Француздар Зеленскийди өмүр бою камакка алууну талап кылышууда. Текшеребиз

Орусиянын  “РИА Новости” сайтында  “Франциядагы Le Figaro гезитинин окурмандары Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Донбасстын жашоочуларына каршы кылмышы үчүн жазага тартууну талап кылып жатышат”, деген маалымат жарыяланды.

Мында президентти кылмышка тартуу талаптары Киевге америкалык реактивдүү от чыгаруу тутумдарын жеткирүүгө арналган макаланын алдында жазылган комментарийлерде болгон деп билдиришүүдө. Анткени менен макалада мындай комментарийлердин скриншоту келтирилген эмес.

“Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү бул конфликтте Батыш күнөөлүү деп, баса белгилеп жатат”, – деп “РИА Новости” басылмасы жазып чыкты.

“Зеленскийге карата 2 гана вариант бар: аны өмүр бою камакка алуу же физикалык түрдө аягына чейин четтетүү керек. Муну мен эмес, конфликт тууралуу сүйлөшкөндө украиналыктар менен орустардын баары (100 пайыз) айтып жатышат. Мен аларга ишенем” – деген интернет колдонуучунун комментарийин да жарыялашкан.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү:

Le Figaro – бул Франциядагы эски гезиттердин бири. Ал 1826-жылдан бери иштеп келет. Алгач макалалар сатира мүнөзүндө жарыяланчу.  Ал эми азыр саясий  – либералдуу-консервативдүү – багытта иш алып барууда.

“РИА Новости” шилтеме келтирген материал ушул жылдын  1- июнунда  жарык көргөн. Мында Американын жаңы реактивдүү от тутумдары Украинадагы абалды өзгөртө алабы, ошол туурасында сөз болгон.

Материалдын алдында 76 комментарий калтырылган. Биз аларды текшерип чыктык. Бирок алардын бирөөсүндө да Украинанын президенти Владимир Зеленский тууралуу жазылган эмес. Ошондой эле арасында Донбасстын жашоочуларына каршы кылмышы үчүн жазага тартуу тууралуу да сөз жок.

Белгилей кетсек Le Figaro маалымат агенттигинин уставында модераторлордун командасы маалыматты тез арада текшере албаса же ишенимдүү булак табылбаса окурмандарды адаштырбоо үчүн комментарийди өчүрөт, деп жазылган.

Мындан тышкары материалдардын алдына дискриминация, жек көрүү же зомбулукка чакырык жасаган, порнография, сексист, гомофобия жана ревизиондук мүнөздөгү коомдук тартипке каршы келүүчү комментарийлерди жазууга тыюу салынат деп жазылып турат.

Франциянын Украинадагы согушка карата позициясы

Украинада согуш башталганда эле, 24-февралда президент Эммануэль Макрон Twitter баракчасында “Франция Украина менен тилектеш” деп жазып чыккан.

Ал Украина элин башка союздаштары менен биргеликте колдоорун жана согуш аякташы үчүн бардык аракетин көрөөрүн  билдирген.

“28 февралда жарыяланган  YouGov сурамжылоосунун жыйынтыгында 83 пайыз эл согушта Украина элине колдоо көрсөтөөрүн жана Орусияга каршы”, – деп белгиледи.

2022-жылдын апрель айында Франция Украинага танк аракеттерине каршы Milan ракеталык комплекстерин, каска, брондолгон жилет жана медициналык шаймандарды өткөрүп берди.

Жыйынтык: жалган.  Le Figaro жасаган материалдын алдында Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Донбасс жашоочуларына каршы кылмышы үчүн жазага тартуу талабы жазылган комментарийлер болгон эмес.