Кыргызстандан Орусияга “идиш жуугуч машинанын” экспорту 26 миң пайызга өсүп, беш ай аралыгында эле $51 млн түздү. Бул жана башка экспорттук аномалияларды талдоо

Быйыл июлда кыргызстандык төрт компания Орусияга тыюу салынган товарларды импорттогонго жардам бергендиги үчүн АКШнын санкциялык тизмегине киргизилген болчу. Kaktus.media’нын маалыматына ылайык, алардын үчөөсү электрондук жабдыктар менен шугулданчу, ал эми төртүнчүсү – авиатехника менен. Кыргызстандык компаниялар дагы санкцияга туш боло баштаганы менен санкциялык тизмектеги товарлардын реэкспорту азайган жок. Бул материалда кандай техника канчалык санда Орусияга ташылып жатканы тууралуу айтып беребиз. 

Эскерте кетсек, 2022-жылда эле Армениядан, Казакстандан жана Кыргызстандан Орусия Федерациясына тиричилик техникасынын көп ташыла башталышы байкалган болчу. 

Bloomberg басылмасынын журналисттеринин пикиринде, буга эки себеп болушу мүмкүн:

  • Орусия өлкөдө ушундай техникага жаралган дефицитти өз күчү менен жаба албай жатат
  • Орусия компаниялары сатып алынган техниканы чачып, андагы компоненттерди жана жарымөткөргүчтөрдү (полупроводниктерди) жарандык өндүрүштө колдонушууда.

Аны менен катар айрым товарларды жана алардын тетиктерин аскердик максатта колдонсо болоору айтылат. 

Идиш жуугуч машиналар

КРдин Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтарын талдап, 2023-жылы январь–май айларында Кыргызстан Орусияга “идиш жуугуч машина” деп аталган (ТН ВЭД 8422) 7 млн 724 миң даана товарды 4.4 млрд сомго же дээрлик 51 млн долларга экспорттогонун аныктадык. Салыштыра келсек, былтыр ушул эле мезгилде Орусия 830 миллион сомго 29 миң 760 даана “идиш жуугуч” сатып алган.

Ошентип быйыл бул товардын экспорту 260 эсе же 25 854%га өскөн.

Билдирме. Тышкы экономикалык иш-алып баруунун 8422 товардык номенклатуралык коду төмөнкүдөй товарларды белгилейт: идиш жуугучтар; бөтөлкөлөрдү же башка идиштерди жуу же кургатуу үчүн жабдуулар; бөтөлкөлөрдү, банкаларды толтуруу, жабуу, кутуларды, мүшөктөрдү же башка идиштерди жабуу, аларды пломбалоо же аларга этикеткаларды чаптоо үчүн жабдуулар; бөтөлкөлөрдү, банкаларды, түтүктөрдү жана ушул сыяктуу идиштерди капкактары менен герметикалык жабуу үчүн жабдуулар; таңгактоо үчүн жабдуулар (анын ичинде жылуулуктан жыйрыла турган таңгактоочу материал менен таңгактоочу жабдуулар) башка; суусундуктарды газдоочу жабдуулар.

Учурда Улутстаткомдун сайтында 2023–жылдын январь-май айларындагы сырткы жана өз ара сооданын оперативдүү маалыматтары жарыяланган, анда ТН ВЭД товарлары дүңүнөн жалпылаштырылып берилген (төрт орундуу сан). Такталган маалыматтар жарыяланганда (он орундуу код) “идиш жуугуч машина” деген аталышта кандай товарлар Орусияга жиберилип турганын тагыраак билсек болот.  

Радиоуктуруу жана телеберүү үчүн аппаратура

Былтыр Орусия Кыргызстандан 17 млн сомго (дээрлик $203 миң) 6 миң 106 радиоуктуруу аппаратурасын импорттогон. Быйыл Орусияга жөнөтүлгөн аппаратуранын саны 1 миң 864 даанага чейин кыскарган, бирок алардын жалпы баасы 62.9 млн сомду түзгөн, бул 724 миң долларга барабар. Башкача айтканда, жөнөтүлгөн товардын саны азайганы менен, экспорттон түшкөн киреше 3.6 эсе өскөн. 

Ушундай аномалия бул топтогу товардын Кыргызстанга экспорттолушунда да  байкалат. Белгилей кетүүчу жагдай, Түштүк Кореядан аппаратуранын импорту өскөн. Эгер 2022-жылы 42 миң сом турган бир аппаратура сатып алынган болсо, быйыл 3.3 млн сом турган 376 даана аппаратура импорттолгон. Ошентип, товардын жалпы баасы 77 эсе өскөн.

Тайвандан (Кытай) да импорт өзүнө көңүл бурдурат. Өткөн жыл менен салыштырмалуу аппаратуранын саны анчалык деле кескин өскөн эмес: 76дан 120га чейин. Бирок алардын баасы 74 эсе өскөн: эгер 2022-жылы ал 103 900 сомго барабар болсо, 2023-жылы – 7.7 млн сомго. Ошондой эле Жапониядан да импорт көбөйгөн. Ал жактан ташып алынып келген товарлардын баасы дээрлик 10 эсе өскөн. Былтыр 656 600 сомдук бир даана аппаратура сатып алынса, быйыл импорттолгон жапон аппаратурасынын жалпы баасы 6.6 млн сомду түзгөн. 

Белгилей кетчү жагдай, быйыл Кыргызстан 2022-жылдагы тизмекте жок өлкөлөрдөн да аппаратураны импорттой баштаган. Алар Сингапур, Израиль, Индия, Вьетнам, Германия ж.б. Бул өлкөлөрдөн импорттолгон аппаратуранын жалпы баасы 7.4 млн сомду түзгөн.

Билдирме. ТН ВЭД 8525 коду курамына кабыл алуучу, үн жазуучу же үн ойнотуучу аппаратураны камтыган же камтыбаган радиоуктуруу же телеберүү үчүн толкун таратуучу аппаратураны; телекамераларды, санарип камераларды жана жазуучу видеокамералары камтыйт.

Товарлардын салмагын өлчөөчү жабдык

Быйыл Кыргызстан Орусияга 4.8 млн сомдук 2 миң 663 даана салмак өлчөөчү  жабдууларды экспорттогон. Өткөн жылы ушул эле мезгилде Орусияга мындай бир да жабдуу экспорттолгон эмес.

Билдирме. 8423 коду салмагы өлчөнүп жаткан жүктүн тартылуу күчү менен иштеген эсептөөчү же текшерүүчү машиналар да кирген тараза жабдуулары (сезимталдыгы 0,05 г же андан жогору таразалардан башка); бардык түрдөгү таразалар үчүн тараза таштары сыяктуу нерселерди камтыйт.

Эскерте кетсек, Factcheck.kg’нин журналисттери мурда Орусияга реэкспорт боюнча бир катар иликтөөлөрдү даярдаган болчу. Ошондо Евразиялык экономикалык биримдик боюнча өнөк мамлекеттер 2022-жылы Орусияга ар түрдүү товарлардын экспортун он эселеп, айрым учурда жүз эселеп да өстүрө алышканы аныкталган. Кыргызстандан Орусияга экспорттук аномалия бут кийимдер жана пластик буюмдар, косметика жана сумкалар, ошондой эле электротоварлар арасында байкалган.