Казакстанда эскорт кызматы мыйзамдаштырылдыбы? Текшеребиз

Казакстанда «эскорт кызматы мыйзамдаштырышты» деп билдирген блогер Евгений Акатовдун видеосу Instagram’да таркатылууда. Анын айтымында, экономикалык ишмердүүлүктүн жалпы классификаторунда 96090 номуру алдында «эскорттор, таанышуу кызматтары, нике агенттиктери» деген ишмердүүлүктү тапса болот.

«Өлкө боюнча мыйзамдуу сойкуканалардын ачылышын чыдамсыз күтөбүз», – деп аяктайт автор ролигин.

Видеонун алдында көптөгөн адамдар терс пикирлерин калтырышкан. Алардын көбү блогерге ишенбегенин билдирип, Казакстанда мындай болушу мүмкүн эмес деген. Видеого дээрлик 300 пикир калтырылып, аны менен 23 миң жолу бөлүшүшкөн.

Factcheck.kg Акатовдун айткандары канчалык деңгээлде чындык экенин текшерди.

Евгений Акатовдун @akatovye1 Instagram’дагы видеосу

Экономикалык ишмердүүлүктүн жалпы классификатору (ЭИЖК) — бул экономикалык ишмердүүлүктү тутумдаштырган беш сандан турган код болуп саналат. Ишкер ишмердүүлүгүн каттап жатканда ага туура келген ЭИЖКнын кодун көрсөтүшү керек болот.

ЭИЖКга жараша ишкер отчет тапшырат, салык төлөөчүлөрдүн тийиштүү тобокелдик тобуна киргизилет жана жеңилдиктерге укук алат. Ишкер мыйзам тыюу салбаган каалаган ишмердүүлүктү жүргүзө алат.

Роликтин автору ЭИЖК 96090 тууралуу сөз кылган. Basta.kz маалыматтар базасына ылайык, бул код «башка категорияларга кирбеген башка кызматтарды көрсөтүү» болуп саналат. Ишмердүүлүктүн бул түрү Казак Республикасында эң кеңири колдонулгандардын бири.

ЭИЖК 96090го чынында эле «эскорт, таанышуу жана нике бюролорунун кызматын көрсөтүү» кирет, бирок андан башка дагы төмөнкү багыттар каралган:

  • Астрологиялык жана спиритикалык ишмердүүлүк
  • Үй жаныбарларын багуу боюнча кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде аларды окутуу жана багуу ж.б.
  • Генеалогиялык изилдөө иштери
  • Татуировка жана пирсинг салондорунун ишмердүүлүгү
  • Бут кийим тазалоочу, унаа токтотуучу жайдагы жардамчылардын кызматы ж.б.
  • Автоматтарды (фотомашиналар, тараза машиналары, кан басымын өлчөөчү жабдуулар, сактоо камералары ж.б.) иштетүү

Тыянак: чындык, көз жазгыруу. Ооба, эскорт кызматы Экономикалык ишмердүүлүктүн жалпы классификаторундагы ишмердүүлүктүн бир түрү болуп эсептелет, бул ишмердүүлүккө Казакстан Республикасында тыюу салынган эмес.

Бирок роликтин автору эскорт кызматын «сойкуканаларга» теңеген, бул көз жазгыруу болуп эсептелет. Эскорт кызматы бул жерде – коштоп жүрүү кызматы болуп саналат.

Казак Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 309-беренесине ылайык, сойкулук үчүн сойкуканаларды уюштуруу же кармоо, ошондой эле пайда көрүү максатында сойкулук кылуу — мүлкүн конфискациялоо жана беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы менен жазаланат. Адатынча эскорт кызматы кыздар тарабынан көрсөтүлөт жана бойдок эркектер үчүн ар кандай иш-чараларда жана бизнес жолугушууларда шерик болушат. Тескерисинче да болушу мүмкүн. Белгилей кетчү нерсе, бул жерде көнүмүш көз караштагыдай эскорт адамдардын ортосундагы интимдик жакындыкты билдирбейт. Бул жактан алганда эскорт катары коштоо сойкулукту билдирбейт же ал «сойкуканаларды мыйзамдаштыруу» болуп саналбайт.