык, саясий партиялар 68ден кем эмес кандидаттын аты-жөнү тууралуу маалыматты бериши керек. 

3. Саясий партия төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө укуктуу:

1) пропорциялуу система боюнча шайлоодо – ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык орундардын санынан бир жарым эседен кем эмес ашкан сандагы талапкерлерди;

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын, 49-беренеси, 3-пункту.

Кайталанган кандидаттарды алып сала турган болсок, партия тизмегинде болгону 64 кандидат калат. 

Мындан улам, БШК партияны каттоодон баш тартышы керек эле. 

8. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялар тарабынан анык эмес маалыматтарды берүү фактысын белгилөө, аныктоо шайлоо процессинин бардык стадиясында каттоону жокко чыгарууга алып келет.

Талапкерлердин тизмесин каттоодо төмөнкүлөр баш тартуунун негиздери боло алат:

1) талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Мыйзамга ылайык зарыл болгон документтерди бербөө, ошондой эле көрсөтүүнүн ушул Мыйзам менен каралган тартибин сактабоо.

Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык,  “Ынтымак”  саясий партиясын Жогорку Кеңештин  VI чакырылышынын депутаты Марлен Маматалиев жетектейт. Ал 2020-жылкы парламенттик шайлоого  “Мекеним Кыргызстан” партиясынын курамында аттанган.  “Ынтымак” партиясын 10 адам негиздеген. 

Жыйынтык: “Ынтымак” саясий партиясынын тизмегинде  7 кандидат тууралуу маалымат кайталанган. Бул мыйзамга каршы келгендиктен, БШК партияны каттоодон баш тартуусу керек. 

Биздин материал жарык көргөндөн кийин БШК бул техникалык ката деп билдирди. Бишкек шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын жетекчиси Кайрат Маманов 24.kg сайтына “маалымат текшерилген жана партиянын кагаз түрүндө берилген тизмеги туура” —  деп билдирген. Анын айтымында тизмек сайтка жүктөлгөн учурда ката кетирилген, ал эми күнөөлүүлөр жазаланат.