Factcheck.kg facebook соцтармагында чагымчылардын түйүнүн аныктады

Factcheck.kg facebook.com соцтармагында 25 аккаунт, 18 топ жана 5 тен кем эмес баракча Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын идеясын жайылтып, кытайлыктарга каршы кастыкты козутуу менен алектенип жатканын аныктады. Ар бир топ 90 миңден ашык колдонуучуну камтыйт.

Factcheck.kg facebook.com соцтармагында 25 аккаунт, 18 топ жана 5 тен кем эмес баракча Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын идеясын жайылтып, кытайлыктарга каршы кастыкты козутуу менен алектенип жатканын аныктады. Ар бир топ 90 миңден ашык колдонуучуну камтыйт.

Топтор.

Топтордун көпчүлүгү 3 жыл мурда түзүлгөн. Алардын баары “Кадам” баракчасы менен байланышы бар. 25 топтун администраторлорунун 24ү фейк аккаунттар менен отурат, алардын арасында “Чубак Жалилов” аттуу фейк колдонуучу дагы аныкталган. Топтордун бири 92 333 колдонуучуга ээ ( facebookтагы таанымал кыргыз тилдүү топтордун бири).

аталышы катышуучу түзүлгөн күнү
1 Биз “ХИЖАБ” үчүн! 6681 08.09.2014
2 Билгим келет… 16920 10.10.2014
3 Дүйнө кече, бүгүн, эртең 3627 23.02.2015
4 “Хадис жана Аяттар@. 4825 06.05.2015
5 СМЫСЛ ЖИЗНИ – ЭТО ИСЛАМ 3721 16.05.2015
6 ИСЛАМДА БИРИГЕЛИ! 1110 25.07.2015
7 ЭЛИМ ҮЧҮН 12412 26.12.2015
8 ИСЛАМ ДҮЙНӨСҮ 10285 26.12.2015
9 ТАТТУУ ЖАЛГАНГА  КАРАГАНДА АЧУУ ЧЫНДЫК 8059 26.12.2015
10 ПИКИРИЙ     ЖЕТЕКЧИЛИК 1729 26.12.2015
11 ТАЛКУУ МАЙДАНЫ 1613 26.12.2015
12 ЭРКИН ТЕМА 1145 26.12.2015
13 ЖАШООНУН     МАҢЫЗЫ ЭМНЕДЕ? 2777 26.12.2015
14 АКЫРКЫ МААЛЫМАТТАР 92333 29.12.2015
15 САЯСАТ МАЙДАНЫ – МАЙДАН ПОЛИТИКИ 2573 13.01.2016
16 <<БЕЙИШ ЖОЛУ>> 8257 23.02.2016
17 ~ИСЛАМ НУРУ~ 2513 23.02.2016
18 Жаштар 2142 18.03.2016

Баракчалар.

Бул топ менен беш баракчанын байланышы бар жана интернет троллдору бир. Алардын ичинде 40 миңден ашык адам жазылгандары да жок эмес. Баракчалардын администраторлору Кыргызстан жана Украинадан деп көрсөтүлгөн.

Баракчалар жакты жазылгандар түзүлгөн күнү
ИСЛАМ НУРУ медиа порталы 3266 3922 28.09.2015
Politumma.info 4731 5384 01.02.2016
Кадам 27968 40093 05.02.2016
Махмуд Абдумомин 734 809 10.12.2016
Кайдан? Эмнеге? Каякка? 1544 1691 16.04.2016

Мисалы, мамлекеттик органдардын баракчаларына 11 минден ашпаган колдонуучулар жазылган. “Кабар” маалымат агенттигинин колдонуучуларынын саны 13 миңден ашат.

Чагымчылардын тобу менен байланыштуу аккаунт

Аккаунттар.

25 аккаунттун 24ү фейк. Биз бул аккаунттар тууралуу буга чейин Хизбут Тахрир тууралуу тыюу салынган экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгү боюнча жазган макалабызда кененирээк айтып бергенбиз. Махмуд Абдумомин өзүнүн аты-жөнүн жана сүрөттөрүн жашырбастан эле Кыргызстанда тыюу салынган уюмдун өкүлдөрүнүн насааттарын жана жанылыктарды өз баракчасына жарыялай берет. Чубак Жалиловдун фейк аккаунту тууралуу жогоруда айтып өттүк.

аты-жөнү байланыш маалыматтар
1 Абдулла Акчалов  +**********78
2 Актилек Мухтар Уулу  +*********63
3 Азамат Карыпбеков d********h@m***.ru, +**********33, +996703******
4 Калыс Нарын p********7@h*******.com, o**********1@g**.com
5 Асан Усон Уулу s*********a@gmail.com
6 Абдуллах Умар Усманович b*****0@b*****.net, +**********60
7 Дамир Жумгалов d*****2@gmail.com
8 Кантемир Ташболотов b****t@b*.ru
9 Эламан Карыбеков a****************6@m***.ru
10 Абай Кашкаров a**********r@b*.ru, +**********52
11 Aiperi Arslanova  +**********74
12 Саламат Баласагинов a********e@m***.ru
13 Урмат Орозбаев u*************v@h*******.com
14 Аза Жоомартова  +**********44
15 Санжар Сарыбагыш  +**********42
16 Махмуд Абдулмумин m*******y@m***.ru, +*********14
17 Alina Amina a********a@i****.ru, +77782******
18 Aidar Aliev a*********r@l***.ru
19 Нурбек Жордонов z*******v@m***.ru, +996555******
20 Максат Каракозу s******c@m***.ru
21 Усман Нурдинов u********a@m***.ru, +*********62
22 Эсен Аманов h****@m***.ru, +**********71
23 Нурдин Акматалиев n********5@m***.ru
24 Чубак Жалилов c***********v@gmail.com, a*************g@gmail.com, +**********92
25 Ансор Ансор s******z@g**.us, m*******1@i.ua, +**********12

Мазмуну.

“Кадам” баракчасында 7-декабрдан 27-декабрга чейин (20 күн) кытайлыктарга каршы мазмундагы 28 материал жарыяланган. Негизинен фейк маалыматтары жайгаштырылат.

Бүтүм: Facebook.com социалдык тармагында фейк аккаунттардын тобу Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын аң-сезимине таасир кылуу максатында үч жыл мурда бир нече троллдорду жараткан.  Акыркы убакта басым кытайлыктарга каршы материалдарга жасалып, бул максатта чындыкка коошпогон фейктер жайылтылып жатат.