«X оорусу» таажычан вирустун пандемиясына салыштырмалуу 20 эсе көп курмандыкка алып келиши мүмкүнбү? Текшеребиз

ЖМКларда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) шилтеме кылынып, белгисиз «Х оорусу» таажычан вирустун пандемиясына салыштырмалуу 20 эсе көп курмандыкка алып келиши мүмкүн деген билдирүүлөр жарыяланууда. Factcheck.kg редакциясы бул билдирүүнүн чын-калпын жана «Х оорусу» тууралуу учурда эмне белгилүү экенин текшерип чыкты.

«Х оорусу» деген эмне?

«Х оору» учурда вирусу адамда аныктала элек, а демек илимге белгисиз, а бирок адамзатка чоң коркунуч жараткан кезектеги эпидемиянын себепкери болушу мүмкүн деген божомол болуп эсептелет.

ДСУ биринчи жолу ушундай оору пайда болушу мүмкүн деп 2018-жылы эле билдирген. Ал изилдөөлөргө көбүрөөк каражат бөлүп, жакыр өлкөлөргө медицина тармагында жардам берүү керектигин сунуштаган. Учурда ДСУ сайтында бул билдирүүнү табуу мүмкүн эмес, бирок ал веб-архивде сакталып калган.

2019-жылы башталган таажычан вирустун пандемиясы «Х оорусу» тууралуу божомолго дал келет.

ДСУ белгисиз оору тууралуу кезектеги эскертүүсүн 2022-жылы жасаган. Патогенди изилдөөнү жана аны менен күрөшүүнү тездетүү үчүн бул оору приоритеттүү тизмекке кошулган. Бирок азыркы күнгө чейин изилдөөлөрдүн жүрүшү тууралуу эч бир маалымат жок.

Учурда ДСУнун приоритеттүү тизмегине төмөнкүлөр кирет:

Бул тизмекке «Х оорусу» да кошулган.

Окумуштуулардын пикиринде, учурда белгисиз болгон инфекциялык оору жаныбарлардан адамга жугушу мүмкүн, анткени акыркы эпидемиялардын көбү түрлөр аралык жугузууга жөндөмдүү жаныбарлардын вирустарынан пайда болгон.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, адамдагы вирустурадын 71.5% зооноздук (жаныбарлардан адамга жуккан оору, – ред. түш.) болуп эсептелет, б.а. алар адамда жана кеминде дегенде сүт эмүүчү жаныбарлардын бир түрүндө кезигет.

Ошол эле кезде дүйнө жүзүндө 1.5 миллиондон көп азырынча ачыла элек, белгисиз вирустар бар деп божомолдонуп келет. Бул адам үчүн зооноздук болушу мүмкүн деген оорулардын саны көп экенин көрсөтөт, алардын кайсынысы адамга түздөн-түз коркунуч туудурарын аныктоо кыйын.

Бул оору чын эле таажычан вируска караганда көбүрөөк курмандыктарга алып келеби?

2024-жылдын январында айрым ЖМКлар Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумунун башталышына үч күн калганда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) жетекчиси Тедрос Аданом Гебрейесус «Х оорусу» болушу мүмкүн экендигин жана ал COVID-19 пандемиясына караганда 20 эсе көбүрөөк курмандыктарга алып келиши ыктымалдыгын айтат деп божомолдошкон болчу. Бирок ДСУнун жетекчиси мындай билдирүү кылган эмес, а демек, ал ДСУнун сайтында жарыяланган эмес.

Анын айтымында, таажычан вирусту «Х» деп белгиленген оорунун биринчиси деп эсептесе болот.

«Бул кайталанышы мүмкүн. Бирөө мени адамдарды дүрбөлөңгө салып жатат деп айтышы ыктымал. Бирок менимче, божомолдоп, жаңы ооруга даярданып алган артык», – деген ал.

Илимге белгисиз оору 50 млн адамдын өмүрүн алып кетиши мүмкүн деген божомолду Вакциналар боюнча британдык жумушчу топтун эксперти Кейт Бингэм айткан болчу. Бирок бул божомол анын гана пикири эле. Эч бир изилдөөлөр болгон эмес, далилдер да жок.

Болушу мүмкүн жаңы «Х оорусу» тууралуу маалыматты кутумчулар активдүү колдоно башташкан. Алардын пикиринде, COVID-19 пандемиясы жана келечекте болушу мүмкүн эпидемиялар мурдатан пландаштырылган. Бирок дүйнөлүк кутум теориясын колдогондор эч бир далилдерди келтире алышпайт.

«Х» менен күрөшүш үчүн кандай стратегиялар иштелип чыгууда?

ДСУнун генералдык директору Тедрос Адханом Гебрейесустун пикиринде, баштапкы медикалык-санитардык жардамды жакшыртуу зарыл.

«Киреше деңгээли жогору өлкөлөр көптөгөн убакыттан бери жогорку технологиялуу жабдыктарга жана үчүнчү даражадагы кызматтарга инвестицияларды салып келишкен, бирок баштапкы медикалык-санитардык жардамга инвестициялар салынган эмес. Айрым өлкөлөр (COVID-19 пандемиясы учурунда) контактыларды тактаганга да жетише алышкан жок. Ошондуктан, менин оюмча, өлкөлөрдүн даярдыгы үчүн  баштапкы медикалык-санитардык жардамды жакшыртуу өтө зарыл», – деди ал Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум учурунда.

COVID-19 сыяктуу учурларда киреше деңгээли төмөн жана орто өлкөлөр жаңы патогендердин пайда болушуна даярданып алышы үчүн ДСУ жана башка уюмдар 2022-жылы пандемиялык фондду негиздешкен.

ДСУ жаңы белгисиз ооруга каршы туруш үчүн зарыл болгон аракеттердин тизмегин иштеп чыккан:

  • Саламаттык сактоо тутумун ыкчам аракеттерди көрө алгандай кылып өзгөртүү
  • Эпидемиялык кырдаалга байкоо жүргүзүүнү жакшыртуу
  • Жаңы вирустун таркалышын азайтуу боюнча натыйжалуу аракеттерди уюштуруу
  • Изилдөө программаларын күчтөндүрүү
  • Коммуникацияны жана дезмаалыматка каршы турууну жакшыртуу.

Тыянак: далилденбеген. Белгисиз «Х оорусу» таажычан вирустун пандемиясына салыштырмалуу 20 эсе көп курмандыкка алып келиши мүмкүн деген билдирүү айрым эксперттердин пикири түрүндө гана белгилүү жана ал изилдөөлөр менен тастыкталбаган.

ДСУ жана саламаттык сактоо тармагындагы башка уюмдар расмий билдирүүлөрдү кылган эмес, анткени «Х оорусу» – бул божомол гана болуп эсептелет.