Матраимовдордун үйү сатыкка чыктыбы? Текшеребиз

Социалдык тармактардын колдонуучулары Матраимовдорго тиешелүү үй сатылып атканын божомолдошту. Маалыматта Бишкектин четиндеги “Ала-Арча” VIP шаарчасындагы аянты 500 чарчы метр, баасы 940 миң долларды түзгөн турак жай жөнүндө сөз болот.  

Сатылып аткан үй чын эле Матраимовдорго тиешелүүбү? Factcheck.kg текшерип көрдү.

Сатыкка чыккан үй

Издөө системаларынын жардамы менен сатыкка чыккан үй тууралуу жарнама бир нече жолу жарыяланганын аныктадык. Анда үй кымбат материалдардан салынганы, жайкы ашкана, барбекю, жыгачтан жасалган тепкич, шарттары ыңгайлуу үч уктоочу бөлмө бар экени, ал эми жер тилкеси 16 сотых экени маалымдалат.

“Подвалда сауна, кампа бар. Мындан тышкары чоң, жабык гараж, короодо гүлдөрү менен газон, көк карагайлар, фонтан, Фэн Шуй эрежеси менен жасалган кичинекей көлмө жана жабык бассейн бар экени айтылат.

 

This slideshow requires JavaScript.

 

Турак-жайдын баасы 74.7 млн сомду (940 миң доллар) түзөт.

Кимдин үйү? 

Google Earth тиркемеси аркылуу жарнамада айтылган үйдү таптык.

Кадастр кызматынын маалыматына ылайык, үй ээси – Цой Анатолий Капитонович.

Юстиция министрлиги Анатолий Цой «Че-Сан»ЖЧКсынын негиздөөчүсү болгонун маалымдайт. Аталган компания эмне менен алектенгени белгисиз, учурда ал ишмердүүлүгүн токтоткон.

Эске салсак, буга чейин Factcheck.kg резиденциянын жанында жайгашкан Матраимовдордун хансарайы тууралуу иликтөө жасаган. Анда жер тилкеси 1 гектар, ал эми короодо футбол талаасы, падышаларга таандык жасалгалар, жабык бассейн, машыктыруучу зал ж.б. бар экени маалымдалган.

Жыйынтык: жалган. Ала-Арча шаарчасындагы сатыкка чыккан турак-жай Матраимовдорго таандык эмес.