Кыргызстан АКШнын “кара тизмесине” түштүбү? Текшеребиз

Кыргызстан менен катар бир нече мамлекеттердин жарандарына виза алууга АКШ тараптан чектөө коюлары тууралуу 22-январь күнү Kloop, Kaktus Media жана 24.kg басылмалары кабарлаган.

Factcheck.kg маалыматтын чын-төгүнүн бышыктап көрдү.

Politico басылмасы өздүк булактарга таянып, АКШ президенти Дональд Трамп жети өлкөгө визалык чектөөлөрдү коюу маселесин караштырууда деп билдирген. Бул Белоруссия, Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания өлкөлөрү деп айтылат.

Жогорудагы маселе көтөрүлгөндүгү тууралуу буга чейин да ушак- айыңдар айтылып келген.

The Wall Street Journal басылмасынын айтымында, Швейцариянын Давос шаарында өткөн дүйнөлүк форумда  АКШ президенти визага чектөө коюлчу өлкөлөрдүн тизмегин узартаарын айтып, 27-январда тиешелүү документти жарыяларын белгилеген.

Ак үйдүн пресс-катчысы Хоган Гидли документ тууралуу пикирин айтпай, төмөндөгүдөй жооп узаткан: «АКШга кирүүгө чектөө коюунун өзү — бул өлкөбүздү коргоого жана дүйнө жүзүндөгү коопсуздукту сактоого багытталган негизги жана ийгиликтүү курал».

Vox агенттигинин билдирүүсүндө мындай кадам АКШнын тургундарына залакасын тийгизет — жарандарды жакындарынан алыстатат жана студенттерди АКШда окуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат деп сындаган.

Макалада АКШга кирүүгө тыюу салынган өлкөлөр менен дипломаттык мамилени алсыздатып, эл аралык бизнеске залакасын тийгизет жана дээрлик бүткүл дүйнөгө таасир калтырат деп айтылат.

2017-жыла АКШ улуттук коопсуздукту сактоо максатында Иран, Ливия, Сомали, Сирия, Йемен, Венесуэла, Түндүк Корея жана Чад мамлекеттеринин жарандарына өлкөгө кирүүгө тыюу салган.

Бул чектөөнүн таасири кандай?

2017-жылкы тыюу Green Card же виза алгандарга жана кош жарандыгы барларга тиешелүү болгон. Алардын көпчүлүгү АКШга сапар алган самолеттордон жана өлкөнүн аэропортторунан кармалган. Бирок, эки айдан соң Трамп бул чектөөгө өзгөртүү киргизген — Ирак жарандарынын арасынан виза жана Green Card ээлерине АКШга кирүүгө уруксат берилет. Ал эми 2018-жылы Чад мамлекетинин тургундарына да АКШга кирүү мүмкүнчүлүгү ачылат.

Ал эми жогоруда айтылган жети өлкөнүн жарандарына грин-карта алууга жана виза лотереясына катышууга тыюу салынган. Тыюунун башка түрлөрү мамлекетке жараша ар башка болгон.

Кыргызстанга карата колдонулуучу тыюулардын болжолдуу себептери  

«Азаттык» үналгысынын айтымында тыюунун бирден бир себеби — “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмдун жоочуларынын Кыргызстанда болушу жана жасалма кыргыз паспортунун дүйнө жүзүндө кеңири тарагандыгы.

Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош шаары жасалма кыргыз паспортунун борбору катары айтылат. Жасалма паспорттор Россия жана башка постсоветтик өлкөлөрдүн уюшкан кылмыштуу топторунун мүчөлөрү, көмүскө акча ташуучулар жана эл аралык кылмыш иши боюнча шектүүлөр арасында колдонулат деп айтылган.

«АКШнын окуу жайларында билим алган кыргыз жарандары да визаны убагында узартпастан, мыйзамсыз мигрант болуп ачыкка чыгып калган жайлары бар», – деп билдирет «Азаттык» үналгысы.

ТИМдин билдирүүсү

22 январда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу ТИМге чакырылып, өз учурунда элчи АКШ тарап Кыргызстанга карата кандайдыр бир чектөө коерун тастыктаган эмес. Бул тууралуу «Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматы билдирет.

«Биздеги маалымат боюнча бул сунушту АКШнын укук коргоо органдары киргизген. 2017-жылы Кошмо Штаттардын президенти биометрикалык паспорт бербеген өлкөлөрдүн жарандарын киргизүүнү 2020-жылдан тартып чектөө тууралуу мыйзам кабыл алган. КМШ мамлекеттеринен биометрикалык паспорт бербеген өлкөлөрдүн бири – Кыргызстан», – деп билдирген тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков.

Ал ортодо президент Трапмтын администрациясы «Төрөт туризмине» чектөө тууралуу кийинки бейшембиде айтары белгилүү болду. «Төрөт туризмине» ылайык, кош бойлуу айымдар көз жаруу максатында АКШга каттайт. Конституцияга ылайык, АКШда төрөлгөн ар бир ымыркай өлкө жараны болуп саналат. Трамп буга каршы чыгып, «Төрөт туризмин» токтотуу маселесин көтөрүп чыккан. Бирок президенттик администрация мүчөлөрү жана тиешелүү эксперттер аны дароо тыюу салуу мүмкүн эместигин билдирген. Бул тууралуу BuzzFeed News агенттиги маалымдайт.

Жыйынтык: 

  • Жакынкы арада АКШ тараптан бир катар өлкөлөргө виза берүүгө чектөө коюлары тууралуу маалымат – чындык. Бул тууралуу АКШнын расмий өкүлдөрү, ал тургай Трамп өзү да үн каткан.
  • Визага чектөө киргизилген өлкөлөрдүн арасында Кыргызстандын бар экендиги тууралуу маалымат далилденген жок. Америкалык басылмалар өз жаңылыгында өкмөттөгү өздүк булактарга таянган. Ал эми расмий билдирүү келерки дүйшөмбү күнү, 27-январда күтүлүүдө.