ДЭР башпрокуратурасынын калпы: Мариуполь драма театры ичинен жардырылган жана 14 адам каза болду

Орусиянын ЖМКларында ДЭР (Донбасс эл республикасы) башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Алексей Куцурубенко 2022-жылдын 16- мартында Мариуполь драма театрында жардыруу боюнча тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу “РИА-Новости” маалымат агенттигине берген  маалыматы жайылтылууда.

Куцурубенконун айтымында жардыруунун кесепетинен шаар бийлиги билдиргендей 300 эмес, болгону 14 адам каза болгон.   Ошондой эле ДЭРдин тергөөчүлөрү төмөндөгүдөй тыянак чыгарышкан:  Драма театры ичинен  кабы жок жардыруучу зат” менен жардырылган. Анткени урандылардын арасынан “бир дагы талкалоочу элемент, мисалы аба бомбасынын жана башка ок-дарылардын бөлүктөрү же калдыктары табылган жок”.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерип көрдү:

«300 эмес, 14 адам каза болгон»

Куцурубенко биринчи сөзүндө каза болгондор тууралуу билдирди.

Анын айтымында жардыруунун кесепетинен 300 адам каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. «Драма театрынын урандыларынын астында 14 адамдын дене калдыктары бар болуп чыкты. Башка табылган жок”, – дейт башпрокуратуранын өкүлү.  

“РИА-Новости” талкаланган драма театрды асмандан дрон аркылуу тартылган видео менен чагылдырган.  Бирок бул видео урандылар тазалангандан кийин тартылган. Ошондуктан катастрофаны жалпы сүрөттөп бере албайт. Эгерде трагедия болгондон кийинки биринчи мүнөттөрдө тартылган фото жана видеолор менен салыштыра турган болсок Куцурубенконун адам жоготуулары тууралуу берген маалыматына ишеним азаят.

Тергөөнүн жыйынтыгын тастыктоочу далилдер жок. Ал эми ошол жардырууда күбөлөрдүн билдирүүлөрү, видео жана журналисттердин иликтөөлөрүнө таянсак ал жакта маалыматтар башка жана керектүү далилдери жетиштүү.

Орусиялык аскерлердин Мариуполдун борборун басып алып драма театрдагы жардыруудан 2 жума өткөндөн кийин гана апрелдин биринчи күндөрүндө  “14 дене калдыктары” тууралуу маалыматы бир топ күмөн саноолорду жаратат. Же ДЭР башкы прокуратурасы украиналыктар мекендештерин уранды астында таштап коет деп ойлошконбу? Жер төлөдө баш калкалап аман калгандарды, талкаланган имараттын астынан каза болгондордун айрымдарын чыгарып кеткени урандылардын ордунан жылдырылып же тазаланып калганынан билинип турат. Балким ДЭРдин тергөөчүлөр тобу украиналыктар имарат басып калып чыгара албай калып калган дене калдыктары тууралуу сөз кылып жатышкандыр.

Жардыруу болгондон кийин имараттын ичинен тартылган видеодо театр ичинде көп адамдар жүргөнүн көрүүгө болот.

18-мартта Жогорку Раданын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Людмила Денисова билдиргендей,  «130 адамды чыгарып кетүүгө мүмкүн болду, бирок маалыматтар боюнча бомбадан сактоочу жер төлөдө дагы 1300дөн ашык адам калган”.   

Associated Press агенттиги 4майда жарыялаган  иликтөөсүндө кол салуунун масштабы ири болгонун жана драма театрдын ичи-сыртында каза болгондордун саны болжол менен 600 адам экенин жазып чыкты. Бул көрсөткүч Мариуполь бийлигинин расмий маалыматындагы көрсөткүчтөрдөн 2 эсе жогору.

Мариуполь шаар кеңешинин маалыматына ылайык  жардыруунун кесепетинен 300дөй адам каза болгон. Шаар мэринин кеңешчиси Петр Андрющенко  билдиргендей,  театрда кол салуу учурунда 600дөй адам бар болчу. Дагы 300 адам театрдын астындагы жер төлөдө жаткан.

Associated Press ошол каргашалуу күнү тирүү калган 23 күбөнүн жана куткаруучулардын айтып бергендеринин негизинде жасаган иликтөөсүндө атайын методологиянын негизинде эксперттердин айтуусу менен жардырууга чейин жана кийинки учурда тартылган видео, сүрөттөрдүн жардамы менен театрдын кабаттарынын пландарынын 2 жыйындысын колдонгон.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму театрга тамак-аш, суу жана дары-дармектерди ташыган адамдардын сөзүнө таянып каза болгондордун саны 500-700 адам болушу мүмкүн дешүүдө.

Белгилей кетсек, Associated Press жана Human Rights Watch уюмдары өз изилдөөлөрүндө театрда жана анын сыртында адамдар кирип-чыгуу абалда, мындан тышкары күбөлөр шок жана жарадар болгону үчүн адам өлүмдөрүнүн так санын аныктоо мүмкүн болбой жатканын билдиришкен.

Башка эл аралык укук коргоо уюму  — Amnesty International — маалымдагандай каза болгондордун саны мындан аз да болушу мүмкүн, анткени акыркы күндөрү гуманитардык коридор ачык болуп буга чейин театрда баш калкалап келген адамдар шаардан чыгып кетиши да толук ыктымал. Ошентсе да бул уюм дагы драма театрга карата абадан кол салууну аскердик кылмыш деп эсептейт.

Жыйынтык: жалган. ДЭР башпрокуратурасынын өкүлү каза болгондордун санын эч кандай далилдерди көрсөтпөстөн азайтып берүүдө.

«Драма театры ичинен жардырылган, Орусия абадан кол салды деген маалымат фейк»

Белгилей кетсек, “бир дагы талкалоочу элемент, мисалы аба бомбасынын жана башка ок-дарылардын бөлүктөрү же калдыктары табылган жок” деп тергөө келтирген жыйынтыктар  Орусиянын коргоо министрлигинин билдирүүсү менен дал келүүдө. Алардын маалыматында Орусия авиациясынын кол салууга тийешеси жок жана Мариуполдо драма театрды “Азов” улутчулдары ичинен жардырышкан.

Бул маалымат чынбы?

Эл аралык көз карандысыз эксперттик комиссиянын бүтүмү чыкмайын ДЭР башпрокуратурасынын өкүлү, Орусиянын коргоо министрлиги тараткан маалыматтардын объективдүүлүгүнө ишенүүгө болбойт. Бирок учурда театрдын урандылары тазаланып, ал эми шаар орусиялык баскынчылардын карамагында экендигин эске алганда мындай комиссиянын ишин элестетүү кыйын.

Орусиянын аба күчтөрү бул жардырууга тийешеси жок деп айткан сөздөрүн Мариуполдо 2022-жылдын март айынын башында тартылган видеолор жана күбөлөрдүн билдирүүлөрү четке кагууда.

Мисалы, аба бомбасынын бир калдыгы 9-мартта Мариуполдогу төрөт үйүнө (№3 шаар ооруканасы) кол салуу учурунда видеого тартылган.

Бегилей кетсек, орусиялык тарап 7 күн өткөн соң драма театрды бомбалагандан кийин дагы ошол позициясын кайталады. БУУдагы РФ өкүлү Василий Небензя, андан кийин РФ тышкы иштер министри  Сергей Лавров оорукананы орусиялык аскерлер аткылаганы тууралуу маалыматты четке кагышкан жок, бирок оорукананын имараты украиналык “Азов” полкунун таяныч пункту болгонун айтышкан.  Алардын сөзү боюнча төрөт үйдүн медкызматкерлери жана төрөгөнгө келген аялдар имараттан чыгарылып кеткен имиш.  Бирок кийинчерээк жарадар болгон ак халатчандардын жана аялдардын видеолору чыгып кеткенде Кремлдин позициясы өзгөрүп,   Орусиянын коргоо министрлиги эч кандай абадан кол салуу болгон жок, “бул маалыматтар Киев тараптан провокация” деген маалымат тарады.

10-мартта жарыяланган видеого шаар борборунда табылган бомбанын бир тетиги (воронкасы) тартылып алынган.  Видеодо үн “Шаардын борбору, жакын жерде драма театры” деп айтканын угууга болот.

Мариуполдо тартылган дагы бир видео YouTube ресурсунда 16-мартта жарыяланган. Мында да Металлургов проспектисинде жаткан бомбанын калдыктарын  көрүүгө болот.

Ушул эле күнү дагы бир бомба Мариуполдогу “Нептун” бассейнине ташталган. Күбөлөрдүн айтымында имаратта боюнда бар жана 3 жашка чейинки балдары менен аялдар баш калкалап жаткан болчу.

28-апрелде болгон жардыруудан кийин тартылган видеодо драма театрдын түтүн каптаган урандылары чагылдырылган. Ошондой эле видеодон театрдан алыс эмес жактарда да жардыруулар болуп жатканы угулат. 3-мүнөтүндө адамдардын бирөөсү “Самолет” деп так айтканын да угууга болот.

Maxar спутнигинин сүрөттөрүнөн байкалгандай драма театр гана эмес жакын жайгашкан үйлөр да талкаланган. Бул күбөлөрдүн бир гана театр эмес анын айланасындагы аймактар да аткыланганы тууралуу айткандарын тастыктап турат.

Amnesty International уюмунун көз карандысыз эксперттери күбөлөргө таянып жана жардыруунун аймагын изилдеп көргөндөн кийин төмөндөгүдөй тыянак чыгарышкан:  “театрга 2 аба бомбасы ташталып алар бир убакта жарылгандыгы тууралуу версия чындыкка жакын”.  Окуя кандай болгонун, мисалы,  бул видеодон көрүүгө болот.

Maxar спутнигинен 29-мартта алынган сүрөттөр боюнча Мариуполдун турак-жай квартарындагы катуу талкалоолорду байкоого болот.  Бул убакта орусиялык аскерлер төрт жума бою шаарга кол салып ракета менен аткылап бомбалап жаткан.

Жыйынтык: жалган. ДЭР башпрокуратурасынын билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Мариуполь жашоочулары тарткан видеолор, спутниктен алынган сүрөттөр, күбөлөрдүн билдирүүлөрү 2022-жылдын март айында шаар системалуу турдө абадан кол салууларга кабылганы далилдер менен тастыктады.