Ысык-Көлдүн жээгиндеги жашыруун хан сарай кимдики?

Орнок айылында Ысык-Көлдүн жээгинде бак-дарактар менен курчалган эки кабаттуу хан сарай жайгашкан. Бирок, текшере келгенде, ал каттоодон өтпөгөнү аныкталды. Табышмактуу үйдүн ээси тууралуу маалымат да белгисиз. 2015-жылы хан сарай Эркин Мамбеталиевге таандык деп айрым ЖМКлар жазып чыккан.

Мамбеталиев — Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы. Эл арасында ал Рысбек Акматбаевге таандык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп айтылып келет. Мамбеталиев буга чейин киши өлтүрүү беренеси боюнча соттолуп, кийин кайра акталган. Ал криминалдык авторитет Камчы Көлбаев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Акматбек Келдибеков жана мурдагы прокурор Байтимир Ибраев сыяктуу аттуу-баштууларды бир тойдо чогулта аларын айрым ЖМКлар жазып чыккан

Хан сарай тууралуу маалымат

 Factcheck.kg көл жээгиндеги хан сарайдын Эркин Мамбеталиевге таандык экенин текшерип көрдү. Алгач интернет желесинде журналисттер буга чейин жарыялаган сүрөткө көз чаптырабыз:

Андан соң хан сарайды Google картасынан издеп таап, кадастр номурун аныктайбыз да, анын кимге таандык экенин текшеребиз. 

Документтерге ылайык, хан сарай жайгашкан жер тилкеси бош, ал айыл-чарба багытындагы жер. Бул аймак бир дагы физикалык жакка таандык да эмес, ижарага да алынган эмес. Ал тургай, мамлекеттин да карамагында эмес.

 

Жер тилкесинин аянты да белгисиз. Бул тууралуу техникалык мүнөздөмөдө 0.0 деген маалымат көрсөтүлгөн.

 

Хан сарайдын Эркин Мамбеталиевге таандык экенин далилдөө мүмкүн болгон жок. Бирок, анын документалдуу түрдө жокко эсе болгону тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан тергөө жүргүзүшү керектигинен кабар берет. 

 “Эдельвейс” пансионаты 

Табышмактуу хан сарайдын тушунда жайгашкан “Эдельвейс” пансионаты да редакциянын көңүлүн бурду. Бул объект тууралуу маалымат кадастр кызматынын базасынан табылды. 

ФОТО: https://www.instagram.com/kgedelweiss/?hl=ru

Маалыматка ылайык, жер тилкенин ээси – мамлекет, андан бир нече жаран жерди ижарага алган. Жердин көбү учурда Эркимбек уулу Аскардын наамында. Ал Эркин Мамбеталиевдин уулу деп айтылып жүрөт. Айтмакчы, Эркиндин расмий аты – Эркимбек.

Кадастр маалыматына ылайык, кыймылсыз мүлктүн түрү деп “структурасы жок жер участогу”, ал эми пайдалануунун формасы “токой жер” деп көрсөтүлгөн. Жер тилкесин пайдалануу максаты катары айыл чарба муктаждыктары жазылган. 

Коомдук кадастр картасынын маалыматы боюнча, “Эдельвейс” пансионаты жайгашкан аймак Мамлекеттик токой фондунун жерлери деп белгиленет жана өзгөчө корголуучу аймак болуп саналат.

Ал эми пансионаттын атынан кардарларга Аскар Эркимбеков жооп берип атканын көрсө болот. 

Мындан тышкары, Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Аскар Эркимбеков жеке баракчасына “Эдельвейс” пансионатынын сүрөттөрүн жүктөгөнүн көрсө болот.

Бул сүрөттөр дал ушул пансионатка таандык экенин аларды Instagram соцтармагындагы сүрөттөр менен салыштырган соң, аныктай алдык.   

Ал эми Эркимбек уулу Аскар менен Эркин Мамбеталиев ата-бала экенин экөөнүн тең Бишкектеги бир шайлоо участогуна каттоодо турганы тастыктайт. 

Жыйынтык: хан сарай тууралуу документтерде маалыматтын жоктугу жана бүтүндөй бир пансионат жайгашкан аймак Мамлекеттик токой фондунун жерлери деп белгилендиги жана өзгөчө корголуучу аймак болгону тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан иликтөө жүргүзүүсүн талап кылат.