Фейктердин эпидемиясы: Инфокалипсис дүйнөдө жана Кыргызстанда

Акыркы он жылдыкта дүйнө коомчулугу дезмаалыматтын эбегейсиз көбөйүшүн башынан кечирип жатат. Чыгыш менен Батыштын ортосундагы стратегиялык абалдагы Борбор Азияда да бул көрүнүш чоң маселеге айланды.
COVID-19 пандемиясы жана дүйнө элине оор сыноолорду алып келген бир катар кандуу согуштар маселенин курчтугун көрсөттү. Борбор Азия өлкөлөрү четте калган жок, буга бийликтин нааразычылык акцияларды күч колдонуп басуусу, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара талаштары сыяктуу ички маселелер өбөлгө түздү. Бул окуялар коомдук пикирди түзүүдө маалыматтын жана дезмаалыматтын өтө маанилүүлүгүн көрсөттү.
Инфокалипсис
Дүйнөлүк адистер маалыматтык булактарда фейк жаңылыктардын саны көбөйүп, коомду постчындык (англ. post-truth — коомдук пикирди түзүүдө объективдүү фактыларга караганда эмоцияга жана субъективдик көз караштарга кайрылуу маанилүүрөөк болгон кырдаал, кот. түш.) дооруна алып баратканына тынчсызданууларын билдирип келишет.
Буга байланыштуу инфокалипсис деген жаңы термин пайда болду. Арзан жана жеткиликтүү бурмалоо аспаптарын массалык түрдө колдонуу анын негизги себепчиси болуп саналат. Жаңы реалдуулукта каалаган колдонуучу чындыгында болбогон сюжетти жана окуяны болгондой кылып ойлоп чыгара алат.
Инфокалипсиске чындык менен жалгандын, фактыларды көз жазгыруу менен кошумчалап ойлоп чыгаруунун ортосундагы чектин жоголушу мүнөздүү, өзгөчө маалыматтын сапатына караганда контенттен акча табуу алдыңкы орунга чыккан коомдук тармактарда.
Тандамал күрөш
Эл аралык республикалык институттун изилдөөсү (2022-ж.) боюнча, Кыргызстанда калктын көбү маалыматты дагы эле телекөрүү аркылуу алат, бирок алардын үлүшү 2019-жылдагы 90%дан 2022-жылдагы 59%га чейин азайган. Эл көп көргөн каналдардын катарына «Первый канал» жана РТР сыяктуу орусиялык ири телеканалдар кирет.
Ошол эле кезде калктын 72% үчүн ички (республикалык) жаңылыктардын негизги булагы катары коомдук тармактарга кайрылышат. Кыргызстандык эксперт Инга Сикорская «Борбор Азия өлкөлөрүндөгү фейктер жана дезмаалыматтар. Алар менен кантип күрөшүү керек?» деген эксперттик жыйында фейктер менен троллдордун көбү курч саясий кырдаалдарда, өзгөчө каршылаш тараптар «кара пиарды» көп колдонгон шайлоо өнөктүгү учурунда пайда болоорун айтты.
Дагы башка маселе – бул мамлекеттик органдардын чындыгында маанилүү болуп эсептелген жалган маалыматтардын таркатылышына жана троллинг менен дезмаалыматтын ар кандай түрлөрүнө тийиштүү деңгээлде көңүл бурбагандыгы. 2021-жылы кабыл алынган экс-депутат Гүлшат Асылбаеванын «фейктер менен күрөшө турган» мыйзамы иш жүзүндө көз карандысыз ЖМКлар менен күрөшүүгө колдонулуп келет. Мыйзам кабыл алынары менен 24.kg, «Азаттык Радиосу», Kloop.kg, Res Publika сыяктуу көз карандысыз редакцияларды бөгөттөөлөр башталды.
Ар түрдүү саясий күчтөрдүн троллдордон жана фейк-аккаунттардан турган армиялары коомдук тармактарда иштерин жүргүзүп жаткан учурда бийлик чыныгы жарандарды коомдук тармактардагы посттору үчүн соттоп жатат:
- УКМК тараптан «күч колдонуп бийликти басып алууга чакырыктары» үчүн камакка алынган Жалал-Абад облусунун 75 жаштагы тургуну Салия Таштанованы сот 50 миң сомдук айыпка жыккан. Ал коомдук тармакта баалардын кымбаттыгына жана акыйкаттын жоктугуна даттанган болчу.
- Facebook’та эски видео менен бөлүшкөн 20 жаштагы блогерди «массалык башаламандыкка чакырыктары» үчүн 7 жылга чейин эркинен ажыратып коюшу мүмкүн.
Эмне кылуу керек
Калктын, ал тургай кесипкөй журналисттердин медиа сабаттуулугунун деңгээли төмөн болгондугу дезмаалыматтын таркалышы чоң көйгөйгө айланганына себепчи болгон факторлордун бири болуп эсептелет. Эксперттер фактчекингдин элементтерин жана кооптуу фейк жаңылыктар менен троллингдин ортосундагы айырманы үйрөтүүгө чакырышат.
Ушундай чакырыктар заманында Кыргызстандын жана дээрлик бардык Борбор Азиянын калкы маалыматтык согуштардын жана сырттан таркатылган жалган маалыматтардын курмандыктары болууда. Ушундан соң журналисттерди жана калкты жалган маалыматтарды аныктаганды үйрөтүү жана гибриддик согуштун таасирине көңүл буруу өтө маанилүү болуп эсептелет. Эксперттер дезмаалыматтар менен күрөшүү үчүн алдыңкы өлкөлөрдүн медиасабаттуулук жана фактчекинг боюнча тажрыйбаларын жана да ири технологиялык компаниялар менен коомдук тармактардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну сунушташат.