Мадумаров Сахалинде жеңди деген маалымат — фейк

Социалдык тармактарда Сахалиндеги №9013 шайлоо участогунун жыйынтыгын чагылдырган эки башка сүрөт тарады.

Factcheck.kg автоматташтырылган система чыгарган эки чекти тешкерип көрүп, Адахан Мадумаров жеңишке ээ болду деген маалымат камтылган чек фотомонтаж экенин аныктады. Сүрөттү чоңойтуп карай турган болсок, 100 саны башка сандардан обочолонуп калганы байкалат.

Оң жактагы чек — нукура, ал эми сол жактагысы – фотомонтаж

Ал эми БШК мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров журналисттерге Сахалинде Садыр Жапаров 345 добушка ээ болгонун билдирген.

Жыйынтык: Мадумаровдун Сахалинде жеңишке ээ болгону тууралуу маалыматты чагылдырган чек — фотомонтаж.