Фейк. Кытайдын коркунучтуу жардыргычтары

Factcheck WhatsApp аркылуу активдүү түрдө таратылып жаткан Кытайдын өмүргө коркунуч туудурган жардыргычтары тууралуу видеону текшерүүгө алып, анын фейк экенин аныктады.

Factcheck WhatsApp аркылуу активдүү түрдө таратылып жаткан Кытайдын өмүргө коркунуч туудурган жардыргычтары тууралуу  видеону текшерүүгө алып, анын фейк экенин аныктады.

Видеодогу жазуу: “Кытайдын төмөн жакка атылчу салюттары сатылып жатат. Видеороликте көрүнүп турат. Бул роликти ата-энелерге тараткыла. Этият болгула, абайлагыла” .

  1. Бул видео WhatsApp жана башка соцтармактар аркылуу Кыргызстанда гана эмес, Россия жана Казакстанда дагы таратылууда.
  2. Жакшылап байкаган адамга видеодо салют төмөн атылбагандыгы көрүнүп турат. Биринчи салют жогору атылды, ал эми экинчи жолкусунда пиротехника өзү жарылып кетти.  Бул жерде салютту даярдоодо өндүрүш эрежелери бузулган же жөн гана коопсуздук нормалары аткарылбаган болушу ыктымал.
  3. Бир дагы булагында бул жардыргыч зат Кытайда жасалган деген маалымат жок.
  4. Бул видеонун Кыргызстан, Казакстан же Россияга тийешеси жок.  Массалык маалымат каражаттары РЕН ТВга (2018-жылдын 7-июлундагы материал) шилтеме жасап жатышат жана бул окуя Мексикада болгондугун көрсөтүшкөн. Чындап эле бул видеону алгачкы жолу мексикалык сайт жарыялаган  (2018-жылдын 5-июлунда АКШ Техас штатында болгон инцидент).

“Мексикалык sinembargo.mx сайты жазып көрсөткөндөй, “Жигит АКШ көз карандысыз майрамын белгилеп жатып, ракетаны күйгүзүп аттырганда сол колунун бир бөлүгүн жулдуруп алган” .

Өкүм: Кытайдын төмөн жакты көздөй атылган салюттары тууралуу видео –  фейк.