Депутат Надира Нарматованын посту 32 жолу өзгөргөнү чын

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын Facebook социалдык тармагына жазган билдирүүсү 32 ирет өзгөрүүгө учураган. Ал өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө жаңылган видеосу менен бөлүшкөн социалдык тармактардын колдонуучуларын “хайп” үчүн, акча үчүн бөлүшүп атат деп айыптаган. Бул тууралуу социалдык тармактын активдүү колдонуучусу Айсулуу Аскарбекова жазган.

Надира Нарматованын билдирүүсү чын эле 32 ирет алмаштыбы? Factcheck.kg текшерип көрдү.

Айсулуу Аскарбекова эл өкүлдөрүнүн шайлоочулар тарабынан талкууга алынарын жана сынга кабыларын жакшы түшүнүшү керектигин жазган:

“Надира эженин сөзү эл арасында күлкү болду, көңүл көтөрдү, бирок эл Надира эжени каргап, шилебеди. Надира эже болсо элди каргап -шилеп, маңкасынар, акчага жазасыңар, ал акчалар буйрубайт деп аябай эле жаман сөздөр менен жазды. Негизи саясий көз караш, саясий стратегия, эл менен мамиле жана башка ушуга окошогон маселелерди билбегендер Айбек Осмонов, Жусупбек Коргонбай уулу жана Надира Нарматовага окшош болушат. Элдин тамаша кылып чыгарган видеосуна  32 жолу оңдолгон постун жазбашы керек эле […] Тамаша видеону Тазабек Икрамовко окшоп тамаша катары гана кабыл алыш керек болчу”.

Эске салсак, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нарматова бош турган мечиттерге бала бакча ачууну сунуштаган. Анын “бир айылда 10 айыл бар” деп жаңылган сөзү социалдык тармактарда тамаша катары жайылып кеткен. 

Ал эми 23-мартта эл өкүлү Facebook социалдык тармактагы баракчасына видео менен бөлүшкөндөрдү акча, хайп үчүн бөлүшүп атасыңар деп айыптаган.

“Эки жумадан бери ХАЙП кылып тынбаган акча табармандар! Мен силерге теңтуш же жаш секелек кыз эмесмин эрмектегендей. Унчукпай жөн койдум, сабыр кылып, теңелбедим. Эки жумадан бери мазактап чектен аштыңар. Адашып сүйлөгөн сөздүн уяты жок. Уялгыдай уурулук кылып, ушак айтып, мыйзам бузуп, бузукулук жасабадым […] Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт. Катасы жок, кемчилдиги жок, ката кетирбеген адамдын өзү жок бул жашоодо. […] Ач көз, көрө албас, куйту, куйсупур, бузуку, ушакчы, шылуундар, жоопкерсиз, кайдыгерлер көбөйүүдө. Жалаң жаштар, ХАЙП кылгандар”, – деп жазган ал.

Эл өкүлүнүн билдирүүсүнүн өзгөрүүлөрүн карап, ал чын эле 32 ирет алмашканына ынанабыз:

Эске салсак, 2020-жылдын январь айында Надира Нарматова чек ара чыры тууралуу чакан пост жазып, анда бир нече ката кетирген.

 

“Мурдагы депутат терминдерди туура жаза албай,  “делимикация” жана “деримикация” деп белгилеген. Ал постун 10 ирет алмаштырган, ал эми терминдерди билдирүүсүн алтынчы жолу оңдогондо гана туура жаза алган.”, –  деп билдирген KaktusMedia.

Жыйынтык: чындык. Надира Нарматованын Facebook социалдык тармагына жазган билдирүүсү 32 ирет алмашканы чын. Эл өкүлү анын сүйлөгөн сөзүндө жаңылганы жөнүндө видео менен активдүү бөлүшкөндөрдү сынга алган.