Мурдагы кыргыз аткаминери тыюу салынган товарларды Орусияга саткандыгы үчүн АКШнын сакциясына кабылды

АКШнын Каржы министрлиги 20-июлда төрт кыргызстандык компания Орусия менен кызматташкандыгы үчүн Америка Кошмо Штаттарынын санкциялык тизмегине киргизилгенин билдирген. Алар: RM Design and Development ЖЧК (“РМ Дизайн жана Девелопмент”), “Прогресс Лидер” ЖЧК, “ГТМЭ Технологии” ЖАК, “Карголайн” ЖЧК. Акыркы фирма мурдагы кыргыз аткаминерине таандык.

Factcheck.kg редакциясы бул компания тууралуу маалыматтарды чогултту.

“Карголайн” компаниясы 2022-жылдын мартында катталган. Анын иш алып барган негизги багыты – “аба траспортунун жүктөрдү ташуусу”. Бул фирма Климаттык каржылоо борборунун директорунун мурдагы орун басары Азамат Алкадыровго таандык. Сооронбай Жээнбеков президент, Мухаммедкалый Аблгазиев премьер-министр болуп турган кезде иштеген.

Анын “Аэротрейд” деген 2022-жылы негизделген дагы башка компаниясы бар. “Автомобиль транспортунун жүк ташуусу” менен шугулданат.

АКШнын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, “Карголайн” компаниясы миллиондогон долларлык чет элдик авиатехниканы Орусияга, анын ичинде АКШнын экспорттук көзөмөлүнө кирген авиакомпанияларга да саткан.

Орусиялык “Проект” медиасы маалымдагандай, “Карголайн” орусиялык авиакомпаниялар кызматташкан беш ири камсыздоочу фирмалардын катарына кирет. 2022-жылдын март-август айларында компания 1.05 млн долларга авиатетиктерди саткан. Башка ири камсыздоочу фирмалардын катарында Тажикстандын жана Бириккен Араб Эмираттарынын компаниялары бар.

“Ачык бюджеттен” белгилүү болгондой, 2023-жылдын жети ай аралыгында фирма 1.4 млн сом өлчөмүндө салык төлөгөн. Бир жыл мурун салык төлөмдөрү 1.6 млн сомду түзгөн болчу. Салыктардын басымдуу бөлүгү “Манас” бажысына туура келет – Алиакбар Куменович Булатов аркылуу төлөнгөн үчүнчү өлкөлөрдөн КРге алып келинген товарларга кошумча нарк салыгы.

Булатов мурдагы аткаминер. Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде Мамлекеттик бажы кызматынын оперативдик-техникалык жана конфискаттар менен иштөө бөлүмүн жетектеген. Ал тууралуу башка маалыматтар жок. Учурда пенсияда экени белгилүү.

Кошумчалай кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстан 2022-жылы дүйнө жүзү боюнча 18 тонна учактын тетиктерин экспорттогон. Салыштыруу иретинде, бир жыл мурун мындай товарлар такыр экспорттолбойт болчу. Баарынан көп Бириккен Араб Эмираттарына (6.7 тонна) жана Орусияга (4.4 тонна) экспорттолгон.

Тыянак: Климаттык каржылоо борборунун директорунун мурдагы орун басары Азамат Алкадыровго таандык фирма тыюу салынган товарларды Орусияга саткандыгы үчүн АКШнын санкциялык тизмегине киргизилген.