Factcheck в КР Избранное

Чек арада жабыркагандарга үй кургандар кимдер? Текшеребиз

03.09.2021

Чек арада жабыркагандарга үй кургандар кимдер? Текшеребиз

Максат айылынын тургундарына “Дуваташ” аттуу Кыргыз-түрк компаниясы жеңил конструкциядагы жаңы үйлөрдү куруп берди. Ушул эле компания Айдаркен сымап комбинатына жана Кадамжай сурьма комбинатына инвестиция кылууну көздөп, мындан тышкары алтын кенин иштетүүнү пландаштырууда. Компания Кадамжайда 800гө жакын, Айдаркен заводунда 1000ге жакын жаңы жумуш орундарын түзүүнү көздөөдө.  

Factcheck.kg кыргыз-түрк компаниясы эмне менен алектенерин жана анын жетекчиси ким экенин аныктады.

 “Дуваташ” ЖЧКсы

“Дуваташ” ЖЧКсы Кыргызстанда 2017-жылы каттоодон өткөн жана “башка топторго кирбеген башка түстүү металл рудаларын алуу жана кайра иштетүү” менен алектенерин ачык булактарда көрсөткөн

Юстиция министрлигинин маалымат базасына ылайык, ЖЧКнын негиздөөчүсү түркиялык компания – Dua Altın Madencilik İthalat Ve İhracat Anonim Şirketi (ДУА АЛТЫН МАДЕНДЖИЛИК ИТХАЛЯТ ВЕ ИХРАДЖАТ АНОНИМШИРКЕТ).

Ал өзүнүн ишмердүүлүгүн Түркияда мындан болгону беш ай мурун, тагыраагы 2021-жылдын 16-апрелинде жүргүзө баштаган.

Компания алтын, күмүш жана платина сыяктуу баалуу металлдарды алуу боюнча кызматтарды көрсөтөт. Түркиянын ачык булактарында мындан башка маалымат табылган жок. Компаниянын ээлери тууралуу дагы маалыматты издөө аракетибиз оңунан чыккан жок. Кыргызстанда баалуу металлдарды казып алуу менен алектенген компаниянын чек арадагы жаңжалда жабыркагандарга үй куруп баштаганынан улам, ал тууралуу кененирээк маалымат алууну чечтик. 

“Дуваташ” ЖЧКсынын ээси ким?

 Ар кайсы жылдары “Кыргыз темир жолу” ишканасынын экс-директору Василий Дашковдун уулу Даниил Дашков “Дуваташ” ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Мындан тышкары, мурдагы негиздөөчүлөрдүн ичинен Баатырбек Жантаевдин ысымын да көрсө болот. Учурда ал “БКС” курулуш компаниясын жетектейт.  Журналисттик иликтөөдө Жантаевдин Райымбек Матраимов менен байланышы бар экени айтылат.

“Дуваташ” компаниясын учурда 43 жаштагы Алмаз Туманов жетектейт. Ал Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин “Эл аралык экономикалык мамилелер” адистиги боюнча аяктаган. 

 

“Баскынчы-бизнесмен”

2020-жылкы октябрь окуяларында Туманов бир нече күн бою “Кыргызалтын” ачык акционердик коомун басып алууга аракет кылган. Ал өзүн компаниянын башкармалыгынын төрагасы деп атап, жаңы бийлик тарабынан дайындалганын белгилеген. Бирок Тумановдун тиешелүү документтери жок болгондуктан, коопсуздук кызматкерлери тарабынан бөлмөдөн чыгарылган. 

Юстиция министрлигинин маалымат базасын талдап чыккан соң, Тумановдун “Кыргызалтынга” ээлик кылууга ынтызар болгонунун себеби түшүнүктүү болду.  Жалпысынан ал 11 компанияга ээлик кылат, же жетектейт же тиешеси бар. Алардын көпчүлүгү минералдарды, таштарды, баалуу металлдарды казып алуу менен алектенет.

Туманов төмөндөгү эки компаниянын ээси жана директору катары көрсөтүлгөн:

  • “АЛАШАН-ТРАНС” ЖЧКсы — жүк ташуучу унаа транспортуна байланыштуу иштер;
  • “Магнат М-М” ЖЧКсы — көмүр казуу;

Мындан тышкары ал төрт компаниянын тең негиздөөчүсү:

  • “ГЕОКАРАТ” ЖЧКсы — башка табигый минералдарды жана тоо тектерин казуу;
  •  “Куда-Тау” ЖЧКсы — баалуу (асыл) металл рудаларын казуу жана байытуу;
  •  “Моло-Тау” ЖЧКсы — баалуу (асыл) металл рудаларын казуу жана байытуу;
  • “АУРУМ ГОЛД МАЙНИНГ” ЖАК—баалуу (асыл) металл рудаларын казуу жана байытуу;

Дагы үч компанияны жетектейт:

  • “Алтын-Тоо ЛТД” ЖЧКсы — турак жай жана турак эмес имараттарды куруу;
  • “Дуваташ” ЖЧКсы— башка топторго кирбеген түстүү металл рудаларынын алуу жана байытуу;
  • “Дуваташ Кей Джи”ЖЧКСы— табигый асыл жана жарым баалуу таштарды казуу.

Ал эми Тумановдун жубайы Адилет Өмүрзаковага эки компания таандык:

  •  Mineral resources Company ЖЧКсы — акиташ жана гипс казуу;
  •  “Жерсу” ЖЧКсы — башка топторго кирбеген түстүү металл рудаларын казуу жана кайра иштетүү.

Мындан тышкары, Алмаз Туманов Свердлов районунун соту Алтынбек Түмөновдун иниси экени ачык булактардан белгилүү болду.

Коопсуздук стандарттарына жооп бербеген үйлөр 

Буга чейин  “Интербилим” эл аралык борборунун Оштогу бөлүмүнүн башчысы Гүлгакы Мамасалиева Максат айылында салынган үйлөр жеңил конструкцияга ээ болгондуктан, өрткө жана селге туруктуу эмес экенин массалык маалымат каражаттарында билдирген.

Мамасалиева ошондой эле курулуп жаткан үйлөрдүн фундаментинин бийиктиги болгону 25 см экенин кошумчалаган. Мындан тышкары, ОСП жана пластмассадан жасалган курулуш материалдары аба өткөрбөгөндүктөн, экологиялык жактан кооптуу болушу мүмкүн экенин айтып чыккан.

Белгилей кетсек, курулуш иштерин Түркия мамлекети каржылаган.

Мындан тышкары, кыргыз өкмөтү да чек ара айылдарын калыбына келтирүү үчүн 700 миллион сом бөлүп берген. Анын ичинен 200 миллион сому чек ара жаңжалынан жабыркагандар үчүн турак жай курууга бөлүнүшү керек болчу.

 

Factcheck.kg – независимая онлайн платформа, основной целью которой является проверка и опровержение недостоверной информации, манипуляции и пропаганды