Фактчек: Кытай таажычан вирустун улам жаңы штаммдарынын “ордосу” болуп калабы?

Кытай таажычан вирустун улам жаңы штаммдарынын “ордосу” болуп калышы мүмкүн. Ушундай аталыштагы жаңылык Интернетте таркатылып жатат. Анын булагы катары «Газета.Ru» басылмасы аталууда.

COVID-19га нөл сабырдуулук саясатын жумшарткан Кытай эл республикасы вирустун улам жаңы штаммдарынын “ордосу” болуп калышы мүмкүн имиш. Ушуга окшош көрүнүш сасык тумоонун вирусунда байкалат. Жыл сайын анын эпидемиясы, адатынча, Кытайдан башталат. Бул тууралуу «Газета.Ru» басылмасына Москва физико-техникалык институтунун Геномдук инженерия лабораториясынын жетекчиси, вирусолог Павел Волчков билдирген.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерди.

Чынында эле, Павел Волчков менен интервью «Газете.Ru» басылмасында 2022-жылдын 20-декабрында жарыяланган.

“Азыр Кытай нөл сабырдуулук саясатынан кайтып, эпидемияга каршы чараларын жумшартууда. Бул мамлекет көзөмөл алдында ооруп чыгуу стратегиясын тандаганын көрсөтөт. Орусияда да дал ушундай эле болгон, бирок биз оорунун туу чокусунан мурдараак өтүп, популяциялык иммунитетке ээ боло алдык. Кытайда популяциялык иммунитетке ээ болуу процесси бир-эки жылга созулушу мүмкүн. Ошондуктан зор кытай популяциясынын ичинде таажычан вирустун жаңы түрү пайда болушу толук ыктымал”, – деп белгилейт Волчков.

Бирок адис өзүнүн божомолунан башка кайсы бир далилдерди же изилдөөлөргө шилтмелерди келтирген эмес. Интернеттен да издеп Волчковдун айткандарын тастыктаган маалыматтарды таба албадык.

Белгилей кетсек, 17-декабрда Кытайдын башкы эпидемиологу Ву Цзунью жакынкы үч айда өлкө COVID-19дун үч толкунун башынан кечирерин, биринчи толкуну башталганын билдирген. Оорунун күч алышы Кытай Жаңы жылы белгиленип жаткан убакытка туура келет. Бул жолу Кытай Жаңы жылы 21-январдан 27-январга чейин белгиленмекчи. Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу адамдардын чоң ички миграциясы башталат – миллиондогон адамдар туугандарын куттукташ үчүн жолго чыгышат.

Тыянак: далилденген эмес. Орусиялык адис өзүнүн божомолу менен гана бөлүшкөн, анда эч бир далил жок жана да тийиштүү изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес.