Эмне үчүн эл кутум теорияларына жана фейктерге жеңил ишенишет?

221

Чиптөө, 5G, эмдөө, курттары бар беткаптар, Кытайдан жөнөтүлгөн посылкалар аркылуу COVID-19ду жуктуруу, алтын миллиард жана дүйнөнү башкарган масондор. Ким же эмне, эмне үчүн тутум теорияларына жана жалган маалыматтарга элди ишендиргиси келет, тактайбыз.

Дүйнө таажычан вирус инфекциясынын тарай башташы менен бул коркунучтуу оору менен гана эмес, көп сандагы ар түрдүү кутум теориялары жана жалган маалыматтар менен да күрөшө баштады.

Бул теориялардын бири боюнча, Кыргызстандын асманында учуп жүргөн учактар элди кырып жок кылыш үчүн атайын таажычан вирусту чачкан имиш. Бул теория 2020-жылы пайда болгон. Эки жыл өткөндөн кийин ушул эле жаңылык мессенжерлер аркылуу таркатыла баштаган. Саламаттык сактоо министрлигине аны төгүндөөгө туура келди.

Чындыгында, учак асманда учуп баратканда анын моторлору абага колдонулган газдарды бүркүп чыгарат, абада алар бууга айланат. Жерден караганда алар көк асмандын бетиндеги ак түстөгү из болуп көрүнөт. Бул конденсациялык из.

Таажычан вируска байланыштуу кутум теориялар азыркыга чейин айрым өлкөлөрдө күч. Мисалы, Statista глобалдык платформанын маалыматы боюнча, 24 өлкөдө жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, Индиянын шаардык тургундары (30%) таажычан вирусту «кайсы бир таасирдүү күчтөр» ойлоп чыгарган же ал такыр болгон эмес деп ойлошот. Ушундай эле пикирдегилер Түштүк Африкада (23%), Индонезияда (20%) жана Нигерияда (19%) көп болгон. Мындай мифке эң аз ишенгендер Жапонияда, Швецияда, Улуубританияда жана Данияда жашаган – калктын 3-5%.

Кутум теориялары АКШда да популярдуу. 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу террордук чабуулдан кийин америкалыктардын бир тобу өкмөт өкүлдөрүнүн арасында террористтердин өз кишилери болгон деген ойго келишкен. 15 жылдан кийин Калифорниядагы Чепмен университети жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, америкалыктардын жарымынан көбү дагы эле өкмөт 11-сентябрга байланыштуу маанилүү маалыматтарды жашырып келет деген ойдо болуп, кутум теориясына ишенерин билдиришкен.

Айрым адамдарга өтө эле жөнөкөй жана күлкүлүү болуп сезилген кутум теориялардын коркунучтуу жагы – анын олуттуу кесепеттерге алып келе алышы. Мисалы, кутум теорияларына ишенген адамдар балдарынын эмделишине каршы болушат, бул кийин ар түрдүү оорулардын тез таркалышына алып келет. Бул күндөрү кызамык менен ооругандардын саны кескин өскөнүн байкап жатабыз. БДСУнун маалыматы боюнча, эмдөөгө каршы болуу адамзаттын саламаттыгына коркунуч жаратат.

Кутум теориялары климаттык чөйрөнү жакшыртуу боюнча чечимдерге да залакасын тийгизиши мүмкүн. Маселен, кутум теорияларын жактагандар климаттык изилдөөлөргө көптөн бери каршы болуп келишкен, жыйынтыгында климаттык кризис менен күрөшүү аракеттери жай жана кечигүү менен жүрө баштаган.

Кутум теориялары кайдан жаралат?

Адатынча, кутум теориялары адамдар кайсы бир маселе боюнча бир бүтүмгө келе албаган учурда пайда болот. Кырдаалдын, окуянын андан ары өнүгүүсү боюнча ар түрдүү божомолдор айтыла баштайт. Мындайда адамда кырдаал көзөмөл алдында болгондой жалган ишеним пайда болот. Бул тууралуу «Эч нерсеге ишенбегендер: кутум теориялары эмнеси менен бизди өзүлөрүнө тартат» деген китепте айтылат.

Психолог Фриц Хайдер адамдар ал эмес жөнөкөй геометриялык фигуралардын аң сезими бар экенине ишенгенге жана окуялардын андан ары өнүгүүсүн ойлоп чыгарганга жакын экенин 1944-жылы эле айткан болчу. Ал экспериментке катышкан адамдарга 2 үч бурчтук жана 2 тегерекче экранда ары бери жылган кыска анимациялык тасманы көрсөткөн. Андан кийин алардан көргөндөрүн айтып берүүнү суранган.

Биринчи экспериментте 34 адам катышкан болчу. Алардын бирөөсү гана көргөнүн геометриялык терминдерди колдонуп айтып берген. Калгандары көргөндөрүн адамдардын жана куштардын кыймыл аракеттерине окшоштурушкан. Ал эми 20 чактысы байланыштуу окуя кылып айтып беришкен.

Андай окуялардын бири: «Жигит бир кыз менен жолугушууну пландаштырган болчу, бирок кыз башка жигит менен келген».

Кутум теориянын башка себеби адамдар өзүлөрүн өзгөчөлөнтүп көрсөткүсү келгенинде жатат. Психологдордун изилдөөсү боюнча, «Мен башкалар билбегенди билем» деген адамдар өзүлөрүн эч кимге окшош эмес өзгөчө адам катары көрсөткүсү келишет жана алар кайсы бир окуяларды башкалар билбеген «жашыруун» маалыматтар менен түшүндүрүп берүүгө жакын болушат.

Үчүнчү себеп – бийликке нааразычылык жана ишенбөөчүлүк болушу мүмкүн. Эл өкмөткө, ири корпорацияларга же башка уюмдарга нааразы болуп, аларга ишенбей турганда кутум теориялары жаралышы ыктымал. Бул теориялар татаал коомдук маселелерди же акыйкаттын жоктугун түшүндүрүү аракети болот.

Когнитивдик жаңылыш төртүнчү себеп боло алат. Адам анын көз карашына туура келген маалыматка көбүрөөк ишенет.

Кутум теориясына ишенген адамды башкага ынындыруу мүмкүнбү?

Саясатка байланыштуу кутум теориясына ишенген адамды башкага ынандырганга канчалык аракет кылсаң, аны ынандыруу ошончолук оор болот. Мындай маалыматты Nature журналы келтирет. 40 адамга көз караштарына туура келбеген аргументтер келтирилет жана бул учурда алардын мээсинин абалын МРТ аркылуу байкоого алышкан. Бул саясий жана саясий эмес өңүттөгү аргументтер болгон. Жыйынтыгында, саясий өңүттөгү аргументтерге каршылык баарынан көп болгону байкалган, анткени мээ саясий көз карашты өзгөртүүнү коркунуч катары кабылдайт.

Ушундан соң мындай тыянак чыгарсак болот – кутум теориялар менен күрөшүү көп учурда эмоционалдык ишенимдерге байланыштуу жана фактыларды, далилдерди келтирүү менен адамдын көз карашын өзгөртүү өтө оор болот. Бирок кутум теориясынын таасирин азайта алышы мүмкүн ыкмалар бар.

Биринчи кезекте, такталган маалымат булактарына гана таянуу керек. Кутум теориясын жактаган контенттен алыс болууга аракет кылуу зарыл.

Экинчиден, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү керек жана адамдарга акылга сыярлык нерсени, көз жазгырууну жана жеке кызыкчылыкты бири биринен айырмалай билүүгө жардам берүү зарыл.

Үчүнчүдөн, маалыматты фактылардын жана болгон окуялардын контекстинде кабылдоо зарыл. Кутум теориясына каршы келген, аны жокко чыгарган маалыматтарды издеп көргүлө.