Z-пропаганда Кыргызстанда фейк “маңкурттарды” жаратып келет

Кремль көптөн бери өзүнүн кызыкчылыктарын, анын ичинде аскерий кызыкчылыктарды көздөп дезинформацияны жана пропаганданы кеңири колдонуп келет. Бирок Орусия Украинага кол салгандан тартып Кыргызстанда көрсөтүлгөн орусиялык телеканалдарда гана эмес, Интернетте да анын пропагандасы агрессивдүүрөөк боло баштады.

Баштан Башта өзүлөрүнүн бир берүүсүндө YouTube’дун кыргыз сегментин изилдеп, Украинада согуш башталгандан тартып көп миңдеген катталуучулары бар каналдарда кыргыз тилиндеги орусиячыл көз караштагы (нарративдер) видеолор таркатыла баштаганын белгилеген.

Factcheck.kg редакциясы ушуга окшош материалдарды Facebook’тун кыргыз тилдүү мейкиндигинде да байкап, Z-маанайдагы посттору бар онго жакын фейк жана күмөндүү аккаунтарды тапты.

Мисалы, Бишкектик Медер Байжуманов деген колдонуучунун баракчасындагы посттордун көбү Кыргызстан менен Орусиянын мамилелери жана кантип “батыш өлкөлөрү алардын мамилелерин бузууга аракеттенип жаткандыгы” тууралуу.

Колдонуучу ошондой эле орус тилинин Кыргызстандагы статусуна тынчсызданганын билдирет. Медер Байжуманов “Кыргызча сүйлө, же эмне үчүн Кыргызстанда орус тилине каршы чыгып жатышат” («Кыргызча суйло, или почему в Кыргызстане ополчились на русский язык») деген макалага шилтеме менен бөлүшкөн. Анын автору кантип “батышчыл күчтөр” кыргыз тилин популярдаштыруу жолу аркылуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелерди бузуп жаткандарын адистер менен талкуулаган.

Макалада “кыргызстандыктардын 98%ы орус тили сакталып калышын колдойт” деп айтылат, бирок бул маалыматтар кайдан алынганы келтирилген эмес.

Медер Байжуманов – фейк, чындыгында мындай адам жок. Аккаунтунда колдонулган сүрөт казакстандык Карим Ахметовдуку.

Медар Байжумановдун постторуна коюлган жагат деген белгилер жана калтырылган пикирлер боюнча он чактыдан ашык ушуга окшош аккаунттарды таптык. Алардын баардыгы Медер сыяктуу башка бирөөлөрдүн сүрөттөрүн колдонушат жана окшош постторду жазышат.

Эң кеңири колдонулган ыкмалардын бири – TUZ.kg интернет сайтында жарыяланган фейк материалдар менен бөлүшүү. Бул сайттын жалган маалыматтарды жарыялап келээри, көз жазгыруу кылаары бир нече жолу байкалган болчу, мисалы, “ПолитКлиника” медиасы төмөнкү аталыштагы TUZ.kg’нин материалдарын төгүндөп чыккан:

  • “Батыш Борбор Азия өлкөлөрүн кантип басып алды? Эми эмне кылуу керек?”
  • “Кыргыздарды гейлерди жана лесбияндарды жакшы көрүүгө кантип көндүрүп жатышат?”
  • “АКШнын Кыргызстанды дестабилизация кылуу боюнча дагы бир сүйлөшүүсү…”
  • “Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк жана Лугансктагы элди геноцид кылган”

Анданы сырткары фейк аккаунттар «Вечерний Бишкек» жана «Новости Кыргызстана» сыяктуу башка булактардын материалдары менен да бөлүшүп келишет.

Көз жазгырган посттор менен бөлүшкөндөрдүн катарында TUZ.kg сайтынын башкы редактору Мария Озмитель дагы байкалган. Анын LinkedIn’деги резюмесине ишенсек, ал “Вечерний Бишкек” басылмасында да редактор болуп иштеген.

Пропаганданын өзгөчөлүктөрү

Биз аныктаган фейк аккаунтарды жана аларда жарыяланган постторду талдап чыгып, аларга мүнөздүү төмөнкү нарративдерди байкадык:

  • “Демократия” деген түшүнүк “батыштын баалуулуктары” деген эле түшүнүк
  • Улуттук тилди билүүгө умтулуу – бул орус тилин кемситүү болуп саналат
  • Көз карандысыз ЖМКларды жабуу керек
  • Активисттер – “иноагенттер”
  • Украинадагы согуштуу колдоо зарыл

Ушуга окшош нарративдерди Орусиялык мамлекеттик телеканалдардан да байкасак болот.

Өзбүздү жана жакындарыбызды дезинформациядан кантип сактасак болот?

Досторуңардын катарына кошулгусу келген аккаунттар менен этият болгула, кошоордун алдында аларды текшерип чыккыла. Эгер фейк аккаунтту же жаңылыкты байкасаңыз Facebook’тун тех кызматына даттансаңыз болот. Коомдук тармактардын алгоритми боюнча, сиздин лентада көрүнгөн пост досторуңуздун же жакындарыңыздын лентасында да көрүнүшү мүмкүн экендигин унутпаңыз. Бул аракеттериңиз фейк жаңылыктардын жайылышын токтотууга, Кыргызстандын маалымат айдыңынын коопсуздугун камсыздаганга жакшы салым болот.