Маанилүү сандар: Кыргызстан Апрель революциясынан берки 13 жыл аралыгында кандай өзгөрдү

Сүрөт: КР Президентинин басма сөз кызматы / Султан Досалиев

7-апрелде 2010-жылдагы окуяларга 13 жыл толду. Анда элдик толкундоонун жыйынтыгында ал кездеги Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев үй-бүлөсү жана жакындары менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.  

Өлкөнүн башкы аянтында 87 адам каза болуп, 400 адам жарадар болгон ошол күндөн тартып 7-апрель расмий түрдө элдик Апрель революциясынын күнү деп белгилене баштады.  

Президент Садыр Жапаров бул күнгө карата элге кайрылуу кылды. Анын айтымында, тарыхтагы бул окуялардан алынуучу эң башкы сабак – адилет башкаруу менен элдин бакубат турмушун камсыз кылуу. Бир жыл мурдагы сөзүндө ал окуянын натыйжасы мамлекеттин өнүгүүсүнө ишенимдүү кадам таштоо менен демократия принциптерин ишке ашыруу болгонун белгилеген.

Factcheck.kg редакциясынын журналисттери ошол окуядан берки өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү мүнөздөгөн маанилүү сандарды чогултушту. Ошондой эле айрым көрсөткүчтөрдү жакынкы кошуналарыбыз – Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен салыштырды. 

Белгилей кетүүчү жагдай: 2010-жылга тийиштүү изилдөөлөрдүн бардыгы азыр жеткиликтүү болбогондуктан, же изилдөө эки жылда бир жолу өткөрүлүп бул жылы өткөрүлбөгөндүктөн бул жылга максималдуу жакын рейтингдер колдонулду.

Президенттер

Өткөн 13 жылы аралыгында өлкөдө төрт президент орун алмашты, анын ичинде бир жолу 2020-жылдын октябрында күч колдонуп бийлик алмашуунун жыйынтыгында. Алар: Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров.

13 жыл аралыгындагы Кыргызстандын төрт президенти

Кыргызстандын ИДПсы

Ички дүң продукциясы (ИДП) – жалпысынан өлкөдөгү абалды мүнөздөгөн эң маанилүү экономикалык көрсөткүчтөрдүн бири. ИДП – бул өлкөдөгү экономиканын бардык тармактарында өндүрүлгөн бардык товарлардын жана кызматтардын рыноктук баасы. 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 212 млрд сомду түзгөн, ал эми 2022-жылы – 919 млрд сом.

Алтын куймалар, КРдин Улуттук банкы

Жан башына ИДП

Жан башына ИДПнын деңгээли боюнча Дүйнөлүк банк түзгөн эң акыркы глобалдык рейтинг 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыяланган, анда $8 543 көрсөткүч менен Кыргызстан 153-орунду ээлеген. Борбор азиялык өлкөлөрдүн арасында республикабыз акыркы орунда турат, бирок да Тажикстан $8 746 көрсөткүчү менен бизден бир орун гана жогору жайгашкан (152-орун). Казакстан менен Өзбекстан бизден кыйла алдыда, 55- жана 76-орундарда ($190 814 жана $69 238).

Дүйнөлүк банктын ИДПнин деңгээли боюнча эң биринчи отчету 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча даярдалган. Бирок андагы таблицада бардык өлкөлөр келтирилген эмес, бир гана Кыргызстан менен Тажикстан жан башына ИДПнын көрсөткүчү 1000 доллардан аз болгон 28 өлкөнүн катарына киргизилген.

Бишкектеги базар, Sputnik/Табылды Кадырбеков

Адамдын өнүгүү индекси 

Адамдын өнүгүү индекси (АӨИ) – бул өлкөдөгү адамдын өнүгүү деңгээлинин жыйындысы болуп саналат, ошондуктан ал кээде “жашоонун сапаты” же “жашоонун деңгээли” деген түшүнүктөрдүн синоними катары колдонулат. 

“Адамдын өнүгүүсү – адам баалуу деп эсептеген башка максаттарга умтулуусу, планетадагы өнүгүүнүн тең укуктуулугун жана туруктуулугун камсыз кылууга активдүү катышуусу үчүн анын узак, дени сак жана жаратман өмүр сүрүү эркиндигин кеңейтүү процесси”, – деген АӨИге мүнөздөмө Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасында (БУУӨП) берилет. 

13 жыл аралыгында өлкөнүн рейтингдеги орду төмөндөгөнү менен – 2010-жылы 109-орун, ал эми 2022-жылы 118-орун – көрсөткүчтүн өзү 0.598ден 0.692ге чейин өскөн. Акыркы изилдөөдө 191 өлкө камтылган, б.а. Кыргызстан рейтингдин ортосунда жайгашат. 

Бишкектеги митинг, VB.kg

Гендердик теңсиздиктин деңгээли (ГТИ)

Бул рейтинг тигил же бул өлкөдөгү ар кайсы тармактардагы аялдар менен эркектердин ортосундагы ажырымдын деңгээлин көрсөтөт. Индекс аялзаттын жашоосундагы үч маанилүү аспектини эске алат – репродуктивдүү ден соолугун, укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүсүн, эмгек рыногуна катышуусун.

Бул көрсөткүч боюнча 2010-жылы өлкөбүздүн рейтинги 0.378 болгон (эски отчетто өлкөлөрдүн ээлеген орундары көрсөтүлгөн эмес). Бирок 2022-жылы рейтингибиз 0.370 балл болгонун (170 өлкөнүн ичинде 87-орун) эске алсак, бир жагынан, рейтингибиз анчалык деле көп жакшырган эмес, башка жагынан – Кыргызстан рейтингдин ортосунда турат десек болот. Ошол эле кезде Кыргызстан Өзбекстандан (56-орун), Тажикстандан (68-орун), ал эмес Түркмөнстандан (43-орун) кыйла артта. ГТИнин эң жогорку көрсөткүчү – 0 (аял менен эркектердин ортосунда толук теңчилик), эң төмөнкү көрсөткүчү – 1 (толук теңсиздик).

Милиция кызматкерлери 2020-жылдын 8-мартындагы аялдардын укуктары үчүн тынчтык жүрүшкө катышкандарды кармашкан, «Азаттык радиосу»/Гүлжан Турдубаева

Билим деңгээлинин индекси

Индекс чоңдор үчүн орточо окуу жылдары менен 25 жашка чейинки окуучулар үчүн күтүлгөн окуу жылдарын бириктирүү жолу менен өлчөнөт.

2010-жылы окуунун орточо узактыгы 11.03 жыл болгон, ал эми 2022-жылы ал араң эле 11.4 жылга жеткен (191 өлкөнүн ичинен 76-орун). Салыштыруу иретинде, биринчи орунда 12.7 жыл көрсөткүчү менен Австралия турат.

Авариялык абалдагы мектеп, Кыргызстан. Өкмөттүн басма сөз кызматы/Сабыр Аильчиев

Мыйзам үстөмдүгүнүн идекси

Бул индекс сегиз көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт: бийлик институттарынын ыйгарым укуктарын чектөө, жемкорлуктун жоктугу, тартип жана коопсуздук, негизги укуктарды коргоо, бийлик институттарынын ачыктыгы, мыйзамдарды сактоо, граждандык сот адилеттиги, кылмыш-жаза сот адилеттиги.   

Индекс биринчи жолу колдонулган 2012-жылы Кыргызстан 97 өлкөнүн ичинен 83-орунду ээлеп, Өзбекстандан эки баскыч жогору турган. 2022-жылы республикабыз 140 өлкөнүн ичинен 100-орунду ээлеген, ал эми Өзбекстан – 78-орунду.

Кыргызстандын Конституциясы, КР Конституциялык соту

Жемкорлукту кабылдоо деңгээли

Transparency International уюму түзгөн бул рейтингде 2011-жылы Кыргызстан 164-орунда болчу, ал эми 2021-жылы 20 тепкичке жогору көтөрүлүп 144-орунду ээлеген.

Бул мамлекеттик сектордогу жемкорлуктун жайылышы боюнча глобалдык изилдөө.

Бишкектеги митинг

Саясий жана жарандык эркиндиктердин деңгээли

2009-2010-жылдары Кыргызстан Орусия, Азербайжан, Белорусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан сыяктуу дагы 47 өлкө менен бирге эркин эмес өлкөлөрдүн катарында болчу. 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча (рейтинг 2012-жылы январда жарыяланган), Кыргызстан “жарым-жартылай эркин” өлкөлөрдүн катарына кошулган. 2012-жылы ал бул статусун сактай алган.  

2016-жылга чейинки рейтинг белгисиз, бирок 2017-жылы республикабыздын глобалдуу эркиндик индекси 100дөн 37ни түзгөн (13/40 – саясий укуктар, 24/60 – жарандык укуктар), бул “жарым-жартылай эркин” өлкөлөргө туура келет. Интернет эркиндигинин индекси да – 53/100, “жарым-жартылай эркин” өлкөлөрдүкүндөй. 2017-жылдан тартып 2022-жылга чейин бул маалыматтарды ачык булактардын табуу мүмкүн болбоду.

Тилекке каршы, 2023-жылдын мартына карата Кыргызстан “эркин эмес өлкө” деп эсептелет жана 210-өлкөнүн арасында 159-орунда турат. Глобалдуу эркиндик индекси 100 баллдан 27ни түздү (4/40 – саясий укуктар, 23/60 – жарандык укуктар). Интернет эркиндигинин индекси мурдагы денгээлде калды – 53/100 (“жарым-жартылай эркин”).

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованы милиция одоно түрдө күч колдонуп кармап жатат

Демократиянын деңгээли

“Дүйнө өлкөлөрүнүн демократия индекси” мамлекеттин ичиндеги демократиянын деңгээлин өлчөйт жана эксперттик баа берүүнүн методологиясына жана тиешелүү өлкөлөрдө коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыгына негизделет. Талдоочулар өлкөлөрдү бийликтин төрт түрү боюнча бөлүштүрүшөт: толук демократия, кемчилиги бар демократия, гибриддик режим жана авторитардык режим.

2010-жылы Кыргызстан “гибриддик режим” катары 106-орунда болчу (10дон 4.31 балл). 2021-жылы өлкөбүз азыраак балл алып (3.62), 115-орунду ээлеген. Бул Кыргызстандын эң төмөнкү көрсөткүчү болуп эсептелет.

2020-жылы октябрдагы бийлик алмашуу учурундагы Бишкектеги митингдер, РИА Новости/Алексей Майшев

Басма сөз эркиндигинин индекси 

Бул жыл сайын дүйнө өлкөлөрүндөгү басма сөз эркинигинин деңгээлин аныктоо боюнча изилдөө. Аны эл аралык “Чек арасыз рептортерлор” бейөкмөт уюму (Reporters Without Borders) уюштуруп келет. 

Индекс журналисттердин жана маалымат уюмдарынын, анын ичинде басма сөз, телерадио жана онлайн ЖМКлардын тигил же бул өлкөдө ээ болгон эркиндик даражасын, ошондой эле бийликтин бул эркиндикти урматтоого жана сактоого болгон аракетин баалайт.

2010-жылы Кыргызстан 178 өлкөнүн арасында 159-орунда болчу, бирок ошондой болсо да Казакстандан жана Өзбекстандан (162- жана 163-орундар) жогору турат эле. Ошол эле кезде Тажикстан кыйла алдыда болчу – (115-орун). 

2015-жылы өлкөбүз рейтингде олуттуу түрдө жогору көтөрүлгөн – 88-орунга чейин. Ошол эле кезде Тажикстандын абалы өзгөргөн эмес (116-орун), ал эми Казакстан менен Өзбекстан кыйла артта калышкан (160- жана 166-орундар). 

2022-жылы Кыргызстан абалын дагы бир аз жакшырта алды – 72-орун. Казакстан менен Өзбекстандагы абал жакшырганы менен, алар али да 100 өлкөнүн катарына кирише элек (122- жана 133-орундар). Тажикстандагы абал бир аз начарлаган – 152-орун.

Сөз эркиндигин бузган мыйзам долбооруна каршы #REакция 3.0 тынчтык акциясы, сүрөттө мыйзам долбоорунун демилгечиси Гүлшат Асылбаева

Аялдар парламентте

Аялдардын парламенттеги абалы, тескерисинче, начарлады. 2010-жылы парламентте аялдардын үлүшү эң көп болгон – 117 депутаттын 28и аял болгон, же алардын пайыздык үлүшү 23.9%ды түзгөн. 

Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, парламентте аялдар үчүн 30%дык квота каралганы менен ал жалпысынан 54 депутатты шайлоого мүмкүн болгон партиялык тизмелерге гана тийиштүү. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын бир мандаттуу округдардан шайланган 36 депутатынын бирөөсү гана аял.

2021-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча, 90 депутаттын 19у же 21.1%ы аял.

Жогорку Кенештин депутат айымдары 

Адам эркиндигинин индекси

Рейтингди Катон Институту (АКШ) канадалык Фрейзер Институту менен биргеликте түзгөн. Адам эркиндигинин индекси эки маанилүү көрсөткүчтөрдү камтыйт – жеке жана экономий эркиндиктерди.

2010-жыл боюнча маалыматтар жок. 2023-жылдагы рейтинги боюнча Кыргызстан Гаити менен Малайзиянын ортосунда 81-орунда турат (рейтингде бардыгы болуп 165 өлкө). 

Индекс тигил же бул өлкөдөгү адамдар бийлик тарабынан канчалык деңгээлде чектелгенин же мажбурланганын, ошондой эле жарандардын жеке жана коомдук жашоосуна өкмөттүн кийлигишүү деңгээлин көрсөтөт. Рейтингдеги эң жогорку көрсөткүч – 10 (адам өлкөдө толук эркин), эң төмөнкү көрсөткүч – 0 (эркиндиктин толук жоктугу).

Митингге чыккандар Өзбекстан менен чек аранын демаркациясы боюнча талаштуу чечимге каршы чыккан активисттерди бошотууну талап кылышууда, “Азаттык радиосу”

Бакыт индекси

Кыргызстан бул рейтингде башка көрсөткүчтөргө караганда эң сонун жетишкендиктерге жете алган. Анткени ал өткөн жылдары 61-орундан 25-орунга көтөрүлө алган. Өзбекстан бизден бир орун алдыда келе жатат, ал эми Тажикстан 17-орунда. Казакстан тээ артта – 118-орун.

Бишкектеги футболу оюнунун күйөрмандары

Изилдөөнүн максаты – өлкөлөр өз жарандарына бактылуу жашоону камсыз кылуу үчүн экономий өсүштү жана жаратылыш ресурстарын канчалык салыштырмалуу деңгээлде натыйжалуу колдонуп жатканын көрсөтүү. Рейтингди түзүүчүлөр белгилегендей, өндүрүшкө жана аны менен кошо экономий өнүгүүгө басым кылган өлкөлөрдө адамдар, адатынча, бактылуураак болушпайт, анткени бул өлкөлөрдүн жетекчилери карманган экономикалык теориялардын жөнөкөй адамдардын жеке жашоосуна эч кандай тиешеси жок. Индекс ар бир өлкөнүн тургундарынын жашоосу менен канагаттануусун жана алар керектеген жаратылыш ресурстарынын көлөмүнө карата алардын орточо жашоо узактыгын өлчөйт. Индексти түзүүдө экономий көрсөткүчтөр эске алынбайт.